Актилек Жумабек уулу, Эр таймаштын чемпиону: «ЭЛ СҮРӨП ЖАТКАНДА УТУЛУП КАЛСАМ УЯТ ЭЛЕ БОЛМОК»

3-декабрь күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун «Эр таймаш ММА» түрүнөн WEF (Дүйнөлүк эр таймаш федерациясы) версиясынын чемпиондук куру үчүн болгон беттеш орун алды. Анда 77 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык Актилек Жумабек уулу менен
АКШдан келген мушкер Шах Бобонис беттешип, кыргыз жигити чемпиондук курду тартып алды.

Аты-жөнү
– Актилек Жумабек уулу
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 9-сентябрь
Туулган жери – Өзгөн району, Эркин-Тоо айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жетишкендиктери – Эр уруш боюнча Кыргызстандын 5 жолку чемпиону. КМШнын жана Евразиянын чемпиону (2010-11-жылдар). «Эр таймаш ММА» чемпиону (2014-жыл)

Биринчи күнү жеӊилсе, эртеси теӊ чыкты
Бул күнү чемпиондук беттештен тышкары рейтингдик кармаштар болуп өттү. Эр таймаш чеберлери бардыгы болуп 10 салмак категориясында күч сынашты. Алардын арасынан айтылуу Кылычбек Саркарбаев менен грузиялык Нодар Кудукашвили менен болгон беттеш өзүнчө сөз кылууга арзыды десек болчудай. 91 килограммга чейинки салмактык бөлүктө жолугушкан спортчулар 5 мүнөттүк 2 раунд бою айыгышкан кармаш көрсөтүштү. Залга толгон эл Кылычты алдыга сүрөсө да, грузин спортчусу жемин жедирбей жатты. Беттештин жыйынтыгында 3 калыстын бири жеӊишти Кылычбек Саркарбаевге ыйгарса, калган эки калыс грузиялык спортчуну жеӊүүчү деп тапты. Буга көптөгөн спорт сүйүүчүлөрү нааразы болуп, сахнада мушташ да уюштуруп жиберишти. Талаш туудурган чечимди эртеси күнү калыстар кылдат текшеришип, жыйынтыгында беттеш экөөнүн теӊ чыгуусу менен аяктаганын билдиришти.

Актилек Жумабек уулу VS Шах Бобонис
Күндүн беттеши чемпиондук кур үчүн 77 килограммга чейинки салмакта Актилек Жумабек уулу менен чемпиондук курдун ээси болгон америкалык файтер Шах Бобонистин ортосунда болуп өттү. Бул беттеш болгону 1 раундга созулуп, Актилек атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеӊип алды. Беттештин башында эле Актилектин маӊдай талаштыра урган соккусу Шахты жерге кулоого мажбур кылды. Ал дароо атаандашын басып алды да, муунтууга өттү. Жыйынтыгында калыс беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болду. Актилек – чемпион!

«2 мүнөткө жеткирбей утуп алдым»
– Актилек, алгач жеӊишиӊиз менен куттуктап кетели. Бул беттешке катуу даярданганыӊыз көрүнүп турду...
– Чоӊ рахмат! Чындыгында, мен бул беттешке аябай катуу даярдангам. Акыркы 4-5 ай машыгууларга гана арналды. Салмак кууганга туура келип, жалпысынан 14 килограммга арыктадым. Атаандашым да оӊой эмес болду. Анын өткөргөн беттештерин көрүп, күчтүү-алсыз жактарын билүүгө аракет жасадым. Кармаш баштала элек жатып, зал толо эл мени сүрөөнгө алып колдоп жатса жеӊишке жетпесем уят эле болмок. Жыйынтыгында 1-раундда 2 мүнөткө жеткирбей, утуп алдым.
– Атаандашыӊыз АКШдан келиптир. Шах Бобонис деген ким өзү?
– Америкалык бул мушкер профессионалдык карьерасында 17 беттеш өткөрүп, анын 11инде жеӊишке жетишкен экен. Ошондой эле Мексикада эр уруш боюнча бир канча жолку чемпион аталган. Ушул убакытка чейин WEF версиясы боюнча Эр таймаш дүйнө чемпионунун курунун ээси болуп келген. Шах Бобонис тажрыйбалуу жана күчтүү мушкер экен. Ишенбесеӊер, аны менен өзүӊөр 8 бурчтукка түшүп көргүлө (күлүп).
– Өзүӊүз тууралуу айта кетсеӊиз. Спорт менен алгач ким тааныштырды эле?
– Мен Оштун кулунумун. Тагыраагы, Өзгөн районуна караштуу Эркин-Тоо айылында төрөлгөм. Жаштайымдан спорт менен дос болуп чоӊойдум. Үй-бүлөдө улуусу мен болгондуктан, өзүмдү коргонуу үчүн да күрөш менен машыкчумун. Анан Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында окудум. 16 жашымдан бери Эмил Токтогонов агайдын колунда машыгып келатам.
– Ар бир спортчунун өзүнө жаккан, майын чыгара аткарган ыкмасы болот. Сиздики да болсо керек?
– Меники да бар андай. Сол бутум менен башка тебүү жана партерде «үч бурчтук тартуу» ыкмасы «коронный» ыкмаларым десем болот.
– Келечекте АКШдагы ММА (профессионалдык аралаш уруштары) боюнча мелдештерге катышсам деген тилектер барбы?
– Ооба, ал беттештерди сыналгыдан көп көрөм. Биздин спортчулар деле алардын деӊгээлиндей урушса урушат, кем калышпайт деп ойлойм. Ошондой шарттагы машыгуулар, ал жакта айланган каражаттар болсо биз деле чыгабыз. Ал эми бизде спорттон тышкары каражат табуу үчүн иштөөгө да туура келет. Анан «үйдө жок же Чүйдө жок» дегендей эле болот да. Спортчуларга демөөрчүлөр жардам беришсе жакшы эле болмок. Эки эселеп машыгып, чоӊ умтулуу болмок. Кандай болгон күндө да, ал жактын 8 бурчтугуна чыгууга болгон аракетимди жумшайм.
– Маегиӊизге рахмат!

Актилек "Эр таймаш ММА" версиясы боюнча жаӊы Дүйнө чемпиону.

Кыргызстандык файтердин жеӊиштүү чабуулу.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Америкалык Шахтан утулуп калам деп ойлогом " дейт Актилек Жумабек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
aikol87
2014-12-16 01:40:48
Жердеш турбайсынбы. Молодец иним.
0
kubzero
2014-12-16 16:58:22
Алга Кыргыз алга!
0
Bekbol2015
2014-12-16 22:57:44
Молодцы братан
0
ASALARI
2014-12-17 02:52:39
Мага жагып калды. Ийгилик коштосун ар дайым.
0
Begai.93
2014-12-17 07:03:19
Ийгилик, азаматсын )
0
tynar92kg
2014-12-17 08:04:53
Алга Кыргызстан
0
Davlet1994
2014-12-17 09:24:02
Азаматсын брат! Алга Кыргызстан
0
Boru87
2014-12-17 22:02:54
молодец келечекте UFCнин да чемпиону бол брат!
0
aravan.
2014-12-18 03:52:06
Азамат!!! Ушундай эр азаматтар коп болсун элибизде,
0
jora-jora
2014-12-18 11:24:27
Молатцы Актилек ийгилик сага Кыргызстанды дуйного тааныткан мушкер бол
0
GORDIY.KG
2014-12-18 14:20:06
азаматсын иним
0
elmira_kurmanalieva
2014-12-18 22:28:28
Азаматсын кыргыз элине сендей уулдар кобойо берсин,кыргыз элинин желегин желбирете бер,сени менен сыймыктанабыз!
0
avazbek._92
2014-12-19 11:34:05
Саламатсыздарбы Супер-инфо? Мумкун болсо Москвадагы Айкол-Манас спорттук клубу жонундо маалымат берип коё аласыздарбы?
0
admin_superstan
2014-12-19 12:38:14
avazbek._92, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
0
zara-919
2014-12-21 03:56:23
кезинде Актилектин предложкасын кабыл алган эмес элем. эми деле принять этпейм чемпион деп эле...
-1
Vodafone
2014-12-21 22:21:22
Азаматсын Актилек видеону коруп суйунгонумон козумо жаш келди.Ак жол иним сага!Дагы коп -коп ийгиликтерди багынта бер!
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан