«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.
– Тишти агартуу, полировкалоо дегендер боюнча түшүнүк бергилечи. Агарта берсе, тиштин сапаты кетип, эмаль жукарып кетет деген чынбы? Бир жолу агарткандан кийин кайра канча убакыттан кийин барса болот?
Сыдык, 21 жаш,
Бишкек шаары
–Полировкалоону профессионалдуу тазалоо деп түшүнүү керек. Муну үй шартында жасоого болбойт. Ал тиштеги кариес, таштардын баарын тазалагандан кийин, тазаланган тиштерди суунун күчтүү агымы менен жуу болуп эсептелет. Мындай процедурадан кийин бүйлө сезгенип, ооруксунуп калат. Бул учурда ооз көңдөйүн сода менен 1 жума, күнүнө 2-3 жолу чайкап койсо, тиштер бекемделип, жылмакай жана аппак болуп калат.
Ал эми агартуу бул такыр башка ыкма. Мында химиялык каражаттар тиштерге сүйкөлүп, атайын аппаратта какталып агартылат. Бирок бул ыкма зыяндуу. Себеби тишке сүйкөлгөн химикат менен лампанын жарыгы тиштин эң сырткы эмалын күйгүзүп, бара-бара сапатына доо кетирет да, ысык-муздакка чыдамсыз болуп калат. Бир агартуудан өткөргөн соң тишти туура күтүп, кайра барбаганга аракет кылыңыз.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg