«ТИШ ЩЁТКАНЫ КАНТИП ТАНДАЙМ?»

«Тишиң барда таш чайна, тишиң жокто аш кайда?» деп кеп тиш кийип калган карылар кобуранып калышат. Эрте эле тиши түшүп, тамакты майдалап чайнай албай, ашказанды кошо жабыркатпайын десеңиз, тишиңизге кам көргөнүңүз оң. Бул үчүн «Стронг» стоматологиялык борборунун башкы дарыгери, стоматолог АЙЧҮРӨК ЖОРОЕВА кеңеш берет.

– Тиш щётка, паста тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек? Пастанын кутусунда «кариестен сактайт, агартат, бүйлөнүн сезгенишинин алдын алат» деген сыяктуу көрсөтмөлөр жазылат. Бирок андай жыйынтыкты деле байкабайм.

Сымбат, 33 жаш, Бишкек шаары

–Тиш пастасын жана щётканы сатып алууда капчыгыңызга үнөмдөйм десеңиз, анда жаңылышасыз. Кымбатына карабай, өз тишиңиздин саламаттыгы үчүн кымбат эле пасталардан алып колдонгонуңуз оң. Щётканы тандоодо эгер бүйлө жана тиштериңиз сезгич болсо «жумшак», орто сезгич болсо «орто катуу» жана чылым чегип, кофе, кара чайды көп ичсеңиз «катуу» деген белгилери бар щётка тандаган оң.
Мага келген кардарлардын көбүнчөсү «эмне, кечинде жатарда да тишти жууш керекпи?» деген суроо менен таң калтырышат. Кечинде жатарда сөзсүз түрдө тишти жууш керек. Муну ар бир ата-эне балдарга кичине кезинен тартып үйрөтүшү зарыл. Тишти туура күтүү, 3 мүнөттөн кем эмес, өйдө-ылдый кыймыл менен туура сүрүп жуу, тиштин кычыктарын, ал тургай тилди дагы жууш керек экенине маани бербей койгон адамдар толтура. Мунун кесепети жогорудагыдай майда, анан жүрүп отуруп чоң көйгөйлөргө алып келет.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
suiuktuujar
2014-12-08 10:39:46
кымбат пастанын баары эле жардам бере бербейт мисал катары бир пастанын атын айтып койбопсузда
+3
Pantherka
2014-12-08 15:02:09
suiuktuujar, Атын атаса пиар болуп кетет да, анткени ал пасталар сетьевой маркетингдин пасталары. А биздин кымбат колгейт менен блендаметтер аман эле болсун.
0
aszyma
2014-12-09 17:10:06
Ошода. Атыны атап койбоптур. Тиш Пасталардын
0
Oceana
2014-12-09 17:16:53
Uwulda suroo boldubu emi? Toobo.
0
momuntay
2014-12-10 08:22:49
Мен Москвада журуп Амвейдин Глистер деген пастасы менен щеткасын колдончумун. Азыр КРдемин. СИЛКА деген Германский паста менен щетка колдонотам. Только Аптекаларда сат ылаткен. Баасы пастаныкы 180 сом. Щетка 120 сом. Тиштерим азыр жакшы эми. Негизи тиштерим назик ошондуктан тишим учун эч нерсени аябай калдым.....
+1
papanstan
2015-02-22 04:14:51
momuntay, Амвейдин Энвейдин эмесби?
+1
Ayka1994
2014-12-10 11:43:34
Жакшы кенеш бериптир колдеейттин жана акуа фреш вхайттын пасталары жакшы тишти да агартаат
0
AFRODITA-89
2014-12-10 16:43:29
Мен да эмвейдин пастасын колдоном жакшы экен. Торогонго чейин тишимди кундо жуусумун даже эки маалдап дагы торогонтон кийин 2-3 кундо бир жууп калдым ато жууп буткондон кийин тишим какшай берчуу болот ушуп жукургансып.
0
altynaika14
2014-12-12 01:23:29
AFRODITA-89. Эмнеге какшайт? Жылуу суу менен жуунуз, зээрикпениз..
0
dominic_toretto
2014-12-14 06:50:20
Ошол эмвейиңердин пастасы менен шеткасына деги эле ишене албайм.Бир колдонуп көрүшүм керек экен...
0
Boldukan86
2014-12-15 04:51:42
мен бир компаниянын 200 сомдук щеткасын колдонуп журдум бирок натыйжасын деле билбедим. негизи арзанбы кымбатпы тишке карап эле колдонгон туураго дейм
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан