ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (8-декабрдан 14-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Иш жаатында жаңы өнөктөштөрдөн иштешүүгө сунуштар түшөт. Бирок алардан баш тартканыңыз оң. Анткени пайдадан кур калууңуз мүмкүн. Апта ортосунда кыжырыңызды кайнаткандар, ишиңизге тоскоолдук жараткандар чыгат. Эмоцияга алдырып убакытты текке кетирбей, жолуңузду улай берсеңиз, дем алыш күндөрүн утурлай кыйынчылыктар артта калат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында эмнени каалап жатканыңызды так аныктап алсаңыз, максатыңызга жылгаяк тепкендей тез жетесиз. Аны менен катар материалдык абалыңызды чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Апта аягындагы күндөр жакындар менен анча-мынча кер-мур айтышууларды эске албаганда адаттагыдай эле эс алуу менен өтөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө жумушуңузда пикир келишпестик орун алат. Айрымдар иш орунун алмаштыруу чечимин кабыл алышы мүмкүн. Бирок шашылбай турганы оң. Ал эми кээ бир бойдоктор үй-бүлө күтүүгө кадам шилтешсе, айрымдары сүйүктүүсүнүн жүрөгүн багындырууга жетишет. Апта соңунда алыс сапарга аттанууңуз күтүлүүдө.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Тегерегиңиздегилерди өз пикириңизге көндүрө алсаңыз, көздөгөн ишиңизди соңуна чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга улай таарынышып, жүз карашпай жүргөн адамдарыңызга биринчи кадам шилтесеңиз, мамилени калыбына келтире аласыз. Ишембиде ички туюмуңузга баш ийсеңиз, жерде калбайсыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Ушактын айынан түгөйлөр эки ажырым жолго түшүп калуу коркунучу чоң. Андыктан көз көрбөгөн нерсеге ишенбеңиз.Каржы жаатында дагы көзүңүз менен көрбөй туруп жарайт деп иш кылсаңыз, зыянга учурап калууңуз мүмкүн. Апта ортосунда иш сапарга аттанасыз. Дем алышта эки ача жолго туш болосуз. Дароо чечимдерди кабыл албай, ойлонууга убакыт бөлүңүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Колго алган ишиңиздин тосмолору көптөй сезилет. Коркпоңуз, тобокелчиликке салыңыз. Ийгиликтин чокусун багынтууга күчүңүз жетет. Бирок башка иштерге алагды болбоңуз. Антпесе, тескерисинче, чыгымга учурайсыз. Шаршембиде тамактан ууланып калуу коркунучу жогору, абайлаңыз. Апта соңунда көңүлүңүзгө төп келген адам менен таанышасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ишиңизде жагымдуу жаңылыктар күтүүдө. Тапкан кирешеңиз көбөйүп, эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүз. Жаңы иш баштагандардын жолунда тоскоолдуктар болбой, шыр кетет. Бул тааныштарыңыздын арасында кадырыңызды арттырат. Жума күнү күтүлбөгөн өтө маанилүү жаңылык угасыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Ишке ашырууга мүмкүн болбой келген пландарды колго аласыз жана аны бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Бирок белди бекем буубасаңыз, адатынча куру кол калууңуз мүмкүн. Жалгыз эле кыйратам дей бербестен, алыңыз жетпеген учурда жакындардан жардам сураңыз. Жекшембиде жакын адамыңыздын бири сизди алдап кетүүсү мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Биринин артынан бири пайда болгон маселелер айлаңызды алты кетирет. Канчалык аракет кылсаңыз да баарын өз ордуна коюуга күчүңүз жетпей, кыйналасыз. Айланаңыздагылар менен да тил табыша албай, таарынычтар жаралат. Айла жок тагдырдын жазмышына моюн сунууга туура келет. Ал эми апта соңунда баарын таштап, эс алуучу жайды көздөй сапар тартасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күтүлбөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, колдоого ээ болосуз. Бул үчүн сизге тапшырылган ишти так аткаруу зарыл. Жакшы жетишкендиктери үчүн айрымдар кызматынан жогорулоосуна жол ачылат. Аптанын экинчи жарымында бойдоктор сүйүү сезимдерин козгогон адамына кездешүүсү күтүлөт. Ишемби жана жекшемби жагымдуу окуяларга бай болмокчу.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы күнү санаага салган маселе менен башталып, бирок кийинки күнү баары өз ордуна келет. Бейшембиде акчага байланышкан иштерди жыйыштыра турганыңыз оң. Болбосо чыгымга дуушар болуп калууңуз мүмкүн. Ишембиде үй иштери менен алек болсоңуз, жекшембиде өтө керектүү буюмуңузду таппай, убара тартасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын алгачкы жарымында сиз күткөн тилектер орундалат. Айрымдар көздөп жүргөн кыймылсыз мүлкүн, буюмун сатып алышса, айрымдар ишиндеги жетишкендиктери үчүн сыйлыкка татыйт. Бейшембиде бейтааныш адам менен жаакташууга барышыңыз мүмкүн. Жума күндөн тарта бардык иштерди жыйыштырып, эс алууга кенен убакыт табылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан