КОЛ-БУТТАГЫ ТОМПОК ШИШИКТЕР ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?

Бизге окурмандар «колдогу же тизенин астындагы томпок шишик эмнеден улам жаралат? Аны кетирсе болобу?» деген суроолор менен кайрылышкан эле. Аларга Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ортопедия бөлүмүнүн жетекчиси Мансур Кудайкулов жооп берет.

«Гигрома менен көбүнчө тигүүчүлөр, идиш жуугучтар ооруйт»
– Кол-буттагы томпок шишиктер медицинада «гигрома» деп аталат. Бул латын сөзү «hygros» – ным, «oma» – шишик дегенди билдирет жана залалсыз шишик түрүнө кирет. Жөнөкөйлөтүп айтканда, ичинде суюктук толгон шишик. Ал алакандагы жана буттагы муундарда, тизенин астында жана үстүндө, томукта көп кездешет.
Алакандагы шишик манжалары менен 40 муун сөөгү (алакан сөөгүнө кирет) активдүү иштеп, бир түрдүү кыймылды кечке кайталай турган кесип ээлерине таандык. Мисалы, пианисттер, идиш жууп иштегендер, айдоочулар, тигүүчүлөр, чачтарачтар. Эмнеге дегенде буларда күч алакан сөөктөрүнө, анын ичинде манжаларга жана тарамыштарга түшөт.
Ал эми буттун манжа муунундагы шишиктер көбүнчө спортчуларда кездешет. Анткени буларда күч манжа муундарына жана тарамыштарына түшөт. Ал эми тамандагы, томуктагы, чыканактагы, тизелердин астындагы жана үстүндөгү гигромалар жаш балдарда, улуу адамдарда да жолугат.
Шишик дамамат бийик така кийип жүрүүдөн да келип чыгарын унутпоо кажет. Чыканакта аны таянып отуруу адатынан, кулап жаракатка кабылуудан жаралат. Кээ бир адамдарда шишик 2-3 жеринде болушу мүмкүн.
Негизи, тери астындагы муундардын жана тарамыштардын кабыкчасы болот. Кабыкчалар жаракатка кабылганда сезгенет да, ага суюктук (былжыр сары суу) толо баштайт. Чогулган суюктуктан улам кабыкча кичинеден томпоё баштайт. Көлөмү тооктун жумурткасындай же андан чоӊ өлчөмгө өсүп жетиши да ыктымал.

Дарылоо жолдору
Шишикти чоӊоё элегинде дарылап жок кылууга болот. Мисалы, физиотерапия (ток менен дарылоо), парафин коюу, дары майларды сыйпоо менен. Айрымдар кутулуу максатында суюктукту сордуртуп салышат. Бирок бул туура эмес, анткени жаракатка кабылган кабыкча кала берет жана ал жерде суюктук кайрадан чогула баштайт. Кээ бирлерде майда шишик жүрүп-жүрүп жок болуп кетет. Бирок канча бир убакыттан кийин кайра пайда болушу мүмкүн.
Шишик абдан чоӊойгондо тегерегиндеги нервди, ткандарды кысып, оорутууну жаратат. Кээде суюктук сыртка тээп, терини тешип чыгат же ичтен жарылып, тегерегинин баарын сезгентип, абалды оорлотот. Мында дароо врачка кайрылуу керек.
Гигромага көп жылдап көӊүл бурбай койсо, анда кабыкчанын ичинде эт өсүп кетет. Адамдын канындагы холестериндер гигромага топтолуп баштайт да, ал жерде бара-бара майда сөөктөр өсүп, шишик катуу тартат. Гигрома сөөккө айланганда операция жолу менен алып салуудан башка арга жок. Андыктан шишикти чоӊойтпой, алдын алуу кажет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
suiuktuujar
2014-12-15 10:25:20
пайдалуу кенеш учун рахмат
0
nasirdin
2014-12-16 19:49:44
Супер кенешинер учун рахмат. Админ учук тууралу дагы жазгылачы неден улам болот кантип сакайтыш керектигин .
0
admin_superstan
2014-12-17 10:50:16
nasirdin, саламатсызбы!
Учук тууралуу:
http://www.super.kg/article/?article=5013
0
jaklin.kg
2014-12-16 20:08:36
менин колума да чыккан бирок аны операция жолу менен алдыргам.
0
Aksy-13
2014-12-17 16:34:48
жакшы пайдалуу кенеш учун рахмаат
0
Zarema94
2014-12-18 17:42:23
Менин кашымдын жанъна чыкты шишик. Ушул турго киреби?
0
tursunmurat1991www
2014-12-20 18:19:17
Адамдардын пешенесине дагы томук чыгатго. эмнеге чыгат и кантип дарылайт
0
zara-919
2014-12-21 04:02:33
менин колума да чыккан бул сүрөттөгүдөй болуп.. бирок өзү жоголуп кеткен 2 айдан кийин. андан бери 8 жыл өттү кайра чыккан жок..
0
ulanamirbekov
2014-12-21 04:56:31
менин колума да чыкты операция жолу менен алдыргам, бирок колум жакшы жумулбай калды операциядан кийин, 1 жыл болойн деп калды эч айыкпай жатат
0
gulbaira69
2014-12-21 16:08:00
бул оорудан кутулуунун дагы бир эн жакшы жолу ТЯНЬШИ кампаниясынын продукциясын ичуу керек, кымбат болгону менен коптогон башка ооруларынардан арыласынар
0
kalbek87
2015-01-06 22:47:27
Урматтуу супер инфо менин да пешенеме шишик чыгып кантип дарыласам болот маалымат берип койгулачы сураныч
0
Zhenish
2015-01-17 20:05:32
Менинда колумда,тиземде бар,сооко айланган Зыяны жокбекен АДМИН..?
0
nazgulyakg
2015-01-18 14:23:51
Админ беттеги "сепкил" тууралуу жазып коюнуздарчы отунуч кантип кетирууго болот
0
papanstan
2015-02-17 13:00:01
Супер инфо колго алергия чыкса кандай дарыласа болот маалымат бериниздерчи рахмат.
0
ulanamirbekov
2015-02-28 21:31:27
менин да он колума чыккан эле операция жолу менен алдырган элем 1 жылдан кийин дагын пайда болду
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан