Адамзат жашоосун өзгөрткөн БИЛЛ ГЕЙТС

Ийгилик сыры

Билл Гейтс – АКШлык гений, дүйнөнүн эң бай адамы . Аны улуу даражага өзү ойлоп тапкан компьютердик программалар жеткизгендиги чындык. Учурда адамзат жашоосун компьютерсиз элестетүү кыйын. Ал эми ушул шумдук программаларды ойлоп тапкан кандай адам? Анын ийгиликке жетүүдөгү сыры эмнеде деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

ХАКЕРГЕ АЙЛАНБАГАН КИЧИНЕКЕЙ ГЕНИЙ
Билл 1955-жылы АКШда адвокаттын үй-бүлөсүндө туулган. Алгач мамлекеттик мектепте билим алып баштап, кийинчерээк менчик мектепке которулат. 13 жаш курагында компьютердик программаларды түзүүгө кызыга баштайт. Айта кетчү нерсе, Билл 15 жаш курагында ошол мезгилдеги компьютерлердин программаларын талкалай алчу хакер болууга мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок ал мындай жолду тандаган эмес.
Окуучулук кезинде болочок кесиптеши Пол Аллен менен таанышат. Ошентип, келечектеги ааламдын эң бай адамынын улуу жолу башталган.

ГАРВАРДДЫ БҮТПӨЙ КАЛГАН
1973-жылы Гарвард университетине тапшырып, ошол эле учурда компьютердик программалар менен алектене баштайт. Эки жылдан соң Билл окуусун таштап коёт. Бул жоругун: “Компьютерлерди жакшы түшүнүп калдым жана Гарварддын компьютерди үйрөнгөн студенттер тобунда темселеп жүрүүнүн зарылчылыгы жок экенин сездим”,- деп түшүндүргөн.
Ошентип, Пол Аллен менен Билл Гейтс 1975-жылы “Microsoft” компаниясын негиздешет. Билл ошол кезде “компьютер жашообуздагы зарыл нерсе болуш керек ”,- деп айтып өткөн. Бул кезде Билл 20 гана жашта эле.
70-жылдардын аягында Бейсик программалык тилинин өздүк вариантын лицензиялап, аны “IBM” компаниясына сатат. Аталган компания ал учурда азыркы кезде аябай белгилүү болгон “IBM” компьютерин чыгарууга даярданып жүргөн. Бирок ал үчүн операциялык система жетишпей, аны “IBM” компаниясы издеп жүргөн. Ошол кезде Билл өз жашоосун аябай өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин түшүнөт. Компьютер генийи учурдан пайдаланып, “Seattle Computer Products” компаниясынан Q-DOS операциялык системасын 75 миң долларга сатып алат. Ал системаны кайра эле 1981-жылы “IBМ” компаниясына өзүнүн MS-DOS маркасы кылып сатат. Ошентип, “IBM” компаниясы Биллдин «Microsoft» программалары камтылган персоналдык компьютерлерди чыгара баштайт.

БАШ АЙЛАНТКАН ИЙГИЛИК
Персоналдык компьютерлердин кандай тездикте дүйнөнү каптаганын эске алсак, анда Билл менен Полдун да ошондой тездикте байыганын элестетип койсок болот. Азыркы кезге чейин 5 миллиарддан ашуун компьютер чыгарылган. Алардын жалпы баасы 450 миллиард долларды чапчыйт.
Биллдин компаниясынын 60тан ашуун өлкөдө өкүлчүлүктөрү иштеп, алардын баарында 32 миң адам эмгектенет.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Биллдин эки карындашы бар. Ал 1994-жылы 39 жашында өзүнүн ишканасында сатуу боюнча менеджер болуп иштеген Мелинда Френчке үйлөнгөн. Айрым маалыматтарга караганда, бул никени кесиптештери уюштурган деп айтышат. 1996-жылы Женнифер аттуу кыздуу жана 1999-жылы Рори аттуу уулдуу болушат. Гейтстин өзүнүн чечими боюнча ал балдарынын ар бирине 10 миллиондон гана мурас калтырат экен.
Азыркы кезде Билл кесиптик кызматынан тышкары кайрымдуулук менен алектенет. Көп окуйт жана гольф ойноп турууга да убакыт табат.

БАЙЛАР ТУУРАЛУУ

  • 2009-жылы 373 миллиардер каржы каатчылыгына байланыштуу мультимиллионерлерге айланган. Эң жаш миллиардер 23 жаштагы америкалык Марк Цукерберг болсо, эң карысы 94 жаштагы сауд аравиялык Салех Абдул Азиз.
  • Ал эми эң сараңы 28 миллиард доллардын ээси Ингвар Кампард. Эски Volvo машинада жүрүп, пенсиялык жеңилдиктерден колдонот. Ал эми кызматкерлерине барактын эки тарабын тең колдонгула деп талап кылат.
  • Эң начар кийингени айтылуу кийим чыгаруучу «Nike» фирмасынын кожоюну Филипп Найт болуп табылган. Ал эски шляпа, тамтыгы чыккан костюм-шым менен сыйлуу жерлерге да баргандан баш тартпайт.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
talasstyn jigiti
2009-12-02 15:39:58
maga bir milliardyndy berip koichu eshnerse bolboisun ! hehe ;)
0
leylaaa
2009-12-03 22:38:56
owonu aytsan!!!!
0
bahajora
2009-12-05 18:23:13
сен да башынды иштет да
0
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан