Концерттин датасы – 5-6-декабрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:00 (6-декабрь күнү)
Көрүүчүлөр – Залдын 70 пайызы
Алып баруучу – Канат Шанаев
Мыкты номерлер – Тынар менен Борончунун айтышы, Абдылда Иманкуловдун катышуусундагы бардык тамашалар
Билет баасы – 350-500 сом
Куудулдардын башын бириктирген «Ар бир айдын алтысы» долбоору жабылып жатканын угуп, акыркы концертине барууну чечтим. Сүйүнчүлөп кетейин, концерт өз убагында башталды. Мына, кыргызчылыкты жойсо болот экен го. Сахна жасалгасынан издесем да өзгөчөлүк таппадым, баягы эле короосу тосулган үйдү алып келип коюшуптур.
Спорт Ордосунун микрофондорун пенсияга кетирчү мезгил келген окшойт. Дегеним, бул мекеменин техникалык тейлөө кызматы өтө начар иштеп жатканын көптөн бери байкап жүрөм. Бая күнү «Тамашоунун» оюндарында да микрофон улам өчүп жүдөшкөнүнө күбө болгон элем. Бул ирет да куудулдардын сүйлөгөнү начар угулуп, жанымда отурган айым «эмне деди?» деп улам сурап шайымды оодарды.
Тамашаларга келсек, 5 жыл ичинде долбоордун алкагында 150дөн ашык сатиралар коюлуптур. Жаӊы эч нерсе таппай калышканбы, куудулдар жалаӊ эски интермедия, тамашаларын аткарышты. Рахман Разыков булуттан чыккан айга окшоп бир убакта пайда болгон эле, ошол бойдон сахнадан караанын таппай калдык.
Борончу менен Тынардын айтышы бул сапар да уланды. Тынар тамашаларынын биринде «нарындыктардын костюмду шымга шымданып кийгенинен эле нарындык экенин билсе болот» десе, Борончу ага жооп кылып, «мен деле жакында Ошко бардым, газ жок, баары үшүп жердештериӊ пальтону да шымданып кийип калышыптыр» дебеспи.
Тамашасы тамаша, бирок куудулдардын белден ылдый тамашаларды көп айтканы анча жага берген жок. Ошол эле бутун колго алмаштырган, букага уйун качырган интермедияларда бул нерсе ачык-айкын берилиптир. Уят болсо да кагазга ороп, кыйыр түрүндө аткарса, мынчалык өөн учурабайт беле?..
Ошентип баш-аягы 3 саатка созулган концертке ичим чыкпай үйгө кайттым.
Толик сынчы