Концерттин датасы – 5-6-декабрь
Өткөн орду – Улуттук филармония
Концерттин аталышы – Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык юбилейлик концерти
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алып баруучулар – Гүлшан Молдоева, Кыргызбай Осмонов
Мыкты номерлер – Гүлшайыр Садыбакасованын барабан урганы, Гүлмайрам Момушева «Балама», Сайкал Садыбакасова «Апама», Гүлшайыр Садыбакасова «Ошол менин элге кошкон үлүшүм»
Билет баасы – 500-900 сом
«Гүлшайыр Садыбакасованын юбилейлик концерти болот» дегенди угуп шашкан боюнча филармонияга кирип барсам, сахнада депутат Өмүрбек Текебаев сүйлөп жатыптыр. Жанында Жогорку Кеӊештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, Бөдөш Мамырова, Асия Сасыкбаева, Жылдызкан Жолдошевалар турат. Мен «Кудай сакта, адашып Жогорку Кеӊешке кирип алдымбы?» деп шектенип артка бурула бергенимде Гүлшайыр эжемди көрүп калбадымбы.
«Кылым алмашты, заман алмашты, СССР урады, көп нерсе өзгөрсө да, Гүлшайыр эжекем ошол боюнча. Дагы деле рейтингден түшпөй келе жатат» деп Текебаев сөз сүйлөдү. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов да куттуктап, Абдылас Малдыбаев атындагы Эл аралык музыкалык композитор сыйлыгын тапшырды. Ошондой эле өкмөт өкүлдөрү, экс-министр Султан Раев, Замира Акбагышевалар да келишти. Эжебиздин сахналаш досторунан да чиновник достору көптөй туюлду.
Ошентип куттуктоолорго, сыйлыктарга маарып, гүлдөргө оронгон инсанды сахнанын артына жиберип, концертке кезек берилди. Концерттин экинчи бөлүгү оркестрдин коштоосундагы ырлар менен уланды. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө жалаӊ гана Гүлшайыр айымга таандык ырларды мындан 20 жыл мурун популярдуу болгон ырчылар ырдашкандыктан, ошол кезге барып келгендей эле болдук. Ызы-чуу, ышкырык-кыйкырык тоскоол боло турган, телефонго тарткан күйөрмандар жок, тынч, жыргап эс ала турган концерт болду.
Кыргыз эстрадасынын жылдыздары кезек-кезеги менен ырдап жатышты. Ал ортодо Гүлнара Калдарова чыкты эле, Гүлнаранын ырдаганына эмес, эжеси менен элдешкенине эл кубанып кеткендей болду. Анын артынан Кенже, Айжамалдар да келет го деп тилек кылган күйөрмандардын ою орундалбады.
Гүлмайрам Момушеванын жандуу үн менен созгон «Балама» деген чыгармасы элдин өзгөчө кол чабуусуна арзыды. Оштук туугандар айтмакчы, Гүлшайыр «акем» микрофон кармап ырдагандан тышкары урма аспапта ойноп, элди таӊ калтырды. Ошондой эле Сайкал Садыбакасова апасын жетелеп «Апама» аттуу ырды тартуулап, залдагы көрөрмандарды бир сыйра жашытты. Мирбек Атабековдун «Садагам Оштой жеримди» аттуу ыры менен концерт жыйынтыкталды.
Толик сынчы