ИЗДЕЙМ СЕНИ

«АТА, КАЙДАСЫЗ?»
– Кара-Кулжа районундагы Алайкуунун Кызыл-Жар айылында 1971-туулган атам Бактыбек Асанбековду издейм. Апам менен атам 2006-жылы ажырашып кетишкен. Мен апам менен калгам. Атамды ошол жылдары Кара-Балтада жашап жатат деп укканбыз. Акыркы жолу тааныштар 2007-жылы Бишкектен көрүшүптүр. Ата, окуп калсаўыз байланышып коюўузчу.

Бактыбек уулу Жумабек, тел.: 0770 56 13 43

«ЛЕНИНГРАДДА БИРГЕ КЫЗМАТ ӨТӨГӨН ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1985-1987-жылдары Ленинград облусунун Сосновый Бор калаасында бирге кызмат өтөгөн Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылынын тургуну, 1967-жылы туулган Алтынбек Исакулов аттуу досумду издеп жүрөм. Алтынбек, окуп калсаў мага байланыш.

Бишкектен Нурбек,
тел.: 0709 84 87 17

«МУСА МАМАТОВДУН ТУУГАНДАРЫН ИЗДЕЙБИЗ»
– Урматтуу мекендештер, мен Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарынан сиздерге салам айтуу менен ушул шаарда эч бир документи жок 11 жылдан бери көчөдө жүргөн Маматов Муса Карабаевичтин туугандарын табууга жардам берүүўүздөрдү өтүнөт элем. Муса 1964-жылы 13-февралда Ош шаарынын Жапалак айылында туулган. Жапалактагы мечиттин артында 84 жаштагы Калбү аттуу апасы жашайт экен. «Эки уул, бир кызым бар» дейт. Уулдары Данияр 24, Орозбек 22, Аяна 15 жаштар чамасында. «Мурун КамАЗ айдачумун, «Чёрная пантера» деген каймана атым болгон» дейт.

Ушул жигиттин туугандары окуп калсаўар +79245552455,
+79644017337,
+79024522072,
+79085983543
номурларына байланышып койгула. Абжамилов Алымбек Жанибекович

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыўызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоўуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыўыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Saribulak
2014-12-08 23:12:36
Жок эчкимисин тааныбадым.
0
Deesmond
2014-12-09 01:53:15
МУСА МАМАТОВ менин тааныштарымдын кошунасы болот экен

+79685119202
0
bema_bema
2014-12-15 06:34:15
Бактыбек Асанбековду тааныйм биздин айылдан болот,бирок азыр айылда жок кочуп кетишкен
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан