– Жакында жашоомо бүлүк түшүп, чоң маселеге кабылдым. Анткени 10 жылдан бери чогуу түтүн булаткан күйөөм «экинчи катын алат элем» деп чыкты. Кабар күтүүсүз жерден болгондуктан азыркыга чейин өзүмө келе элекмин. Андыктан сиздерден кеңеш сурагым келет...
Жолдошум экөөбүздүн ортобузда кыз десе кызыбыз, уул десе уулубуз бар. Ушул 10 жыл ичинде жолдошумдун оорун колдон, жеңилин жерден алып, болбогон жерден чатак чыгарбай, жакшы жубай болууга аракет кылдым. Аны менен жарышып иштеп, тапкан-ташыганымды колуна салып берип, тиричилик кылдым. Өзүбүздүн үйүбүз жок эле, үй алабыз деп жатканбыз.
Жолдошумдун айтканына караганда, анысы 25 жашта жана экинчи аял болуп никеге турууга макул экен. Алты жылдан бери мамиле түзүп келе жатышыптыр. Экөө ээрчишип мечитке барса, молдо «биринчи аялың муну билиши керек, уруксаты кереги жок, бирок айткын» дептир. Анан күйөөм үйгө келип жаман кабарды мага угузуп жатпайбы. «Сен жашсың, бирөөнүн көз жашы менен бакыт таба албайсың. Эки баланын убалына калба. Андан көрө өзүң теңдүү бойдок жигит таап, эл катары сүйлөшүп, той берип турмушка чыксаң болбойбу? Ата-энеңдин да жүзү жарык болот эле го!»- деп айтууну ойлоп, бирок ал кызды издеп таппай койдум.
Ачыгын айтсам, күйөөм буга чейин деле көрүнгөн кыздар менен мамиле куруп, көзүмө чөп салып келген. Ортодо балдар турбайбы деп баарына көз жумуп, өзүмдү ичимден тынчытып алчу элем. Бул жолкусу туңгуюк, мен үчүн жообу жок абал болуп жатат. Ажырашайын дейм, балдарымды атасыз калтыргым келбейт.
Жолдошум «сенин ушундай абалда каларыңды билсем айтпайт элем. Эгер каршы болсоң албайм» деп күйдүрөт. Минтип айтканына ишенбейм. Анын «сени да, аны да сүйөм» дегенине ким ишенсин? Мусулмандарга 4 аял алууга уруксат экен, бирок мусулман адам 5 маал намаз окуп, дин жолу менен жүрүшү керек го. Бул болсо жума намазга гана барып койгону болбосо, иче турган кезде ичет, көрүнгөн кыздар менен жүрөт. Анан эмнеси мусулман? Тиги кызды бассам-турсам каргай берип Кудайдын алдында да күнөөкөр болдум. Эми эмне кылам? Күйөөм менен мындан ары кантип жашайм?
Айзат, 34 жашта, Ош
Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берет.
– Сиздин тарткан азабыңыз түшүнүктүү. Жазганыңыздан сиздерде көйгөй жакында эле башталбаганы билинүүдө. Анткени сиз жолдошуңуздун буга чейинки жүрүш-турушуна көз жумуп келгенсиз. Демек, мамилеңиздерде башында эле маселе болгон.
Үй-бүлөмдү сактайм десеңиз, өзүңүздү колго алып, баарын анализдеп, төмөнкү суроолорго жооп берип көрүңүз:
Мен жолдошума жаңы турмушка чыкканда кандай, кийин кандай мамиле жасадым? Мүмкүн, балалуу болгондон кийин балдар менен алаксып, ага көп көңүл бурбай, урматтабай, сыйлабай калгандырмын? Өзүмө да көңүл бурбай жүрүп, күйөөмдү алыстатып алган жокмунбу? Анын кайсы сапаттарын баалайм? Ажырашып кетсем балдарымды кантип багам?
Негизи балалуу болгондон кийин кээ бир аялдар өздөрүн таштап жиберишет. Балдары менен алаксып, күйөөсүнүн кызыкчылыгын, ой-пикирин, ага аял катары мээрим төгүү дегенди унутат. Мындай учурда эркек өзүнө жетишпеген мамилени, сый-урматты башкадан издей баштайт. Ошентип аял-күйөөнүн ортосу муздайт.
Анан дагы айрым эркектер жашы өтүп баратканын сезип, жаштыгын узарткысы келет да, жаш кыздар менен мамиле курат.
Эми жолдошуңузга чыр-чатагы жок эле «сенин тигил-бул сапаттарыңды баалайм. Мен үй-бүлөнү сактагым келет. Экинчи аял алууңа каршымын» деп ачык айтыңыз. Ички ой-толгоолоруңузду кыйкырбай, токтоо түшүндүрүңүз. Анын жообуна карап анан чечим кабыл аларсыз. Албетте, азыр сиз стресс абалында тургандыктан көп ойлонуу зыян. Ооруп калышыңыз мүмкүн. Балдарыңызды ойлоңуз, ажырашсаңыз аларды багып кете аласызбы же жокпу, аны талдаңыз. Баарын убакытка коюңуз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg