(Башталышы өткөн сандарда)
Мен макулдугумду бергенден кийин тойго камылга көрүлө баштады. Бардыгынан да балдарыма кантип бул тууралуу айтарымды билбей, бушайман боло бердим. Тилек менен Бермет чоңоюп, аркы-беркиге маани берип калышкан. Беркилеримдин оюнда эч нерсе деле жок. Адаттагыдай кечки тамакты ичип бүткөндөн кийин балдарга акырын үн каттым.
– Тилек, Бермет, Адам, Аманат, бир азга коё тургулачы, менин силерде сөзүм бар.
Бардыгы жапырт мени карап калышты. Ушуга чейин үчөөнүн тең Дастанга окшош экенин байкабаптырмын. Алдымда түз, ишенимдүү тиктеген Дастандын балдары эмес, атасы тургандай карбаластап, оюм чачылып, сүрдөй түштүм.
– Эмне болду, апа?- деди Тилек чоң жигиттей олуттуу.
– Отургулачы, балдарым, силер менен кеңеше турган ишим бар. Мен... Мен жакында кайрадан... Кайра турмушка чыгайын деп жатам... Силерден ошол тууралуу сурайын деп...
Балдарыңдын алдында күнөөлүү болгон жаман экен, үнүм калтырап кетти.
– Кимге?
– Кайра атамабы?
– Ура-а, кайра атам менен элдешесизби?
Берки үчөө ушинтип жапырт суроо беришти эле, Тилек акырын гана үн катты.
– Алмаз байкегеби?
– Ооба, балам, Алмаз байкеңе.
– Өзүң бил, апа, мен эч нерсе дей албайм,- деди ал мени сүрдүү тиктеп. Берки үчөө ындыны өчө эч нерсе дей албай туруп калышты да, шылкыя бөлмөлөрүнө жөнөштү. Мен шалдая отуруп калдым, жок дегенде биринен колдоо күткөн элем. «Булар Дастандын балдары, кимге жамайм, кимди ата кылып берем деп жатасың? Ай, арсыз жаным, ай, кантип Дастандын намыскөй балдары бирөөнү кабыл алат деп ойлодуң?»,- дедим өзүмдү өзүм шылдыңдай.
Телефонум шыңгырап, Алмаз үйгө жетип калганын айтты. Аны менен бүгүн балдарды жолуктурганы жаткан элем, пландарым бузулду. Ал кирип келип менин маанайымды байкады.
– Эмне болду?
– Эч нерсе, кел, үйгө кир.
Кирерин кирип алып, ыңгайсыздана токтоп калды. Анткени төрт балам тең бөлмөлөрүнөн чыгып, аны жаман көздөрү менен тиктеп, коридордо турушкан экен.
– Кандайсыңар, баатырлар? Ой, Бермет, сен кандайсың?- деди ал күлүмсүрөп.
Балдарым үн катышкан жок. Бирок болгон ойлорун көздөрү менен билдирип, тиктеп тура беришти. Алмаз экөөбүз алардын алдында айыбын карматкан окуучудай болуп туруп бердик. Эч качан мындай жаман акыбалда калбаган элем. Жүзүм кызарып, жерге кирип кетким келип жатты.
Ошентип менин балдарым аны кабыл албай турганы анык болду. Алар бөлмөсүнө кирип кеткенден кийин Алмаз:
– Мен сени бактылуу кыла алам, Баян. Балдар да көнүп кетишет, кабатыр болбочу,- деди колумду аяр кармап. Анын жүзүнө тигиле көпкө тиктедим. Мен буга чейин моюнума албай жаткан, алгым да келбеген чындык ушул учурда өзүнөн өзү калкып чыга келди. Уятым мени менен ачык диалогго чыкты.
– Кана, Баян, сен бул адамды сүйөсүңбү? Же жөн гана бул абалдан чыгып кетүү үчүн ага турмушка чыгып жатасыңбы?- деди шылдыңдуу ойлорум.
– Сүйбөйм, бирок сүйүп кетем.
– Жо-ок, сен аны эч качан сүйө албайсың. Сенин жашооңдо азыр деле Дастан жашайт. Көкүрөгүмдөн кубалап чыктым дегениң менен баары бир ал сенде жашайт. Туурасы, сен аны өзүңдүн ыңгайлуулугуң үчүн пайдаланып жатасың. Моюнуңа ал!
– Ооба, ооба, пайдаланып жатам. Анткени мен чарчадым. Жалгыздыктан, кусалыктан, жашоо менен күрөшкөндөн чарчадым. Соккуларга чыдай албай калдым,- деп жатты ойлорум.
Ички диалогума берилип кеткен экем, Алмаз акырын үн катты.
– Эмнени ойлонуп калдың?
– Эч нерсени.
– Калп айтпа, бир нерсени ойлонуп турасың, анан мага айткың келбей жатат.
– Үйлөнүү тоюбузга көп адам чакырбай эле коёлучу.
– Баары сен айткандай болот.
Тез эле үйлөнүү күнүбүз келип калды. Уктай албай жатып, таң атканда көзүм илинип кетиптир, күн жаркып турган экен. Эшикке чыксам, эшиктин алдында жер жайнаган розалар... Албетте, Алмаз! Телефонумду алып, ага чалдым.
– Рахмат,- дедим башка сөз оозума келбей.
– Эмнеге рахмат?
– Гүлдөргө.– Кайсы гүлдөргө?
– Эшиктин алдында роза жайнап турат. Бир машина роза окшойт. Чоң рахмат!
– Ал гүлдөрдү мен алып барган эмесмин,- деди ал. Телефонду басып, бут алдымда жаткан розаларды бирден кармап, кучагыма топтой баштадым. Жүрөгүм сыздап чыкты, анткени булар кимден экенин түшүндүм. Ийиниме кимдир бирөө колун койду, кылчайбай туруп ким экенин билдим.
– Эмнеге келдиң?- дедим жаным ачый.
– Көргүм келди,- деди Дастан жай гана.
– Экөөбүз көрүшүп бүтпөдүк беле?
– Демек, бүтө элек экенбиз да,- деди ал үшкүрө. Жаштар жүзүмдү жууп бара жатты. Ортобуздагы сүйүү, балдар, айрылуу, чыккынчылык калкып, көкүрөгүм алай-дүлөй. Дастан ээгимден көтөрө берди.
– Ыйлабачы, бүгүн сен бактылуу болушуң керек. Карачы, дагы да болсо тынчтык бербей жатам. Жайыңа коём деген менен дагы деле кыйнап жатам. Периштем менин! Сенден ажыраганы мага эч нерсе кызыксыз, бассам-турсам оюмда сен, балдарыбыз. Күйүтүмдөн улам ичип да көрдүм, болбоду. Мобу жерим өрттөнүп турганы турган.
Убакыт, мезгил баарын дарылайт дешет, бирок мени убакыт да дарылай албай койду. Өлө да албай койдум, Жараткан кыйноо берген менен өлүм бербейт экен. Бул догурунуу эмес, бул актануу да эмес, жөн гана айламдын кеткендиги. Жо-ок, өлөм деп коркуткан жокмун, болгону бул жерден, бул өлкөдөн биротоло кетем.
Эх, Баян, эмнеге мен мындай жаңылыштыкты кетирдим? Азыр башымды ташка койгуласам да эч нерсени өзгөртө албайм. Демек, тагдырга башымды ийишим керек. Бир айтарым, мен сени гана сүйөм! Өмүр бою сени гана сүйүп өтөм. Сен баары бир менин Баяным боюнча каласың...
Көзүмдү акырын ачып аны тиктедим. Тобо, убакыт адамды ушунчалык өзгөртөбү? Көз алдымда купкуу, кунары качкан, арык адам турду. Ооба, мен бул адамды сүйгөм, убагында жанымды бергенге да даяр элем. Экөөбүз тиктешип калдык. Ал чыдабай кетти окшойт, шарт бурула эшикти көздөй жөнөй берди. Болду! Ушул боюнча ал менин жашоомдон кетет, кайтарып алууга эч мүмкүн эмес. Ушул ойдон жүрөгүм үзүлүп кете жаздады.
– Токто,- деп кыйкырып жибердим эркимен тыш. – Сен кайда?
– Баян?!
– Кетпе,- дедим өзүмдү башкара албай. Эки аттап жетип, Дастан мени кучагына алды. Экөөбүз кучакташып алып ыйлап жаттык.
– Мен сенсиз жашай албайт экем, аракет кылсам да баары бир болгудай эмес. Мен сени баары бир унута албайт экем,- деп шыбырап жаттым көкүрөгүнө башымды катып.
– Баян, асылым менин! Менин күнөөсүзүм, менин бактым, өмүрүм! Мен да сенсиз жашай албайм!
Ошентип гүл оролгон короодо экөөбүз кучакташып турдук. Бир маалда өзүмө келип көзүмдү ачсам, бет маңдайымда Алмаз турган экен...
(Уландысы кийинки санда)