«БЕЛЕК» ЛОТЕРЕЯСЫ 10-МИЛЛИОНЕРИН АНЫКТАДЫ. «БЕРЕКЕ» ЛОТЕРЕЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ КИМ БОЛОТ?

28-ноябрь күнү миллиондогон байге фондусу бар «Элдик лотерея» соода маркасынын «Белек» лотереясы юбилейлик 10-миллионерин аныктады. Бул ирет ийгилик кушу Жалал-Абаддын тургуну Кыялбек мырзага жылмайып, ал 7 миллион сомдун ээси болду.

Кубанычы коюнуна батпай турган КЫЯЛБЕК мырза 7 миллионду кандайча утуп алганы жөнүндө айтып берди:
– «Белек» лотереясын мурда да алып ойноп келгем. Утуп алуу оюма таптакыр келген эмес. Акчаны бул жактан көргөндө гана ишендим. Эми бул каражаттын бир канча бөлүгүн сөзсүз жетимдер үйүнө жана садакага жумшайм. Силер да ойногула, уткула!

 

 


Ошондой эле бул күнү 400 миң сомдук байгени утуп алган 2 жеңүүчү аныкталды. Алардын бири Беловодсктун жашоочусу ДИНАРА айым болду:
– Беловодсктун базарынан 3 билет сатып алгам. Бирөөсүнөн 400 миң сом утуп алдым. Мен үчүн бул жашоомдогу эң жагымдуу жаңылыктардан болду. Буга чейин деле ойноп жүрчүмүн, бирок мындай чоң утушка ээ болгон эмесмин. Биз үчүн бул чоң акча. Азырынча бул акчаны кайда жумшаарымды ойлоно элекмин. Эми мындан кийин «Белек» лотереясын калтырбай ойной берем.

 

 

Дагы бир 400 миңдик утуштун ээси жалал-абаддык ДАЙЫРБЕК мырза:
– Бишкектин борбордук универмагынан бир билет сатып алгам. Сыналгыдан көрүп, номерлерин салыштырсак, баары төп келип жатат. Мындайды күтпөгөн жаным дендароо болуп эле туруп калдым. Бул жакка келип, акчаны көрсөтүшкөндө гана ишенип отурам. Бул каражатты эми балдарымдын окуусуна жумшайм. Утушка ээ болгондон кийин «Элдик лотереяга» ишеним күчөдү. Кезектеги боло турчу лотереяга да эки билет алып койдум.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Kudi
2014-12-08 16:20:11
Адимин кантип ойноо эрежесин айтып койгулачы
0
admin_media
2014-12-08 17:21:04
Kudi,
Саламатсызбы! 0312 62 06 00 ушул номерге чалып, толук маалымат ала аласыз.
0
nazi0807
2014-12-11 09:28:31
Мен деле утуп алсам жакшы болот эле квартира алат болчумун. Ар кимдин уйун тазалабай
0
bunka-94
2014-12-13 20:02:02
Kuday buirusa men utup alam 15de:)
0
kuba-kj
2014-12-14 13:00:13
Кудайым ар пендеге берсин,чын оюнбу калп оюнбу аны утканда гана билмекпиз.
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан