МОДА-2015

Жаңы жыл. Аты айтып тургандай эле ар бир жаңырган жыл сайын адамдар кирип келген жылдан өзгөрүүнү күтүп, жаңы нерселерди сатып алууну башташат. Эң алгачкы кадам гардеробду жаңыртып, жасалгаларды алуудан башталат. Курчап турган коомго алына турган жана жарашыктуу күнүмдүк кийимдерди кандай тандоо керектиги тууралуу дизайнер Аида Тойчуева кеңеш берет.

СЫРТ КИЙИМ: КҮРМӨ, ПАЛЬТО...
– 2015-жылы күлгүн, кызыл, көк жана башка түстөргө караганда кара, ак жана сары өңдөгү кийимдерге басым жасалат. Кыш мезгилинде тери жана булгаары кийимдер алдыңкы тизмеден түшпөйт. Ошондой эле жакалары териден капталган кийимдер жылуу гана болбостон, көрктүү да көрүнөт. Жаз, күз мезгилдеринде аба ырайы кескин өзгөрүп, көбүнчө булуттуу болот эмеспи. Мындай шартта күн менен кошо түнөрүп кара кийип албастан, сары түстөгү күрмөлөрдү тандасаңыз жаңылышпайсыз. Ошондой эле бул жылы ашыкча аксессуарга жол бербегенге аракет кылуу керек.

КОЛ КАП – ЖЫЛУУ ЭЛЕ ЭМЕС, КӨРК БЕРҮҮЧҮ АКСЕССУАР
– Беш салаалуу, узун, кыска, туюк жана башы ачык, токулган, булгаарыдан тигилген түркүн дизайндагы кол каптар күз, кыш, жаз мезгилдеринде сиз тандаган кийимдерге өзгөчөлүк кошуп коёрун эске алыңыз.

ЖАРАШЫКТУУ БУТ КИЙИМ ТАНДОО...
– Бут кийимге келсек, мырзаларга да, айымдарга да ылайык келген салттуу кара түстү сунуштайт элем. Кышкы бут кийим тандоодо оксфорд жана диор стилиндеги кончу кенен, такалары төрт бурчтук, башы сүйрү өтүктөрдү тандасаңыз болот. Башка мезгилде ушул эле стилдин жайкы жана жазгы вариантын карап тандап алуу керек. Ал эми спорттук форма менен, албетте, сникерс бут кийимдери 2015-жылы да модадан түшпөйт.

СИЗГЕ ЖАРАШЫКТУУ ТОПУЛАР ТОЛТУРА!
– Суукка карабай азыр жаштардын көбү жылаңбаш жүрүшөт. Себебин сурасаң, «мага топу жарашпайт» дешет. Тезинен мындай ойдон кайткыла. Себеби азыр жарашыктуу топунун түрлөрү көп. Баш кийимдер жүндөн токулуп, кулакчындын учунда жана төбөсүндө жылаажыны (бубенчик)бар түрлөрү сатыктан түшпөйт. Быйыл топунун оверсайз (өйдө жагы кенен) тибиндегилери модада болот. Алар одуракай түйүлүп, төбөсү желкеден ылдый түшөт. Аны жарашыгына карап кыйшайтып кийүү ылайыктуу. 2014-жылы модада болгон хомут баш кийимдери кийинки жылы дагы модага кирет. Алар бир эле учурда баш кийимдин дагы, моюн орогучтун дагы милдетин аткарат. Ушул эле үлгүлөрдүн ичке жиптен жука жана аралары ачык токулган түрлөрүн жаз-күз мезгилдеринде күрмөңүзгө ылайыктап тандап алсаңыз болот.

АЛБЕТТЕ, КӨЙНӨК...
– 2015-жылы башка жылдардан айырмаланып, кийим тандоодо жөнөкөйлүк өкүм сүрөт. Мода жаатында муну «минимализм» деп аташып, көйнөккө же башка тандап алган кийимиңизге бир же экиден ашык эмес аксессуар колдонуу сунушталат.
Босогодогу жылда эмнелер мода болорун Миланда өткөн мода көргөзмөсүндө дүйнөлүк дизайнерлер сунушташты. Албетте, алардын баарын эле сиңирүү мүмкүн эмес. Жука кездеменин сыртынан жибек жана пахта жиптеринен токулган тордомо (ажур) капталган көйнөктөр модада болот. Стиль жагынан этеги кенен, жеңи жок же кыска көйнөктөр, атактуу актриса Одри Хепбёрндин 80-жылдардагы стили кайтып келет.
Классикалык кийимдердин кофтасы да, шымы да кенен фасондогулары модада. Бул стилди элестетүү үчүн атактуу актриса Марлен Дитрихтин сүрөттөрүн барактап койсоңуз болот.
Моданын артынан кууп жеткен адам болгон эмес. Адистер ар бир адам мода кубалагандын ордуна, өзүнүн имиджин жана стилин калыптандырып алып, мезгилге жараша улам жаңылап турууну сунушташат. Демек, мода кетет, ал эми стиль дайым сиз менен калат.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
jasi
2014-12-08 09:45:09
Жакшы кенештер экен
0
zara__
2014-12-08 09:55:17
эн сонун
0
suiuktuujar
2014-12-08 10:23:48
мындай тустогу мода болгон кийимдер баардык эле адамдарга жараша бербейтда.башкысы озуно жарашыктуу анан ынгайлуу кийинишин керек.
-1
Meliana
2014-12-13 03:45:13
suiuktuujar, Туура айтасыз.
0
DNurgiza
2014-12-08 14:58:18
чынында эле кээ бири мода экен деп эле жарашпаган кийимдерди кийип алышат ко.
0
gulsan
2014-12-08 16:37:14
Бугунку кунго карата доллар, руб.н курсун каерден корсо болот, суперде бар дейтго?
0
Ayperi94
2014-12-09 21:26:55
Жаны модадагы кийимдердин баары жагат сонун кенештер экен рахмат СуперИнфо.
0
4ok4oloi
2014-12-10 23:06:11
Ой мен турмушка чыгып балалуу болгондон кийин мода дегенден алыстап сулуусунан жылуусу дегенге жакын болуп калгам
0
Ayka1994
2014-12-13 13:27:46
Жакшы болбодубу жакында эле кандай койнок тандасам деп жургом. Рахмаат Супер инфо
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан