«ЧЫЛЫМ КЕРАМИКАНЫ КАРАРТАБЫ?»

«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.

– Керамикадан тиш салдыргам. Башка тиштеримден айырмаланып, ошол тишим караргансып калды. Мындан улам кара чай, кофе ичкенде, чылым чеккенде керамика тишти карартып жибереби деген суроо туулуп жатат. Кош бойлуу айымдардын түйүлдүгүнө керамика тиштин зыяны жокпу?

Бурулай, 26 жаш, Чүй облусу

–Керамика салдырарда сапатына караңыз. Эгер сиз 2000 сомдун айланасындагы керамиканы орнотуп берүүсүн тандасаңыз, анда карарып кетти деп нааразы болбоңуз, себеби баары бир арзандын тузу татыбайт. Ал эми кымбат, япон жана немис технологиясы менен өндүрүлгөн таза керамикалар кара чай, кофе ичип, чылым чексеңиз деле карарбайт. Эгер сиз кымбатын салдырсаңыз деле карарып жатса, анда орнотуп жатканда бүйлөңүзгө катуу матырып, ал жерди сезгентип коюшкан болушу мүмкүн. Натыйжада бүйлө көгөрүп, анан керамикага чагылышып, кара түс берип калат. Ошондой эле керамикадан тиш салдырган адам өтүнөн жана боорунан жабыркап жүргөн болсо, анда ал саргарып кетиши мүмкүн. Себеби өтү же боору оорулуу адам зил бөлүп чыгарып, ал керамикага таасир берет. Ал эми кош бойлуу айымдардын түйүлдүгүнө керамиканын эч кандай зыяны жок.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
suiuktuujar
2014-12-08 10:55:27
керамикадан коро алтын салдырган он кайра иштелет керамика салганда тишти куручтой эле кылып кичинертип аралап салышат ананда саргайып же сынып калышы мумкун карапыйым элге 2000деле чон акчада 500сомдук пласмаса салдырсада зубнойлор жакшылап салып беруго тийиш
+1
kiyal.1985
2014-12-11 13:22:57
suiuktuujar, 500 сомдук пластмасса ал жон гана убактылуу коронка болуп саналат.Ал эми тишти куручтой аралап салат дегенинизге кошулбайм,себеби аралоонун параметры бар,ойду келди аралай бербейтда
0
Ariet7
2014-12-09 02:58:44
баарынан да имплант жакшы экен жакшылап карап сактасан омурундун аягына чейин чыдайт ал этке бурама м.н буралып тагылат
0
kiyal.1985
2014-12-11 13:24:46
Ariet7, имплаттын да жаман жагы бар,ошончо акча коротуп ана организминиз имплатты кабыл албай койсо бекер куйосуз,гарантия жок
0
Azura
2014-12-11 12:11:33
А керамиканын жакшы жаманын акчасынан эле айырмалаганга болобу? Кымбатын салып жатам деп арзанын салып койсо кантебиз? Кантип далилдейбиз? Кантип текшерсе болот? Врачтарга ишениш жок...
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан