«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.
– Тишимдин бүйлөлөрү маал-маалы менен шишип, жууган сайын канай берет. Мунун кесепети эмнеде? Бул маселени кандай жол менен чечсе болот?
Сумая, 23 жаш, Каракол шаары
–Мындай көрүнүш жөн нерсе эмес, бул пародонтит деген оору. Мында бүйлө шишип, канап, жагымсыз жыт чыгарат. Эгер убагында дарыгерге барбай жүрө берсе, мунун аягы пародонтоско, башкача айтканда, тиштердин бошоп, түшүшүнө алып келет. Пародонтиттин башкы себептери тишке тамак-аштын калдыктарынан туруп калган кебер, таш болуп саналат. Булар бүйлөнү өйкөп, майда тамырларды кысып, канашына алып келет да, тишти өйдө түртүп, бошотуп салат. Эгер бул көйгөйдөн арылам десеңиз, 4 жылга чейин ар бир жылда 2 жолудан барып, тиешелүү дарылануу курстарынан өтүп турушуңуз керек. Бүйлөнү бир дарылатып алсаңыз, кийин кайталанбай калат.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg