«УДАА 4 ТИШТИ ЖУЛДУРУУ ЗЫЯНБЫ?»

«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп,  тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.

– Тиш доктурга ооруган тишимди жулдурайын деп барсам, жанындагы оорубаган эле 4 тишти "чирип калыптыр" деп жулуп салды. Бирок ал тиштерим ооруп кыйначу эмес. Бир жулганда ошончо тишти жулуп салуу туурабы?

Жакшылык, 36 жаш, Баткен облусу

–Негизи бир да тишти рентгенге салбай туруп жулдурбаш керек. Эгер ал тиштер ордунан бошоп, же кандайдыр бир себептерден улам жулуш керек болсо, эң көп дегенде 3 тишке чейин жулуш керек. Ал эми удаа турган 4 тишти катары менен жана бир барганда эле жулдуруп салган туура эмес. Бул бейтаптын ден соолугу үчүн кооптуу.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
suiuktuujar
2014-12-08 10:49:08
бизде аксия журуп атат бир тиш жулдурсан экинчиси бекер болсо керекда
+3
Deesmond
2014-12-09 02:18:45
Тишин жулуп жатканда уктап калганбы???
+1
Nargiz1985
2014-12-09 23:20:58
Менин тиштеримдин почти жартысына курт тушуп же пломбасы эскирген, тазалаткандан аябай коркуп калгам кыскасы креслосуна отургандан корком оорутпай тазалай турган аппаратдар барбы,бир тишти тазалап пломба кылганы канчадан? жооп кутом рахмат.
0
Nargiz1985
2014-12-09 23:27:20
Ананда тиштерим кобунчо астынан чирийт,ал эмнеден?тишин курт жеп оюлуп нерви ачылып, ошол тишиме щётка тийгизбей оорутат журо берсем нерви оорубай калабы?рахмат
0
4ok4oloi
2014-12-10 22:59:46
Катыктан тиш оору,жумшактан ич оору жаманда.Менинда почти азуу тиштерим жок баарын жулдуруп салгам.Быйыл айылга барып бир тишими жулдурсам аябай кыйнап учко болуп зорго алды анан да он кун иттей кыйнап ооруп чыдабай кайра барсам бир коруп таза остатка жок экен деп даары жазып берди эки айдан кийин Росияда журуп зеригип отуруп кокустан коруп калдым ошол тишимдин бир болугу калып кеткен экен эч чыгара албай койдум азыр эт басып кетти кийин дагы оорутпайт бекен а
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан