Кыргыз тасмалары күндөн-күнгө жанданып, кино жаатында жакшы жаңылыктар болууда. Анын бири18-декабрдан баштап элге көрсөтүлчү «Иттей сулуу» тасмасы. Учурдун актуалдуу темасын камтыган бул комедиянын жаратуучуларынын бири, «Саяктар» «Тамашоу» командасынан чыккан Камчыбек Жумабеков тасма тууралуу көп кызыктарды айтып берди.
– Тасманын аталышы кызык экен. Мындай тасманы тартуу идеясы кимден чыкты?
– Тилек Чериков экөөбүздүн жаңы кино тартуу тууралуу көп идеяларыбыз бар болчу. Бир күнү сүйлөшүп отуруп азыркы актуалдуу темага токтолдук. Кыздардын турмушка чыгуу темасын алып чыгалы дедик. Статистика боюнча азыр бир жигитке үч кыз туура келет эмеспи. Кыздар болсо болбой эле идеалдуу, бардык жагы төп келишкен мырзаны издешет. Бирок жашоодо көбүнчө тескерисинен чыгып калат. Тасмадагы окуялардын көпчүлүгү турмуштан алынды десем болот.
– Тасманын баш каарманы Мээрим Атантаеваны модель катары билебиз. Башкы каармандын ролун көңүлдөгүдөй эле ойноп бердиби?
– Мээрим буга чейин биздин «Көк-Салкын-2» тасмабызга эпизоддук ролго тартылган болчу. Ошондо талантына баа берген элек, ошондуктан бул ирет да кастингге чакырдык. Көпчүлүк кыздардан ойногону менен айырмаланганы үчүн аны башкы каармандын ролуна алдык.
– Тартуу учурунда кандай кызыктар болду?
– Тасма тартып жүрүп биздин элдин жөнөкөй, адамгерчиликтүү экенине дагы бир жолу ынанып, кубандык. Киного бир эпизодго ымыркай керек болуп, көпкө издедик. Акыры бейтааныш эле биз ижарага алган үйдүн ээси өзүнүн 5 айлык баласын берди. Ошондо алардын жакшылыгына абдан ыраазы болдук.
– Кыйынчылык туудурган эпизоддор да болсо керек?
– Курут фест деген эпизодду тартуу учурунда бир аз кыйынчылык туулду. Анткени ал эпизодго массовка чакырылган болчу. Көп киши менен иштешүү кыйыныраак эмеспи. 5-6 саатка 100 чакты адамды кармап туруш да оңой эмес. Аягында ресторандагы отургандардын баарын качып кетпесин деп ачкыч менен бекиткен учурлар болду.
– Учурда тасмалар көп тартылууда. «Иттей сулуу» тасмасы алардан эмнеси менен айырмаланды?
– Биз тасманын сценарийинин үстүнөн аябай жакшы иштедик. Андан сырткары актёрлор менен тыгыз байланышта болуп, болушунча күлкүлүү окуяларды кошуп, музыкасына чейин кылдаттык менен көңүл бөлүп тарттык.
– Жыйынтыгы өзүңүздөргө жактыбы?
– Менимче, бир дагы режиссёр тасмасына 100 пайыз канааттанбаса керек. Тасманы тарткан сайын мурункудан жакшыраак чыгарсак дейбиз. Айтор, фантазия чексиз болгондой эле, тасманы да ар кандай кылып кызыгын арттырса болот. Жалпысынан жыйынтык биз күткөндөй эле болду.
– Сиздер буга чейин «Көк-Салкын», «Көк-Салкын-2» комедияларын тарттыңыздар. Үчөөнүн арасынан кайсынысы режиссёр катары купулуңузга толду?
– Үч тасманы тең бири-бирине салыштырууга болбойт. Баары өз алдынча жагат. Анткени ар бир тасманы көңүл коюп тартабыз. Учурдан пайдаланып, тартуу иштеринде жардам берген Эрнест Абдыжапаров, Бермет Төлөгөнова, Гүлнара, Алмаз Ахметовдорго ыраазычылык билдиребиз.
Гүлжамал Бөрүкулова