BEELINE МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН МОБИЛДИК САБАТТУУЛУККА ҮЙРӨТӨТ

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун лидери Beeline «Мобилдик сабаттуулук» аттуу масштабдуу долбоорун ишке киргизүүдө.

«Мобилдик сабаттуулук» социалдык долбоору «Вымпелком Лтд.» компаниялар тобунун деӊгээлинде 2008-жылы эле ишке кирген, ал топко Beeline-Кыргызстан дагы кирет. Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы Beeline аны ишке ашырууну кайрадан баштайт. Долбоордун максаты – калктын мобилдик сабаттуулугунун деӊгээлин көтөрүү.
Долбоор бир нече багытта ишке ашат: мектеп окуучуларын мобилдик сабаттуулук негиздерине үйрөтүү, мыкты эссе сынагы, ошондой эле ММКларда тематикалык рубрика баштоо. Бул аптада Beeline кызматкерлери 5-11-класстардын окуучуларына мобилдик сабаттуулук сабактарын өтө башташты. Уюлдук оператордун өкүлдөрү билдиргендей, долбоор өлкө ичиндеги 45 мектепте жыл аягына чейин иштейт. Сабактарда окуучулар уюлдук байланыштын өнүгүүсү, мобилдүүлүктүн артыкчылыктары, жакындар менен байланышуу жана баарлашууну жөнөкөйлөтүүчү пайдалуу продуктулар жана кызматтар жөнүндө билимдерди алышат. Адистер уюлдук тармактын түзүлүшү, сигнал кантип берилери жана абоненттер арасында байланыш кантип түзүлөрү жөнүндө айтып беришет. Сабактарда окуучулар телефонду кантип максималдуу пайдалуу колдонуу жана алдамчылардын курмандыгына кантип айланбоо боюнча практикалык кеӊештерди алышат.
Ошондой эле Beeline мектеп окуучуларына өз талантын ачыктоого мүмкүнчүлүк берет: мобилдик сабаттуулук темасындагы мыкты эссеге сынак жарыяланды. «Мобилдик сабаттуулар» наамына татыктуу болуу үчүн 5-11-класстардын окуучулары ат салышат. Үч мыкты ишке баалуу белектер – мобилдик девайстар тапшырылат. Жеӊүүчүлөрдү кесипкөй журналисттер, Билим берүү министрлигинин кызматкерлери жана Beeline өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу аныктайт. Сынак маалымдоо жана билим берүү, мобилдик алдамчылык учурларынын алдын алуу, колдонуучулар арасында мобилдик телефондорду пайдалануу маданиятын калыптандыруу максатында уюштурулган.
«Биз калктын мобилдик сабаттуулугун жогорулатуу жана мобилдик алдамчылык менен күрөшүүнүн маанисин моюнга алабыз. Ошондой эле баарлашууну жөнөкөйлөтүүчү мүмкүнчүлүктөр жана кызматтар жөнүндө маалымат аз жетишкенин байкадык. Бул долбоордун биздин абоненттерибиз үчүн актуалдуулугу жана практикалык маанисин эске алып, биз аны кайрадан жанданттык. Бул социалдык демилге өзгөчө кызыгуу туудуруп, телекоммуникациялардын артыкчылыктарын максималдуу пайдаланууга жардам берет деп ишенебиз»,- дейт Beeline’дын коомчулук менен байланыштар директору Татьяна Шахин-Байло.
Ошондой эле Beeline ММКларда «Мобилдик сабаттуулук» атайын рубрикасын ачат. Анда оператор уюлдук байланыштын иши, мобилдик алдамчылыктан коргонуу, ар кандай пайдалуу кызматтарды колдонуу жөнүндө маалымдап турмакчы.

Сабактарда окуучулар телефонду максималдуу пайдалуу колдонуу жана алдамчылардын курмандыгына айланбоо боюнча практикалык кеӊештерди алышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
crishti_7
2014-12-10 14:50:47
лучше 4g интернетти иштеткилечи? Супер'инфо, кайсы компаниянын(о!, билайн, мегаком) интернети эн быстрый? Кимисиндикинде 4g бар?
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан