"АНЫ ӨЗҮМӨ КАНТИП ҮЙЛӨНТӨМ?"
– Мен ал жигитти биринчи жолу азыр өзүм иштеп жаткан мекемеге барганда көргөм. Аңгемелешүүдөн өтүү үчүн анын кабинетине чакырышкан. Ага чейин анын карт бойдок жана өзүнүн 1 бөлмөлүү үйү бар экенинен кабарым бар эле. Сүйлөшүп отуруп бир маалда "бизде иштеш үчүн өзүңдү өзгөртүшүң керек. Биздин мекеме, иш ушуларды талап кылат. Өзүңдү карачы, үстүңдөгүлөр колго тийген кийимдер, боёнбойт да экенсиң. Бирок фигураң жакшы экен. Кийингенди, өзүңдү алып жүргөндү үйрөнсөң эле болду" деди.
Анын сөзүнө жиним келген менен, аргам жок эле, башка мындай иш тапмак эмесмин. Ошентип ал иштеген мекемеде иштеп, өзүмдү өзгөртө баштадым. Убакыт өтүп, мен аны сүйүп калганымды билдим. Шылтоо таап анын жанында болуу мага ырахат тартуулай баштады. Көп өтпөй менин сезимимди ал да сезип-туйду.
Бир күнү бир кечеден кийин экөөбүз бир керебеттен ойгондук (мен "кыз" бойдон болчумун). Ошондон бери экөөбүз жолугушуп турабыз. Бирок ал баш кошуу тууралуу сөздү айта элек. Бул темада айта баштаганымда эле сөздү башкага буруп, алаксытып кетет. Эми кантип аны өзүмө үйлөнтө алам?
Айара, 28 жашта, Бишкек
– Убакытты созбой жигитиңизге сезимиңизди, эмне үчүн жактырарыңызды ачык айтыңыз. Сиз жөнүндөгү ой-пикирин, ошондой эле үйлөнүүгө даяр же даяр эместигин сураңыз.
Сиз анын пикирин билбей эле келечегиңизди пландап жатасыз. Балким, анын ою башкададыр. Эгер ал «сүйбөйм, үйлөнбөйм» десе, анын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Өзүңүз сүйүүсүз бирөөгө баш кошот белеңиз?
Үй-бүлө үчүн адамга моралдык жана материалдык даярдык керек. Ошондуктан ага ойлонууга убакыт бериңиз. Бирок ойлонууга канча убакыт керек экендигин тактап алыңыз, мүмкүн 4 же 6 айдыр... Эгер ошол убакытта ал эч кандай чечим чыгарбаса, анда ойлонуп көрүңүз, сизге ошондой мамиле, жигит керекпи?
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
камаласын капаска катын алыш опасна
Айланайын эжекеси уялбай эле бир керебеттен ойгондук депсиз го. Сизде Кудайдан коркуу тургур уят-сыйыт да жашабайт экен. Сизге бир кенеш аны озунузго уйлонтуунун айласын издебей кылган куноонуз учун Кудайдан жалынып кечирим сураныз.
Олгон турбайсынбы.А Биз эмне кылалы анан
жинди кыз десе суйуубу же жактыруубу озун деле билбесен керек
эми тиктир да бшкага тий.
Суйуп калуу дегендик, бир керебетке жатуу дегендик эмесда. Камгактай женил ойду кайдан аласынар тушунбойм.
ее коментарий жазбай эле койсонор боло убакыт коротуп
28 жашка чейин сактап келген кыздыгыны ушинтип алдырып отуруп калдынбы ою жок!Ал болбосо башкасына карып кемпир болуп калсан да оз баркын менен тийсен болмок.Ал эгер сени чындап суйсо сразу эле уйлонмок бир керебеттен ойгонгондон кийин эле чынбы?Уй-булоодо эркек аялын чындап суйбосо анда жашоонун манызы деле жок сен суйгон эмес сени суйгон адамга тартулабапсын намысыны жок дегенде
Каап ушундай кыздарды коргондон кийин анан ким кепилдик берет эртен кыздыгын жасатып башкага тийбейт деп.
Ушул коментарий жазган эркектер кыздын кыздын алганга козунор торт да туурабы? Алыш учун неге кана барбайт эркектер. А кыздар болсо эптеп кыздыгымды алдырсам куйоого тием дегендер аз эмес. Авторго айтаарым озун кыздыгынды сактабасан сага биро сактап берет беле? Эми дагы жагынам деп тепселете бер анан мушок болуп каласын
Автор болоор иш болуптуп эми ал кишиден алыс ойногонунуз он....... Болбосо каалаган маалда сизди оз кызыкчылыгы учун колдонуп,колдонуп таштап кетет..... Эгер сизди суйсо уйлонот болбосо жок......
Суйбогонго суйконбо.....
Извините за грубость .. Но девственность это не только гордость ваш но и ваших родителей.. Девушка прежде должна думать о чести.. Чтоб с уверенности стоят перед мужем ..
Автор ал жигит менен иштешип озунузду жакшы жака озгортуп озунузду жакшы ал жургонунузго ал жигиттин себепчи болгону жакшы нерсе экен бирок женил ойлуулукка алдырганыныз сезимдерге алданганыныз келечегинизге балта чабышы мумкун. Эми ал жигитке жагынышым керек дебей мындан ары озунузду серёзный кармап, андай жаман(1кереббеттен турууну)нерселерди унутунуз ошондо мумкун ал жигит кайра кайтып келээр.
Эркек өзү бузган болсода, көшөгө артында кыздык алгысы келет. Ушуну эсинерге сактагыла кыздар.
муну тагдыр дейт ар кимин ар кандай жазыптырсынар, пенде мин айтса да, Жараткандын айтканы болот,силерден кенеш сураса кайра маанайын тушуросунорго анын