«УУЛУБУЗДУ ИТ АТКАНДАЙ АТЫП САЛЫПТЫР»

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Жумгал районундагы Өрнөк айылынын Бостон-Кайыӊ жайлоосунда эки жигит чатакташа кетип, бири экинчисин мылтык менен атып өлтүргөн кандуу окуя катталган. «Сот иштери себепсиз жылдырылууда» деп каза болгон жигиттин ата-энеси, туугандары редакциябызга баш багышты.

«УУЛУМ НОЯБРДА ҮЙЛӨНМӨК»
Каза болгон жигиттин атасы Назарбек Бокуевди кепке тартсак, ал жашып сүйлөй алган жок. Окуянын чоо-жайын Эрнаттын апасы Гүлбара Имарова айтып берди:
– Каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Бостон-Кайыӊ жайлоосунда болду. Уулум Эрнат 23 жашта эле. 3 кызыбыз бар, эркектен жалгыз болчу. Таякеси менен КамАЗ айдап иштечү. Күйөөм кезинде Чернобль АЭСиндеги жарылуунун кесепетин жоюуга катышып, 3-топтогу майып болуп калган. Уулум тапкан акчасына атасын шаарга алып келип дарылатып, ашканын үйгө тамак-ашка берчү. 18-сентябрь күнү Эрнат «апа, мен жайлоого барып, уйду, эчкилерди алып келейин. Сатып, Динайымдын себин берели» деди. Октябрь айында бир кызыбыздын себин берип, андан соӊ ноябрь айында Эрнатты үйлөнтүүгө камынып жатканбыз. Тамак жасагам, аны ичип, экөөбүз бир топко чейин кеӊешип отурганбыз. Көрсө, ал экөөбүздүн акыркы сүйлөшүүбүз экен, эртеси күнү кечинде бизге суук кабарды угузушту.
Угушумча, окуя мындайча болуптур. Балам жайлоого барса, жайлоодогу таежесинин күчүгүн коӊшу жайлаган Эрлан деген 17 жаштагы бала чак түштө атып кетиптир. Ал атасынын Бишкекте сот тармагында иштеген бир тууган агасы Эркин Ашырбековдун малын багып жүрчү. Уулум өлгөн күчүктү чөнтөк телефонуна сүрөткө тартып, 19-сентябрь күнү Эрланга барат да, «күндүз келип, күчүктү элдин көзүнчө эшиктин алдынан атыптырсыӊ» деп айтат. Тиги Эрлан «күчүктү атсам эмне болот экен?» деп керсейип коюптур. Ошентсе Эрнат «сен, бала, көөп калыптырсыӊ, айылга түшсөӊ балдарга дайындап коюшум керек экен, сени тарбиялап коюшсун» деп катуураак сүйлөп койгон окшойт, антсе тиги «ит эмес, сени дагы атып салам» деп ошол жерден уулумду ит аткандай көкүрөк тушка атыптыр (каарманым сөзүнүн ушул жерине келгенде ыйлап жиберип, бир саамдан кийин кайра улантты). Ошентип баламдын жансыз денеси ал жерде 13 саат жатыптыр, же бизге айтып коюшпайт. Сыягы, алар сөөктү билдирбей бир жерге көмүп салууну көздөшкөн окшойт.


«УУЛУМДУ АТКАН БАЛАНЫН АГАСЫ ТЕРГӨӨНҮ БУРМАЛООГО АРАКЕТ КЫЛУУДА»
– Окуя болгон учурда Эркиндин Равшан деген 45 жаштагы жалданма чабаны да бар экен. Башында милиция кызматкерлерине ал өзү «Эрнатты мен атып алдым» деп барыптыр. Бирок тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнөн улам жаӊыла бергендиктен милиция кызматкерлери шекшип, такып сурашканда гана чындыкты айтып берди. Көрсө, Эркин ага «сен кылмышты моюнуӊа алсаӊ сага үй, машина алып берем» деп алдаптыр. Уулумду акыркы сапарга узатып жатканда да алардын эч кимиси басып келген жок. Соту жакындап калганда гана Эркин бизге телефон чалып «Бизди кечирип койгула, балаӊардын кунун төлөп берейин. Бишкектен 3 бөлмөлүү батир сатып берем. Ал эми сот акыйкат чечим чыгарат да» деп бизди шаардагы үйүнө чакырды. Келсек, Ак-Ордо жаӊы конушунан 2 бөлмөлүү там көрсөтүп, «ушуну алгыла да, «биз кечирдик» деп кол коюп бергиле» дейт. Биз каршы болдук, себеби уулубузду үйгө алмашмак белек? «Күнөөлүү жазасын алсын» десек, Эркин «Сотко чейин үйдү алсаӊар алып калгыла, болбосо өзүӊөрдөн көргүлө» дейт.
Азыр Равшан эркиндикте, ал эми Эрлан камакта. Азыркыга чейин сот иши боло элек, 3-декабрда болмок, аны белгисиз себептерден улам 17-декабрга жылдырып салышты. Эркин Эрланды «акылы кем» деп абактан чыгаруунун аракетин көрүптүр, бирок текшеришкенде акыл-эси ордунда эле болуп чыкты. Сотто иштегендер, акчасы барлар минтип карапайым адамдарды басмырлашат экен. Эркин да өз жазасын алсын, баарына ошол күнөөлүү, катталбаган мылтыкты алып барып жашы жете элек балага берген.

«ӨЛӨРҮНӨ ЖАРЫМ СААТ КАЛГАНДА УУЛУМ МАГА ЧАЛГАН ЭЛЕ»
Андан соӊ Эрнаттын атасы Назарбек буларды кошумчалады:
– Уулум каза болгон күнү эртеӊ менен саат 10дордо мага «ата, мен уйду издеп баратам» деп телефон чалган. Акыркы сүйлөшкөнүм ушул болуптур. Арадан жарым саат өтпөй эле атып салыптыр. Окуяны көргөн Равшандын айтымында, Эрнатка Эрлан мылтык кезеп турганда уулум телефонуна сүрөткө тартып алыптыр. Эрлан сурак учурунда анын телефонун бир таштын артына ыргытып жибергенин айтыптыр. Уулумдун сөөгү жерге берилгенче телефонуна чалсак чалуу кетип жаткан. Балким, телефону табылып калса тергөөгө кереги тиймек деп милиция кызматкерлери менен издедик, бирок таппай койдук. Кийин да өзүм жалгыз барып издеп, такыр таба албадым. Уулумдан калган эстелик кылып колдонуп жүрөйүн дегем. Ал эми Эркин деген менин классташым болот. Балабыздын кыркылык ашы өттү, бир басып келген жок. Анан сот жакындаганда эле минтип пайда болду.




«ЭРЛАН МЕНИ ДА АТЫП САЛМАК»
Окуянын күбөсү Равшан жергиликтүү телеканалдардын бирине окуя тууралуу буларды айтып берген:
– Ошол күнү тиги бала (ред. Эрнат) биз жашаган чатырга келди. Эрлан, Эрнат үчөөбүз сүйлөшүп отурганбыз. Эрнат Эрланга «итти эмнеге атасыӊ?» деп, анын айынан экөө айтыша кетишти. Бир кезде Эрнат «мен кеттим» деп ары кетип баратканда Эрлан мылтыкты алды да, аны атып жиберди. Менин эсим чыгып, ага чуркап барсам, күрмөсү бетин жаап калган экен, ачып карасам көзү, мурдунан кан агып жатыптыр. Анан Эрланга «эй, келе мылтыкты» десем, «азыр сени да атам» деп мага мылтык кезеди. Дагы жакшы, тиги кош ооз мылтыктын бир эле оозу иштечү. Эгер экөө теӊ иштегенде 2 огу болмок, мени да ошол жерден атып таштамак окшойт. Мен ошол замат кокту менен качып жөнөдүм. 70 метрдей узаганда артымдан мени дагы атты, бирок ок мага тийбей калды. Жерге жата калып артымды карасам Эрлан өлгөн баланы көздөй басып баратыптыр. Айылга чейин жөө 4 сааттык жол. Жолдон каза болгон баланын таякеси алдымдан чыгып, «кайда жөнөдүӊ?» дегенде «айылга баратам» деп койдум. Ага айтуудан корктум. Мен жеткиче Эрлан апасына «Эрнат биздин сарайга келип, өзүн-өзү атып алды» деп телефон чалып коюптур. Анан ага мен баланы Эрлан атып салганын айттым. Апасы ыйлап, анан Эркинге телефон чалып берди. Ошол жерден Эркин мага «сен милиция кызматкерлерине барып, «мен атып салдым» деп айт. Мен сага шаардан үй, жер алып берем. Кийин да камактан чыгууга жардам кылам» деди. Макул болуп, «мен атып өлтүрдүм» деп милиция кызматкерлерине баргам. Бирок тергөөчү жалган айтып жатканымды билип койду, анан өзүм да ойлонуп, чындыкты айтып бердим. Мылтыкты ок-дарылары менен кошо 2012-жылы ноябрь айында Эркин алып келип берген. Мен «бул мылтыкты колдонбойм» десем, Эрланга берген, ал колдонуп жүрчү.

«КЕЧИРИМ СУРАСАК БОЛБОЙ КОЮШТУ»
Биз кылмышка шектүү деп айыпталган Эрландын агасы Эркин Ашырбековго байланышканыбызда, ал төмөнкүдөй жообун айтты:
– Азыр Эрлан камакта. Эрнаттын ата-энесинен «баланы каматпай эле койгула, кырсык болуп кетиптир» деп кечирим сураганым чындык. Үйүмө келишип, жакшынакай эле чай ичип, сүйлөшүп отурганбыз. Эртеси кетишкен, туугандары кайра айнытып койду окшойт. Калганын сот чечсин, мен эч нерсе дей албайм. Сотту мени жылдырды дешкени жалган. Мен кантип соттун ишине кийлигише алам?
Маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү Эрлан Кенжебек уулу азыр тергөө абагында. Бул окуяга соттун чечими чыкканда дагы кайрылабыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Уулубузду ит аткандай атып салыптыр"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
kubzero
2014-12-16 13:02:19
Жалгыз баласына кантип куйбойт
0
Ledi89
2014-12-16 18:44:21
прокурор менен менттер да акча учун олуп алышат бизде коррупция
0
Bek94
2014-12-17 14:17:31
Иттин баласы зокур бала экен окуп алып ошо баланы жегим келип кетти.
0
Aksy-13
2014-12-17 16:46:29
Чектен чыга копкон экен акмак
0
Lenovo.A325
2014-12-17 22:29:54
Зоокур жан алгыны жазасын бериш керек,кошуна колон,достору айткандай кочуруш керек айылынан!
0
tuba83
2014-12-17 23:59:55
Эмнеге соттошпойт,эмнеге бизде адилеттуулук жок,баары акчага сатылып олушкон да жогорудагылар.Анан кантип Кыргызстан онукмок эле
0
nurjasi
2014-12-18 08:35:30
Аткан бала жиндиканада жатып эле кутулуп кетсе керек.
0
Mir82
2014-12-18 12:18:50
Аткан баланы да атып салып ата-энесинен кечирим сурап койуш керек
0
giza_17
2014-12-18 20:21:41
...так дела не решаются...Прокурор тоже не правильно говорит...они что все такие не образованные???или как??? этого убийцу надо не просто задержать , а смертную казню назначить....брата этого убийцы свободы сроком на 10 лет за пользованием своего положения,т.е. должности, и за дачу взятки...а этих милиционеров и гос.рабочих которые брали взятки отсранить от должности..То что делается это не правильно....
0
elmira_kurmanalieva
2014-12-18 22:22:46
кудайым сактасын,мындан ары жашоонуз жакшы жака кайтсын,карыганда бала жоготуш абдан жаман,ата-эне балам деп жашайт эмеспи,силерге жаратканым сабырдуулук берсин!!!
0
jek87_87
2014-12-19 00:19:03
Бул жерде мыйзам иштебей калганы дагы бир жолу айгинеледи. Себеби: мына 17-декабрда откон сот иштери ал аткан балага 8 жыл гана беришти жана бардык сот окулдору сатылганын корсотуп коюшту.
+1
damirbek.seiil
2014-12-19 14:31:51
кудайым жазасын берсин ошол аткан баланын.ал еми жалгыз баласын жоготкон ата-енеге сабырдуулук куч кубат берсин.
0
mani
2014-12-19 15:06:35
Кеде интернет, радио,теледен ушундай окуяларды окуп коруп калган убакта ойлонуп калам. Адамдар эмне болуп баратат? Ар ким озун кыйын сезет. Ар ким озун корсоткусу келет. Тынч бирин бири сыйлашып омур сурсо эмне болот? Сразу ат олтур саба болок нерсе жок
0
Oceana
2014-12-19 18:04:19
Baari bir sot tuura chechim chygarbait.

Allax baarybyzga yiman bersinda.!
0
asel.bahtierova
2014-12-25 11:15:37
Кудайым аай не деген шумдук, Аллахым жазасын берсин, жаш эле туруп акмак десе кандай ата-энеден торолгон бала бул, биздин законго олум жазасын киргизиш керек болуп калды мындайларды олтуруп жок кылбаса келечекте чон зыян келтирет.
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан