Аким Карасаев: «ТАМАША ЖАЗУУДАН ЭРГҮҮ АЛАМ»

Кыргызстандын атынан биринчи жолу Орусиянын ТНТ каналындагы «Comedy Баттл» берүүсүнө мекендешибиз Аким Карасаев (Акимжан) катышууда.Учурда финалдык оюндарга катуу даярдык көрүп жүргөн Аким өзү тууралуу азыноолак кеп салып берди.

Толук аты-жөнү –
Аким Карасаев
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 13-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Балтика мамлекеттик техникалык университетинин студенти
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Cаламатсыӊбы? Сага Акимжан деп кайрылсам туура болобу же Аким деппи?
– Кандайсыздар? Өзүмдүн атым Аким. Ал эми Акимжан сахнада колдонгон атым.
– Аким, биз сени ТНТ каналындагы «Comedy Баттл» юмордук долбоорунан көрүп сыймыктанып жатабыз. Сендеги чыгармачылыкка болгон кызыгуу качан башталган?
– Баары 2006-жылдары башталган. Анда мен 8-класста окучумун. Ошол жылдары Кыргызстанда КВНдин мектеп лигасы ачылып калды. КВНчи жигиттер биздин мектептен жөндөмү бар балдарды чогултушкан. Мени КВНге кызыккандыктан дароо эле алышты. Бала кезден тартып Орусиянын КВНинин Жогорку лигасын калтырбай көрчүмүн. Оюнчулардын элди күлдүргөнүнө суктанып, «мен да ушулардай болсом» деп тиленчүмүн. Бул кыялды ишке ашырууга менде көп мүмкүнчүлүктөр болду.
2009-жылдары Бишкекте ар бир экинчи жигит «МС» атка конуп, рэп айткан аябай мода болуп кетпеди беле. Ошол жылдары мен да моданын агымы менен КВНди таштап, рэп жазып жүргөм. Бирок кийин кайра КВНге кайтып келдим, себеби тамаша жазуудан жана аны аткаруудан көбүрөөк эргүү алат экем.
– «Comedy Баттл» долбооруна кантип катышып калдыӊ?
– Аталган долбоорго биринчи жолу катышып жатам. Санкт-Петербургда окуп жүргөндө окуум менен бирге ал жактагы юмордук бир нече долбоорлорго барып жүргөм. Мени ошол жактан байкап калышып, 2014-жылдын февраль айында боло турган «Comedy Баттлдын» кастингине чакырышты. Аталган долбоор мен үчүн чоӊ мектеп болду. Украина, Беларусь, Орусиядан келген оюнчулар менен пикир алмашып, дос күтүп, тажрыйба топтодум. Катышуучулар арасында атаандаштык сахнада эле, ал эми жашоодо жакшы достордонбуз.
Долбоордун уюштуруучуларына чоӊ рахмат. Катышуучулардын бүт чыгымын көтөрүп, жол кире, жашаган жерибизден тарта төлөп беришти. Мен эртеӊ менен Питерден Москвага учуп барып, тартуу иштерине катышып, кайра эртеси эле учуп келчүмүн.
– Көпчүлүккө сенин сахнага кийип чыккан кийимиӊ кызык. Эмнеге кыргыздын калпак-чепкенин эмес, башка улуттун кийимин кийген деген суроолор жаралууда...
– Биздин сахнадагы максатыбыз – кайсы бир улуттун өзгөчөлүгүн эмес, Борбор Азиядагы улуттар аралык достукту көрсөтүү. Образда биздин чөлкөмдө жашаган бүт улуттардын өзгөчөлүгүн чогултуп берели дегенбиз. Мындайча айтканда, Борбор Азияда жашаган азияттардын образын жараттык. Анткени мындай образ Орусияда актуалдуу. Аталган образда чыгууну мага «Азия Микс» командасынын оюнчусу Ростислав Ященко сунуштаган. Өзүм учурда Бишкектеги «Трипл» командасында ойнойм.
– Улутуӊ кыргызбы? Жашоодо да орусчаны акцент менен сүйлөйсүӊбү же бул дагы образга киреби?
– Атам кыргыз, апамда казактардын каны бар. Өзүмдү толук кандуу кыргызмын деп эсептейм. Ал эми сахнада атайын акцент менен сүйлөйм, жашоодо андай эмес.
– Съёмка учурунан сырткары калыстык кылган юмористтер менен баарлаштыӊбы?
– Тартуу иштеринен сырткары Павел Воля, Сергей Светлаковдор менен сүйлөштүм. Ар бир оозунан чыккан сөздөрү күлкү менен коштолгон таланттуу юмористтер экен. Алар менен баарлашып, кеӊеш алганыма кубанам.
– Санкт-Петербургдун Бишкектен айырмасы эмнеде экен?
– Мени Петербург жакшы маанайда тосуп алды. Бул шаардагы эӊ чоӊ тапканым – бул орус коомчулугуна чыгып КВНчи катары таанылганым болду. Ал эми Бишкектен айырмасы жашоо ритминде болуш керек. Санкт-Петербург чоӊ шаар, жай баскан адамды көрбөйсүӊ, элдер дайыма шашып жүрүшөт.
– Ал жактагы жашоо-шартын тууралуу айтып берсеӊ?
– Өзүбүздүн окуу жайдын жатаканасында жашайм. Албетте, Бишкекке салыштырмалуу азык-түлүккө, жол киреге кеткен чыгымдар көбүрөөк болот, анткени көп нерсе кымбат. Күнүнө жатаканадан университетке чейин 100 рубль кетет. Окуума кеткен кем-карчымды жакындарым, кээде өзүм деле ар кайсы кечелерди алпарып таап алам. Өтө көп табам деп айта албайм, жан бакканга жетет.
– Окууӊду бүткөндөн кийин чыгармачылыгыӊды Кыргызстандан улантасыӊбы же Орусияданбы?
– Университетти бүткөндөндөн кийин чыгармачылыгымды Орусиядан улантам. Анткени күлкү жаратуучу үчүн чек болбош керек. Өсүп-өнүгүүнү каалаган адам дайыма изденүүнү, башка аудиторияны да сынап көрүүнү каалайт. Бирок Бишкекке келип турам, бул жер менин мекеним, үйүм, алыста жүргөндө сагынбай койбойсуӊ.
– Учурда эмне менен алексиӊ?
– Окуумдан сырткары «Comedy Баттлдын» тартуу иштерине катышам. «Stand Up-Петербург» юмордук долбоорунун резидентимин. Окуум менен жумушумду бирге алып кеткенге аракет кылам. Окууну бүтөрүмө аз эле калды, быйыл акыркы курста окуп жатам.

"Кичинемде элге жагымдуу маанай тартуулоо жакчу. Көрсө, андай да кесип бар экен. Ал – күлкү жаратуучу".

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Pantherka
2014-12-08 14:59:16
Аябай талантуу бала, ийгилик!
+2
noeli
2014-12-08 16:03:54
аай озубуздун эле кыргыз жигити турбайбы,бироолор уйгур кыргызстандык деп чыкты эле го.Мейли ким болсо да кыргызстандык деп аябай кутобуз бугун Акимжан чыгат деп.Ийгтлтк сага Акимжан.
+4
Kg.lady
2014-12-09 16:00:58
Тайларым казак де!
-2
jaklin.kg
2014-12-09 18:40:12
азаматсын.
+2
kaptagai
2014-12-11 09:31:43
Сен кыргыз да эмес казак да эмес ХХХ ХХХ чыктын го сахнага
-1
admin_media
2014-12-11 11:00:15
kaptagai,
Эскертүү! Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
0
Zapash
2014-12-11 11:28:53
Молодец, ийгилик сага.
+1
altynkenewov
2014-12-11 20:44:49
Э сен ошол Акимжанга жетип алчы баштап, нацист болбой
+1
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан