МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН, МУСУЛМАНДАР!

Ыйман жана салт

Орозо бүткөн соң эки ай он күндөн кийин Курман айт майрамы майрамдалат. Мына бүгүн 27-ноябрь Курман айт майрамы. Айт маарек болсун, урматтуу кыргыз калкы.

КУРМАН АЙТ ЖЕ КУРМАН МАЙРАМЫ
Айт (ийд) деген сөз араб тилинде майрам деген маанини туюндурат. Бул майрамда курмандык чалынгандыктан, ал Курман айт майрамы деп аталган.
Курман айт майрамында Ибрагим пайгамбар өзүнүн канынан жаралган сүйүктүү уулу Исмаил пайгамбарды курмандыкка чалууга камданган. Өз атасынын мындай амалына чын жүрөктөн ыраазы боло моюн сунуп берген баласынын да, атасынын да жоругун көргөн Алла Таала курмандыкка чалуу үчүн атайын асмандан кочкор түшүргөн. Ошентип, пенделер курман айт күнү аты аталган эки пайгамбардын Алланын бул дүйнөдөгү чоң сыноосунан өтүшкөндүктөрүн сүйүнүп майрамдашат.
Курман айт майрамы күн найза бою көтөрүлгөндө окула турган айт намазы менен башталат. Ошондой эле эртең Курман айт деген күнү ажылыктын негизги түркүктөрүнүн бири болуп эсептелген Меккедеги ыйык Арафат тоосунда ибадат кылуу аткарылат. Ал күнү дүйнөнүн төрт тарабынан ажылык милдетин өтөгөнү келишкен мусулмандардын баары Арафат тоосунда топтолушуп, Алла Тааалага жалынышат.

ЖЕТИ ҮЙДҮ КЫДЫРУУ ИСЛАМДА ЖОК
Ошентип, Курман айт майрамында айт намазынан кийин кудурети жеткен адамдар курмандык чалышат. Мусулмандар айт күндөрү бири-бирин куттукташып, айтташып, бири-бирине зыярат кылышат. Барган жерлеринен түркүн даам татышып, айтты шариятка шайкеш майрамдык маанайда өткөрүшөт. Айт күнү ар кандай майрамдык иш-чараларды, оюн-зоокторду өткөрүүгө жол берилет. Калк арасында «айт күнү жети үйдү кыдыруу шарт» деген түшүнүк кеңири жайылып кеткен. Ал эми ислам дининде айт күнү мынча же түкүнчө үйдү кыдыруу керек деген түшүнүк жок.
Айт күндөрү эрте туруп таза жана жакшы кийим кийүү, тиш тазалоо, жыпар жыттуу мускус (атырларды) колдонуу менен ачык көңүл, көтөрүңкү маанайда жүрүү керек.

КУРМАНДЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?
Курмандык – Жаратканга жакындоо, ага ибадат кылуу ниети менен чалынган мал. Жандуу жана жансыздын ээси Алла Таалага тобо келтирүүнүн, ал ыроологон ырыскыга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Курмандык чалуу акылы жайында, жолоочу болбогон жана динибизде бай деп эсептелген мусулмандарга парз. Бай деп эсептелүү үчүн ар кандай муктаждыктарынан тышкары 80 грамм алтынга, же буга тете акчага, же байлыкка ээ болушу керек. Үй-бүлөдөгү бай деп эсептелген милдеттүүлөрдүн (балакатка жеткендер) ар бири бирден Курмандык чалуусу абзел. Курмандык чалганда жандыкты союп, кан агызуу керек. Болбосо, курмандык чалуу ибадаты аткарылбаган болуп эсептелет.

КУРМАНДЫККА ЧАЛЫНУУЧУ МАЛ ЖАНДЫКТАР
Курмандыкка кой, эчки, төө жана уй чалынат. Союла турган жандыктар: кой-эчки 1 жашта, уй эки жаштан жогору, төө беш жашка толушу абзел.
Жапайы жаныбарларды, анын ичинде жапайы уй тукумун, кийиктерди жана тоок-өрдөк сыяктуу канаттууларды курмандыкка чалууга болбойт.
Курмандыктын этин үчкө бөлүп, анын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө калтырып, экин­чисин жоро-жолдошторуна, үчүнчү бөлүгүн кедей-кембагалдарга таратуу керек. Муктаж болсо, эттин бардыгын өз үй-бүлөсүнө калтырса да болот. Кааласа, бардыгын кайыр-садага кылып жиберүү да мүмкүн.
Ээсинин атынан союлган малды сатууга же ээсине киреше алып келчү башка бир нерсеге жумшоого шариятта уруксат берилбейт. Курмандыктын этин же терисин өз ээси сатса, андан түшкөн акчаны кайыр-садага кылышы керек. Касапчынын акысы курмандыктын этинен берилбейт. Ага өзүнчө акча төлөп берүү кажет.
Курмандыктын терисинен жайнамаз жана башкаларды жасоого болот.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан