«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.
– Эртеден кечке кеңседе компьютердин маңдайында отуруп иш кылам. Чаалыкканда кофеден күчүмдү чыгарып, көп ичем. Ошондон уламбы, тишимдин өңү саргарып, жагымсыз кырдаал жаратат. Үй шартында кантип агартсам болот?
Аида, 28 жаш, Бишкек шаары
–Эгер тишти үй шартында агартам десеңиз, анда тиш жуучу пастаны туура тандаңыз. Пасталардын сыртындагы жазууларга көңүл бурбай эле ала беребиз. Мисалы, сыртында «вайт» (white) деген жазуусу бар пастанын бардык түрү тишти агартуучу болуп саналат. Ошондой эле кадимки ашкана содасы менен жумасына 3 жолу тиштерди чайкап туруу шарт. Лимон дагы тишти саргарып кетүүдөн сактайт. Аны чайнап жеп туруу сунушталат. Эгер кеңседе отуруп, тишти тазалап турууга мүмкүнчүлүк болбосо, түшкү тамактануудан кийин же кофе ичкенден кийин оозду суу менен чайкап, 10-15 мүнөт сергитүүчү сагыздардан чайнап коюу туура.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg