Маектешим «продюсерим Канат Кадыржандан кеткен соӊ кыйналдым, бир жылда бир гана клип тарттым» дейт. Жалгыз иштеп жатканына карабай анын «Кечир мени» аттуу ырынын клиби «Жылдын супер клибине» талапкер болууда. Биз ырчы Данияр Эрматовду чыгармачылыктан сырткары дагы түрдүү темаларда кепке тарттык.
«ТОЙГО ЫРДАГАНДА АКЧАСЫН СУРАЙ АЛБАЙ КЫЙНАЛА БЕРЧҮМҮН»
– Көпчүлүк ырчылардын «жаӊы ырдап чыкканда жатаканада жашап, ачка калып...» деген сыяктуу окуяларын угуп калам. Менде андай азаптуу күндөр болгон эмес. Борбордо үйүбүз бар, бир туугандарым жанымда болуп көп деле кыйналган жокмун. Ырчылыкты хоббим дечүмүн, бирок чыгармачылыкка жан дүйнөӊ менен берилбесеӊ болбойт экен. Ошондуктан ырчылыкты кесип катары алып келатам. Шоу чөйрөгө аралашканыма эки жарым жыл гана болду. Аз да болсо ошол аралыкта кимге кандай мамиле кылууну, кандай кийинүүнү, кайсы жерде кандай сүйлөштү үйрөндүм. Продюсерим Канат Кадыржан экөөбүз түшүнүшүп, жакшы иштештик. Ал киши оюмду тартынбай айтууга, өз жемимди өзгөлөргө жедирбегенге үйрөттү. Мурун мени тойго чакырышса деле акчаны сурай албай кыйнала берчүмүн. Азыр ачык эле эмгек акымды айтып, тартынбай сүйлөшө алам.
Чынын айтайын, продюсерден кеткен соӊ кыйналдым. Көрсө, Канат байке менен иштешкенде мен жөн эле ырдап кайтчу экенмин. Азыр майда-чүйдөсүнө чейин жумуштун баарын өзүм жасайм.
«УЧУРДА 10-МАШИНАМДЫ АЙДАП ЖҮРӨМ»
– Жаштайымдан техникага жакын өстүм. Айылда атамдын чөп ташуучу чоӊ унаасы бар эле. Ошондуктан атам авторитет болчу, бир айылдын чөбүн ташычу да. Чөп чабык аяктаганда машинаны короого токтотуп коёт. Жаз чыккыча айдалбай, жазында айылдын баары чогулуп ошол унааны оӊдойт элек. Ошентип жаштайымдан машина оӊдогонду үйрөндүм. Азыр болсо унаамды оӊдобойм деле. Бузулгуча эле алмаштырып салам. Учурда 10-машинамды айдап жүрөм.
Жаӊы үлгүдөгү телефондордун артынан да куубайм. Канчалык жаӊы, мыктысы чыкпасын көзүмө өзүмдүн эски телефонум эле жакшы көрүнүп тура берет. Ушул кезге чейин Нокиа, Самсунг телефондорун эле көтөрдүм. Азыркыга чейин башкага өтпөй, Самсунгду колдоном.
«КАРЫНДАШЫМДЫ ТУРМУШКА УЗАТЫП ЫЙЛАДЫМ»
– Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Бир туугандар бири-бирибизге аябай окшошпуз. Агаларымды бир жерге барганда мага окшоштура беришет. Алар мага «сенин артыӊдан биз да жылдыз болуп жатабыз» деп тамашалап калышат. Жакында карындашымды турмушка узатып жатып аябай жаман болдум. Ыйлагым келди, мен аны дагы деле кичинекей кыз элестетип жүрө бериптирмин. Эл көрбөгөнү менен, эч кимге билгизбей ыйладым.
«ӨТӨ КЫЗГАНЧААКМЫН»
– Достукка аябай туруктуумун, ошондуктан сүйүүдө да туруктуу болсом керек деп ойлойм. Кыздарга талапты катуу коём. Эгер кийин жубайым АКШдан окуусун аяктаган, өтө билимдүү болсо дагы иштетпейм. Себеби мен өтө кызганчаакмын. Өзүм ага чек койгонума жараша эч нерседен кем кылбай бага да алам. Аялынын эркиндигин чектеп, аны татыктуу бага албаган мырзаларга терс көз караштамын.
Кыздардын тарбиясына көӊүл бурам. Буга чейин баш айланткан махабатка кабылбадым. Мага досторумду сыйлаган, аялзатына тиешелүү сапаттарга ээ, акыл-эстүү кыздар жагат. Мен негизи боорукер адаммын. Айрым кыздарга агалык кылып кам көрүп койсом туура эмес түшүнүшөт экен. Көӊүл буруу бул сүйүү же жактыруу эмес да.
Буюрса, эмки жылы үйлөнсөмбү деп турам. Өзүмө окшогон адамгерчиликтүү, маӊдайы жарык кыз издейм, билими барбы-жокпу айырмасы жок.
«КЕСИПТЕШТЕРИМЕ АТААНДАШПАЙМ»
– Ырдап сахнага чыккыча спорт менен алектенчүмүн. Эгер күрөштө бирөөгө жеӊилип калсам, көгөрүп күндө машыгып ошол адамды жеӊмейинче жаным тынчу эмес. Азыр токтолуп калдым окшойт, баарына чын дилден кубанам. Кесиптештеримдин ырлары хит болуп жатса атаандашып «мен дагы ушундай ыр жазам» же «мунун ырын эл жакшы кабыл алды, мен дагы буга жетишим керек» дебейм. Тескерисинче, «жакшы иштеп жатыптыр, эмгеги акталды» деп сүйүнүп коём. Кээ бир ырчылар бар да, «жаӊы ыр жаздым, угуп көрчү, сыныӊды айтчы» десеӊ калп эле эки жакты карашып, «ии, менин да ырым бүтпөй жатат» деп сөздү башкага буруп, ырды толук укпай коюшат. Ошондой бири-бирине атаандашкан ырчыларды түшүнбөйм.
Учурда «Супер-Инфо» уюштуруп жаткан «Жылдын суперлерин» тандоодо «Кечир мени» деген клибим «Жылдын супер клибине» талапкер болуп жатат. Эмгегим бааланып талапкерлердин арасына кошулганым эле мен үчүн чоӊ жеӊиш.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg