«ООЗУМДАН ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТ ЧЫГАТ. БУЛ ЭМНЕСИ?»

«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.

– Оозумдан жаңы эле жууганыма карабай жагымсыз жыт чыга берет. Тиштеримде курт жок, таза. Эмне себептен сасыйт?

Кымбат, 33 жаш, Ош облусу

-Эң алгач ички органдарды, ашказандын иштешин, ичеги-карынды текшертишиңиз керек. Ички органдарында мандеми бар адамдын оозу аркылуу жагымсыз жыт чыгышы мүмкүн. Ал эми стоматологияга келсек, тишимде курт жок, таза деп жүргөн менен, көбүнчө адамдар тишти туура күтө алышпайт. Ооздон жагымсыз жыттын чыгышына тиштердин түбүндө таштардын туруп калышы себеп. Таштар кайдан пайда болот? Тиш жууган сайын бүйлөсү канаган адамдарда таш пайда болот. Бүйлө жууп жатканда канап, жарымы суу менен жуулуп кетип, жарымы бүйлөнүн түбүндө калып калат дагы, ташты пайда кылат. Жөнөкөй эле канды 22 градустагы бөлмө температурасында 1 күн сактап көргүлөчү. Ал бузулуп, сасып кетет. Ал эми адамдын денесинин температурасы 36 градус. Анан элестетиңиз, ошончолук температурадагы ооздо калган кандын калдыгы эмне болот?
 
 
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
primus
2014-12-08 20:38:52
Менин уканым боюнча айтсам, чайдын чамасын чайнаш керек жана жалпызды.
0
Mir94
2014-12-08 23:58:50
Сонун кенеш рахмат эртен барбамам стоматологияга.
Канча дейт болду экен Москоодо кымбатчылыкта чиркин(
+1
kindly_girl91
2014-12-09 00:10:22
bolot owol tiwindin ustuno kaptama tiw kiygizip koet
0
gogi55
2014-12-09 15:04:51
kindly_girl91, рахмат чон
0
admin_media
2014-12-09 10:45:36
gogi55,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
kokboru
2014-12-09 18:25:51
Тишти жууп,канаганда каны басылганча чайкаса болот бекен? Жыт чыкпай калабы? Же тиш канаса эле демек жыт чыгабы мин жуусада?
0
crishti_7
2014-12-10 08:51:29
супер'инфо, мен kenesh@super.kgге эч эле жаза албай койдумго?
0
admin_media
2014-12-10 12:07:35
crishti_7,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатканын бизге купуя кат менен жазып койсоңуз.
0
aigulai
2014-12-10 10:40:03
атайын укол саят экен тиш догдурдан, дароо канабай калат экен, мен бир жума алгам азыр канабайт такыр
0
Ayka1994
2014-12-10 11:35:56
Супер инфо ушул суроомду да тиешелуу болумго жеткирип коюнуздарчы.Тиштин карайып,кичинедееен сынып атканынын негизги себеби эмнеде мен тишимди кунуно 2 жолудан кээде ар тамактанганда конфет жеп калсам ошол замат жууйм бирок жаныдан чыгып келаткан акыл азуу тиштеримда карайып аткандай корунот, башка азууларым кээде кичинедеен сынып калат анын себеби
эмнеде кантип кам корсо болот

0
admin_media
2014-12-10 12:06:46
Ayka1994, kokboru,
Саламатсыздарбы! Сунушуңуздарга рахмат!
0
umka87
2014-12-10 13:02:10
амвейдин пастасы менен жуугула тиш канабай калат,жана глистер менен тамак ичип болгон сон чайкап коюнуз
0
aibek0001
2014-12-10 17:18:15
umka87, туура айтасын, ошол пасталар жагат Amway дин.
0
pakiistanka
2014-12-10 17:25:26
Sensodinye bele tuura ele jazdim okwoit uwul pasta Kgde 300 je 400 som turat. Uwunu koldonsonor en sonun jardam beret tiwti agartkanga.
0
mersedes2013
2014-12-11 01:25:55
менин кызым 4жашта ,кундо тишин жууйт сосуз ,бирок оозунан жагымсыз жыт чыга берет ,азыр жууса деле.детский эмес взрослый зуб пвста менен да жууп кордум ,болбоду .тиштери таза,курт жок .кичине баланын тиши эмнеден жыт чыгат ?
+1
Meliana
2014-12-13 03:43:19
mersedes2013,Кызыныздын ички органын текшертишиниз керек!
-1
Senuchunzhashaim
2014-12-13 17:47:05
Жакшы кенеш экен...
0
nur1975
2014-12-14 11:13:14
urmattuu admin_media kenesh@super.kg qe kire albai gatam kandai kylsam bolot
0
kulov
2014-12-15 03:55:32
менин дагы оозумдан жагымсыз жыт чыкчу. тишиме укол алып токтоду. азыр ар 6 ай сайын лечения кылып турам.
0
ArGeN4iK
2016-04-23 15:52:53
Менин тиштерим танга маал тұрғанда канап калат эмне себептен анан тишими жууганда д канайт?
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан