Кубат Кубанычбеков, «тамашоучу»: «АЙЖАН БИЗНЕС-ЛЕДИ БОЛУП, СЕНИ БАГАМ ДЕЙТ»

«Тамашоучу», тамада, телеалпаруучу Кубат Кубанычбековдун Айжан аттуу бийкечке баш кошконуна 4 ай болду. Таттуу түгөйлөр дайыма окшош кийинип көпчүлүктү суктандырып келишет. Жетелешкен жан шериктер бүгүн бизде конокто.

– Маек төрүбүзгө кош келипсиӊер, эки жаш. Кепти экөөӊөр таанышкан күндөн баштайлы...
Кубат:
– Таанышуу боюнча экөөбүздүн оюбуз эки башка. Мен өз версиямды айтсам, биз интернет баракчасынан таанышканбыз. Интернеттен Айжандын сүрөтүн көрүп жактырып калдым. Айрыкча ак халат кийген сүрөтүн. Анткени менин жубайым медик болсо деп кыялданчумун. «Кандайсыӊ?» деп сөз баштайын деп карасам, ал мага жарым жыл мурун «Сен Чоӊ-Өрүктүдөнсүӊбү? Мен Орто-Өрүктүдөнмүн» деп жазыптыр. Көрсө, Айжан биздин кошуна айылдан экен. Ошентип бат эле тил табышып кеттик. 2 айдан кийин жолугушуп, жакшы доско айландык. 3 жыл кыз-жигит болуп жүрүп, анан баш коштук.
– Айжан, сенин вариантыӊды деле угуп көрбөйлүбү?
Айжан: – Чындыгында, Кубага мен антип жазган эмесмин. Үйдө компьютеримде баракчам ачык болуп, кыздар жазып салса керек. Алгач мен эмес, Куба мага жазган.
– Экөөӊ бири-бириӊердин кайсы сапатыӊарга арбалдыӊар?
К.: – Айжандын ажары, өзүн алып жүрүшү, боорукерлиги, адамгерчиликтүүлүгү жаккан. Сүйлөшө келсеӊ юморду да жакшы түшүнөт. Дос балдарым да айтып калышат «аяшкабыз тамашакөй» деп. Кээде мен тамашалап койсом, ал менден ашырып тамашалап салат.
Айжан экөөбүз сүйлөшүп жүргөндөн эки жылдан кийин «Тамашоудогу» эски видеолорду көрүп калдык. Мен арык, көзүм бүтүк, делдейген кулактан башка эч нерсем жок. Айжан аны көрүп, «фу-у, бул кебетеӊ болсо, мен сени менен сүйлөшмөк эмесмин» деп тамашалап калды.
А.: – Мен башында Кубаны жөнөкөй жигит болбосо керек деп ойлогом. Ошондуктан биринчи жолукканда эле «биз кыз-жигит боло албайбыз. Сага мен эмес, ырчы же модель кыздар керек» дегем.
– Кубат, Айжандын колун суу астында сураптырсыӊ. Романтик окшойсуӊ?
К.: – Буга чейин Айжанга эки сюрприз тартуулагам. Ошондуктан барып эле «мага турмушка чык» деп койсом аябай таӊ калмак. Ооба, мен романтикмин, Айжандын колун сураарда да ар кандай пландарды кылгам. Асманда учуп баратып колун сурасамбы дегем, тилекке каршы, аны башкалар ишке ашырып жибериптир.
Достор менен көлгө эс алганы барганда суунун астын шар, жүрөкчөлөр менен кооздоп, ошол жакка алып түшүп, сунуш киргиздим.
– Айжан, айтсаӊ, колуӊду сураганда сенде кандай сезимдер болду?
А.: – Мен сууга такыр түшпөйм деп жаткам. Ошол жердегилердин баары «түшкөнбүз, сонун» деп мени көндүрүштү. Ошентип суунун түбүнө түштүм. Кооздолгон шарларды көрүп, бирөөлөр жасап койсо керек дегем. Жакшылап карасам Куба турат тизелеп, түшүнбөй калдым. Анан мээме жетип жатпайбы. Кыйкырып ийсем оозума суу кирип кетти. Суунун астында сүйлөй албайсыӊ да. «Мага өмүрлүк жар болууга макулсуӊбу?» деген сөз жазылган сүрөттү көрсөттү. Анан «макул», «жок» деген эки кагаз бар болчу. Мен «макул» дегенин тандадым.
– Бөлөк бүлөгө жуурулуп кетиш кыйын болгон жокпу?
А.: – Үйдө экинчи келинмин, кайын атамдар менен Күн-Туу айылында турабыз. Бат эле көнүп кеттим. Анткени кайын ата-кайын энем ачык, тамашакөй адамдар. Үйдө такыр зерикпейсиӊ. Эртеӊ менен чайга 8де отурсак, 11де бүтөбүз. Үй-бүлөбүз менен дасторкон үстүндө сүйлөшүп отурганды жактырабыз. Апам түшүнүктүү, «кандай тамак жасайын?» десеӊ, «макаронду сууга бышырсаӊ да жей беребиз» дейт. Көлдө келиндер күнүгө эртеӊ менен жүгүнөт эмеспи. А мени жүгүнтүшпөй, күндө эртеӊ менен кайын ата-кайын энем бетимден өөп окууга узатышат.
– Ар бир эле үйдө казан-аяк кагышат деп коёт?..
К.: – Бизде урушканга убакыт жок, мен кечке жумушта болуп, экөөбүз кечинде үйдөн эле көрүшөбүз. Биз үйлөнгөнгө чейин эле бул туурасында чечишип алганбыз. Кээде түшүнбөстүктөр болуп кетиши мүмкүн, андайда Айжанды отургузуп алып жакшы сөз менен маселени чечкенге аракет кылам. Кээде экөөбүз үйдүн жанына келип, машиналарыбызды токтотуп талаш-тартыштарыбызды чечишип, анан үйгө киребиз.
– Дайыма бири-бириӊерге ылайыкташып окшош кийинип жүргөнүӊөрдү көрөбүз. Кийимдериӊерди заказ менен тиктиресиӊерби?
К.: – Кийимдерибиздин дизайнын Айжан ойлоп таап, тиктирет. Учурда дизайнерлик менен да алектенип жүрөт. Анан да «жакында бизнес-леди болуп сени багам» деп жатат :)



Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кайната-кайненем бетимден өөп окууга узатышат" дейт Кубаттын жубайы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Jakykg
2014-12-09 15:11:50
бактылуу болгула! Аллахым эки дуйнолук бакыт берсин.
0
gulu86
2014-12-09 15:33:04
Сонун маек болуптур, бактылуу болушсун!
0
jaklin.kg
2014-12-09 18:44:31
бактылуу болгула.
0
matazim
2014-12-10 01:10:20
Админ."пагончон айым 2014"сынагынын жеңүүчүсү Феруза Матазимова бо
юнча маалымат же интервью алып жазып койгулачы
0
admin_media
2014-12-10 12:20:19
matazim,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
crishti_7
2014-12-10 09:05:34
респект романтик экенсин братан, экобуз окшош экенбиз
0
Merin
2014-12-10 15:47:39
машиналарыбызды токтотуп алып деп аябай мактаныптырго ))))
+1
Leili
2014-12-10 16:04:14
колдон келген аракет кылып жатканынар жактты эми ишке ашып балалуу болгула
0
Uulkan2288
2014-12-10 18:21:13
Эркек деген ушундай болсо..
0
NARYN...777
2014-12-11 12:01:09
Бактылуу болгула! Куба+Айжан.
0
kindly_girl91
2014-12-12 02:04:11
mun kaygidan alis,bakitka jakin bolgula.
0
kyrgyzka96
2014-12-12 16:57:54
салам админ. Супер инфонун архив газеталарын кай жактан сатып алса болот
0
sezimay
2014-12-12 21:15:47
таттуу тугойлордон экен бактылуу болушсун
0
Senuchunzhashaim
2014-12-13 18:04:06
иии аялы красавицаго соонун жарашыптырсынар бактылуу болгула!
0
detektiv
2014-12-14 01:54:13
маладес....
0
periwtem
2014-12-14 12:19:52
Бактылуу болгула .Жакшы маек болуптур .
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан