ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (15-декабрдан 21-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жакын тааныштардын бири менен ырк келишпей, айрымдар таптакыр кол үзүшөт. Иш жаатында шашылбай, ойлонуп кадам таштабасаӊыз, оюӊуз ордунан чыкпай, чыгымга учурап калууӊуз мүмкүн. Андыктан жети өлчөп, бир кесиӊиз. Аптанын экинчи жарымында энергияӊыз мол болуп, кандай иш болсун майын чыгарасыз. Жекшембиде көӊүлүӊүздү чөгөргөн окуяга туш болосуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алыстан келген коноктор, эски тааныштарга кезигүү, таарынгандар менен табышуу мына ушул аптада орун алмакчы. Каржы жаатында түшкөн кирешенин көлөмү көбөйүп, капчыгыӊыз кампаят. Демилгелүү болсоӊуз, баштаган ишиӊизди колдоп кетчүлөр чыгат. Коркпостон кадам таштай бериӊиз. Апта соӊунда бойдоктор кыялында издеген түгөйүнө жолугуусу күтүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Баштаган ишиӊизди бүтүрүү оӊойго турбайт. Пикир келишпестиктер да орун алат. Бирок жыйынтыгы сиз күткөндөн да жакшы болот. Андыктан ортодон таштай качпай, аягына чыгарууга күч жумшаӊыз. Апта ортосунда узак сапарга аттанууӊуз мүмкүн. Ишембиде спирт ичимдиктеринен этият болуӊуз, ууланып калуу коркунучу жогору.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ишиӊизге жоопкерчиликтүү мамиле жасап, бардыгын өз учурунда бүтүрүӊүз. Ортодон көрө албастар бут тосушу мүмкүн. Тырышып аракет кылсаӊыз, сизге кошумча каржы табууга шарт түзүлөт. Айрымдар бир кезде бирөөгө кылган жакшылыгы үчүн ушул аптада сыйга бөлөнөт. Жекшембиде иш баштайм десеӊиз, убарасы көп болот. Андыктан аны кийинкиге жылдыруу сунушталат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө тилиӊизди тишиӊизге катпасаӊыз, арты таарыныч менен аяктайт. Шаршембиде пайда табуу үчүн сунуш түшсө, баш тартыӊыз. Себеби пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк аз, убактыӊыз текке кетет. Ишембиде ушак сөзгө каласыз. Бирок теригип териштирбей, кол жаӊсап коюӊуз. Жекшембиде оор күндөрдү артка калтырып, кийинки аптага жаӊы дем менен кирип барасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09
Жалкоолук ишиӊизге кедергисин тийгизип, көп нерседен куру калтырарын эске бекем түйүӊүз. Андыктан көӊүлдөгүдөй жыйынтыкка жетем десеӊиз, ишиӊизди ийне-жибине чейин эсептеп, убакытты туура бөлүштүрүп алуудан эринбеӊиз. Аптанын экинчи жарымында айрымдар жашаган жерин алмаштыруу менен убара болсо, айрымдар жардам көрсөтүү менен алектенишет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Алды-артыӊызга карап иш кылыӊыз. Колуӊуздан келбеген ишке мурдуӊузду тыгып, бүтүрө алам деп убада берүүдөн качыӊыз. Болбосо жумшаган эмгегиӊиз талаага кетет. Шейшембиде айрым түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, кээ бирлери кол үзүшүп калуусу мүмкүн. Ишембиде акчаӊызга, баалуу буюмдарыӊызга сак болуӊуз, жоготуп же уурдатып жиберүү коркунучу чоӊ.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта башында айрымдарга менменсинип коюу ашыктык кылбайт. Бул өзүӊүздүн баркыӊызды көтөрүүгө өбөлгө болот. Шейшембиде электр буюмдарын этият урунуӊуз, жапа чегип калууӊуз мүмкүн. Шаршембиде кандайдыр бир маселе жаралса, кескин түрдө чара көрүүгө шашылбаӊыз. Иш нугуна өзү түшөт. Ал эми аптанын экинчи жарымында баары ойдогудай өтөт, капчыгыӊыз да кампаят.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта жаӊы жумуш издегендер үчүн ийгиликтүү болот. Шаршембиде оюӊуз оӊунан чыгып, колго алган ишиӊиз илгерилеп, капчыгыӊызды толтурууга да жетишесиз. Айрымдар көптөн күткөн мүлкүнө ээ болушат. Жума күнү кимдир бирөө менен жаман-жакшы айтышып кетүүӊүз күтүлүүдө. Апта соӊунда күтүлбөгөн белектин ээси болосуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жаралган кырдаал пландарыӊызды түп тамырынан бери өзгөртүүгө түртөт. Бирок бул ишиӊизге оӊ таасирин берип, кесиптештериӊиздин арасында кадыр-баркыӊыз жогорулайт. Бейшембиде романтикалуу кече күтөт. Жума күнү көп маселени чечүүгө жетишип, эс алуу күндөрүн жаӊы идеялардын үстүндө иштөө менен өткөрөсүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Биринин артынан бири пайда болгон маселелер айлаӊызды алты кетирет. Канчалык аракет кылсаӊыз да, баарын өз ордуна коюуга күчүӊүз жетпей, кыйналасыз. Жакындардын жардамына таянуудан качпаӊыз. Жума күнү баары өз ордуна келип, ишиӊиз жанданат. Ал эми апта соӊунда жеке жашооӊузда эки жолдун бирин тандоого туура келет. Ички туюмуӊузга баш ийиӊиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иш жаатында колдоо көрсөткөн өнөктөштөр табылып, ишиӊиз илгерилейт. Бирок буга ичи тардык кылгандар да болот. Аларга көӊүл буруунун ордуна өнөктөштүн ишенимин актоого күч жумшаӊыз. Жума күнү алыстан кубанычтуу кабар келет. Ал эми дем алыш күндөрүн жеке өзүӊүзгө арнап, эс алуу, ден соолугуӊузду чыӊдоо менен алектениӊиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан