«ӨЗ КЫЛМЫШЫНА ДОСУ ИНИМДИ КОШО СҮЙРӨП КЕТТИ»

Үстүбүздөгү жылдын март айында Сокулукта Владимир Гайдуков аттуу абышка киши колдуу болуп каза болгон. Көп өтпөй анын өлүмүнө күнөөлүү деп шектелип Нурбек Рысбаев, Бектурсун Сейталиев аттуу жарандар кармалган. 8 айдан бери сот иштери аяктабаган бул окуя тууралуу кененирээк билүү максатында Сокулуктун Биринчи Май айылына бардык.

Элвира Бегалиева
, Бектурсун Сейталиевдин келинчеги:
«ЭЭСИ ӨЛТҮРҮЛҮП, УУРДАЛЫП КЕЛГЕН УНААГА ЖООЛУК БАЙЛАП КУБАНЫПТЫРБЫЗ»
– 19-марттан 20сына караган түнү саат он жарым, он бирлер чамасында жатууга камданып жатсак, жолдошумдун досу Нурбек Рысбаев машина айдап келип калды. Ал «иштеп топтогон акчама машина алдым» деди. Жолдошум экөөбүз куттуктасак «тамаша, кайын журтум алып берди» деди кайра. Үйдөн жоолук алып чыгып рулуна байлап койдум. «Кайын журтум чачыла чачты эле» деп мага 5-6 момпосуй берип, жолдошума «бак бензинге толо, жүрү, машинамды жууп берейин» деп ээрчитип кетти.
Жолдошум эртеси түшкө маал үйгө келди. 23-март күнү милиция кызматкерлери үйгө келип, жолдошумду кармап кетип, камап коюшту. 8 айдан бери бейкүнөө камакта отурат. Көрсө, биз ээси өлтүрүлүп, уурдалып келген унаага жоолук байлап кубаныптырбыз. Жакшылыкты билбеген Нурбек күнөөсүн жолдошума да илип жатат.

Жолдошбек Искаков, маркум В.Гайдуковдун кошунасы:
«ВОЛОДЯНЫ 15-МАРТ ТҮНҮ ЭЛЕ ӨЛТҮРҮШСӨ КЕРЕК»
– Каза болгон Володя Гайдуков экөөбүз теӊтуш элек, бир айылда турчубуз. Бири-бирибиздин үйүбүзгө кирип-чыгып, жакшы катташчубуз. 15-март күнү «эртеӊ базар болот, барып келели» дегенинен макул болгом. 16-мартта базарга барабыз деп даярданып отурсам, ал эч эле телефон чалбайт, мен чалсам да албайт. «Мени унутуп кеткен экен» деп ойлоп үй тарабына басып барсам, дарбазасы ачык турат, унаасы көрүнбөйт. Кабанаак иттери бар болчу, короосуна кирбедим. Телефонуна чалсам дагы деле албады. Ошентип 17-март болду, Володядан дайын жок.
Эртеси Бишкекке кетип, 19-март күнү келсем, дагы эле жок. Дарбазасы ошол бойдон ачык турат. 20сы күнү «бул соо эмес, карындашына барып кабарлайын» деп Сокулукка бардым. «Ушундай, Володя 16сынан бери жок болуп жатат» дедим. 22си күнү карындашы, милиция кызматкерлери барышты. Кирсек, коридорунда башы арпа салынган мүшөк менен бастырылып Володянын өлүгү жатыптыр. Жердин баары кан. Башынын төрт жерине балка менен чааптыр. Манжаларынын учтарын да эзип салган дешти. Бул кылмышка шектелип эки бала кармалды. Нурбек Рысбаев «19-март күнү өлтүрдүк» деп жатат. Бул кишини 15-март түнү эле өлтүрүшсө керек.
Кылмышка шектелип кармалган Рысбаевдин үй-бүлөсү «ушул акмак чал болбосо эч нерсе билинбей эле калмак» деп мени ушул күнгө чейин жемелеп, атасы мага «автоматым бар, атып салам, үйүӊдү өрттөп, башыӊды кесип кетсек эч ким билбей калат» деп үч жолу кысым көрсөтүп кетти. Дагы бир Алтынбек деген баласы бар, Антошка деп коюшат. Аялдамада турсам эки сөөмөйүн көзүмө такап «эки көзүӊдү чукуйм» деп келип алыптыр.
Рысбаевдер менен маркум Гайдуковдун ортосунда келишпестиктер мурдатан эле болуп келген экен. Ал «Жумалы Рысбаев менин бир малымды союп жеп алган» деп айтып калчу. Өлтүргөнү анык болуп жаткандан кийин тиги Бектурсун Сейталиевди да өлтүрүшкөн деп бейкүнөө каматпай эле койбойбу деп күйөбүз да.

Айзада Сейталиева, Бектурсундун эжеси:
«5000 ДОЛЛАР БЕРСЕ, МЕН АНЫ ЧЫГАРМАКМЫН ДЕПТИР»
– Күнөөсүз экени анык болуп турса да Нурбектин кылмышына инимди кошуп камап коюшту. Иним 19-март күнү Нурбек экөө кайда барышканынан бери так, адашпай айтып берип жатат. Ага ишенишпей, Нурбектин бир ооз жалган кеби үчүн инимди да 8 айдан бери камап отурушат. Нурбекке «жөн жерден инимди эмнеге каматтырып жатасыӊ?» десем, «мен энемди кыйбай жатам» дегенден башка кеп айтпады. Нурбек бир жолу иниме «Беки, мени кечирип кой, эмки сотто ачыгын эле айтам» дептир. Сот учурунда Нурбек сүйлөйүн деп жатканда апасы «Нурбек!» деп кыйкырып, башын чайкап койду эле, дагы баягы эле сөзүн сүйлөп туруп алды.
Биздин жактоочубуз бир күнү чакырат, барсам «Айзада, Нурбек жактоочусуна «Бектурсундун туугандары мага 5000 доллар берсе, мен аны чыгармакмын» дептир» дейт. Өз кылмышына инимди кошо күнөөлөп, бизден 5000 доллар талап кылып жатат. Аябай ачуум келди. Экспертизалар да туура эмес чыккан.

Рамис Маликайдаров, айылдык кеӊештин депутаты:
«УНААНЫН АКЧАСЫН БЕРБЕЙ ТУРГАНДЫГЫМА КУБАНАМ»
– 21-март күнү мектепке Нооруз майрамын өткөрөлү деп мен казан, очокторду ташып жүрсөм, Нурбек келип «башым ооруп жатат» деди. «Мага жардам бер, эч ким жок кыйналып жатам. Анан алып берейин» дедим. Очок менен самоорду орноттук, анан эт туурап жатсак «машина албайт белеӊ» деп калды. Иниси бир Жигули айдап жүрчү, ошол окшойт деп маани бербедим. Бир убакта Гольф 4 деди. Өзүмдүн унаам Гольф 3 болчу. «Көрөлү» дедим. Унаа Винсовхоз деген айылда экен, ошол жакка бардык. Бензини жок токтоп туруптур. Машинаны көрүп эле жактырдым. 2500 долларга баалашып айылга келип, досумдун машинасы менен барып, сүйрөтүп келдик. Машинанын запас дөӊгөлөгүн, дагы бир канча буюмдарды дүкөнгө берип арак алган экен. Ошолордун баарын сатып алып келдим.
Машина үйдө 2 күн турду, унаанын акчасын бере элек болчумун, Нурбек кайра келип, «60 миӊ сом берсеӊ болот» деди. Шектенип турсам эле балдар келип «дачада бир орусту өлтүрүп, машинасын айдап кетишиптир» дешти. Кооптонуп, тактап коёюн деп Сокулук РИИБине барып айттым. Ошол замат эле мени басып калышты. Милиция кызматкерлери менен үйгө бара жатсак Нурбек телефон чалып, «акчага келдим» деди. «Күтө тур, баратам» дегем, биз барганча качып кетиптир. Эртеси аны бирөөнүн ажатканасына жашынып алган жеринен табышты. Мен акчаны бербей турганыма кубанып жатам.
Нурбек, Бектурсун экөөнөн теӊ кабар алып турам. Бектурсун балалуу боло албай жүргөн. «Рамис, ошол абышканы мен өлтүргөн болсом балалуу болбой калайын!» деп карганып, жашыйт. Нурбекке «Эмнеге минтип жатасыӊ?» десем, «бир аз акча болсо аны кармап турмак эмесмин» дейт. Мен Нурбек, Бектурсун экөө менен теӊ бирге чоӊойгом. Экөө теӊ эле жоош, мындай кылмышка бара турган жигиттер эмес эле. Бул жерде башка адам бар. Аны элдин баары билет, ачык айта алышпайт. Ал тургай тергөөчү деле билет.

Кылмышка шектүү Нурбек Рысбаевдин апасы
Клара айым:
«ОКУЯГА КҮБӨ БОЛБОГОНУМ ҮЧҮН ЭЧ НЕРСЕ ДЕЙ АЛБАЙМ»
– Ал окуяга биз да, Сейталиевдин туугандары да күбө болгон эмеспиз. Көрбөгөндөн кийин эмне деп айта алмак элек? Эки бала эмне кылышканын өздөрү билишет. Тергөөдө, сотто айтып берип жатышат. Мен бирөөнүн баласын күнөөлөгүм келбейт.

Бул кылмыш ишин тергеген Азамат Жумалиев:
«ТЕКШЕРИП, ТАКТАП, КЫЛМЫШ ИШИН СОТКО ӨТКӨРГӨНБҮЗ»
– Гайдуков Владимир Ивановичтин өлүмүнө шектүү катары Нурбек Рысбаев, Бектурсун Сейталиев деген балдар кармалган. 2 ай тергөө ишин жүргүзгөнбүз. Андан бери 8 ай өтүп, мен учурда тергөөчү эмес, аймактык тескөөчү болуп иштеп жүрөм. Окуя боюнча көп так маалыматтарды унутуп жатам. Рысбаев кылмышты моюнуна алган. Ал эми Сейталиев кылмышты моюнуна алган эмес. Бирок экөөнү беттештиргенде Рысбаев «экөөбүз ушул жерде ичпедикпи, мындай такси менен келбедикпи. Гайдуковдукуна барып мындай иш кылбадыкпы» деп баарын Сейталиевдин моюнуна коюп берген. Анын сөздөрү боюнча айтылган жерлерге барып, кандай таксиге отурушкан, кайдан ичишкен, баарын текшерип, тактап, кылмыш ишин сотко өткөрүп бергенбиз.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө аяктаган соӊ Сокулук райондук соту бул ишти бир канча жолу караган. Бирок сот «жеткиликтүү тергөө иши жүргүзүлбөгөн» деп жыйынтык чыгарып, кылмыш ишин кайра тергөөгө өткөрүп берген.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Realtilia
2014-12-15 21:47:22
Акчага адамдын башы байланган.Алгысы келген адам барыбир алат.
+1
ALIK-BRO
2014-12-16 02:09:07
Кыйын болуптур. Куноосуз болсо чыгарыш керек кыйнабай
+1
Ariet7
2014-12-16 02:37:36
тергоочу унутуп атам дейби? ? оз башын унутпаптырбы? эч жакка
+5
Begimkyz
2014-12-16 16:23:33
Ariet7, ошону окуп менда шекшип калдым. Кайдыгерчилик.
+2
kubzero
2014-12-16 12:49:26
Эх кандай кана кылмыш? тиги абышканы неге олтургону жок го?
+1
arisim
2014-12-16 18:18:49
Рыспаевдин апасына жиним келди,тергоочу эч текени билбей кантип иштеп журот деймда,унутчаак болуп,
+2
restreppo
2014-12-17 03:34:58
зонага киргенде бармагын тиштейт го нурбек деген,озу эле кеткени туура эркек болуп
+3
suiuktuujar
2014-12-19 12:23:50
Бизде уруп согуп бир колунда жок байкушка же жоошурак болсо мойнуна алдырып коюшатко.
+4
erikkarakulja
2014-12-20 16:27:15
Апасы да соо эмес иш бар ошол аялда сурак кылыш керек. Тобо
+1
Xanif
2014-12-20 19:00:26
Байкуш Бектурсундун аялы деле айтып жатпайбы чындыкты. Нурбек чыныгы достука жарабаган бала экен. Бул жерде тергоочунун оозуну жакшеле майлап салышканго дейм. Ошого унутуп жататта. Болбосо андай унутчаактар милийсада иштебейтта. Бектурсун сабыр кыл...
+1
Shah
2014-12-21 18:19:17
Бир куноосуз адам камалып кеткенче,Мин куноокор адам акталып кетсин.
+1
Nurmatova
2015-01-04 16:00:28
Кантип эле..... 19-мартта Бектурсунга келсе.....
15~мартта олтургон болсо...... Кантип далилденбей жатат...... Качан олгонун так аныктаса болмок экспертизада.....
Анык эле билинип турбайбы Бектурсундун куноосу жок экени....... Милицияда кандай адамдар иштейт озу....мындай баш менен иштебейби дейсинда аргасыздан.... Акчанын кулу болбой..... Бироонун корсотмосу менен эле жыйынтык чыгарып басты-басты кылып койбой экинчиси моюнга албай жаткандан кийин жакшыраак териштирсе болмок экен..
0
Nurmatova
2015-01-04 16:02:26
Бектурсун акталып кетсин ылайым......... Нурбектей достордун барынан жогу жакшы........ Ооооо кудай ушундай достордон алыс кыла кор...... Нурбеке олум.....
0
Nurmatova
2015-01-04 16:03:33
Акча бардык нерсени чечуучу заман келип калгангоооооо........
0
Nurmatova
2015-01-04 16:05:12
Бектурсун акталып кетсе экен......
0
baiastan2001
2015-12-29 21:52:51
Кудай сактасын Б.Сейиталиев бей куноо экен да
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан