КАЙРЫМДУУЛАР ЖАНА ЗЫЯН АЗЫКТАРДАН АКЧА ТАПКАНДАР

Дүйнөгө белгилүү жылдыздар кайрымдуулук үчүн акча аябасын баарыбыз билебиз. Ошол эле учурда алардын арасында акча табуу үчүн ден соолукка зыян келтирүүчү азыктарды жарнамалагандары да бар.

АФРИКАГА МЕКТЕП САЛДЫРГАН МАДОННА
Мадоннанын маал-маалы менен жакырларга жардам берүү адаты бар. Ал 2009-жылы бала багып алуу максатында Африканын Малави Республикасына барып, элдин жашоосун көрүп кайгырып келген. Ырчы: “Адам жакшы жашашы үчүн жаштайынан билим алуусу керек. Бул жердин жашоочуларынын жакырчылыктын айынан балдарына билим берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошондуктан жок дегенде бир мектеп куруп берүүгө жардам берем”,- деген. Ырчы сөзүнө туруп, Малавиге 500 окуучу билим ала турган мектеп курдуруп жатат. Буга 15 миллион доллар бөлүп берген. Ырчы мектепти өнүктүрүүгө мындан кийин да жардамын берерин белгилейт.

«ГИННЕС РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ» КИРГЕН ЖЕКСОН
Өзүнүн өзгөчө ырлары жана бийлери менен дүйнөнү дүңгүрөткөн поп-жылдыз Майкл Жексон өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин колунда жокторго жардам берип келген. Мындай боору­керлигинин арты менен 2000-жылы “кайрымдуу­лук акциясын эң көп уюштуруп, колунда жокторго жардам берген ырчы” делинип, “Гиннес рекорддор китебине” киргизилген. Маалыматка таянсак, Майкл Жексон АКШ­дагы 39 кайрымдуу­лук уюмуна жыл сайын чоң суммада акча бө­лүп турган.

ЖЕТИМ БАЛДАРГА КАМ КӨРГӨН ПИТТ МЕНЕН ЖОЛИ
Ата-энесиз балдардын тагдырына кайдыгер карабаган кош жылдыз жакында АКШдагы жетим балдарга жардам берүү уюмуна 500 000 доллар которушту.
Негизи, атактуу жылдыздар Анжелина Жоли менен Брэд Питт акыркы кезде кайра-кайра бала багып алуусу менен эл оозуна алынып келет. Жылдыздар мындай жоруктарын “таштанды балага жаркын келечек тартуулоого кошкон салымыбыз” деп түшүндүрүшөт. Ошону менен катар “жакшылык кылып, оор жашоо­до жаш төккөн баланы эмес, жылмайган баланы көрүүдөн рахат алабыз” дешет.


АРАКТЫ МАКТАГАН БОНДАРЧУК МЕНЕН СТАЛЛОНЕ
Орусиянын белгилүү режиссёру Фёдор Бондарчуктун жарнамадан тапкан жылдык кирешеси 350 миң долларды түзөт. Мисалы, «Веда» аттуу алкоголь ичимдигин мактап, жарнамалык роликке тартылып, көрнөк-жарнактарга чыкканы үчүн 100 миң доллар алган.
Голливуд жылдызы Сильвестр Сталлоне да ичимдикти жарнамалап чыккан жылдыздардын катарында. 2008-жылы актёрго Орусияда спирт ичимдигин чыгарган чоң компаниядан сунуш түшкөн. Макул болгон Сталлоне "Русский лёд" ичимдигин жарнамалап чыккандыгы үчүн 1 миллион долларды капчыгына салган.

КАРТОШКАДАН МИЛЛИОН ЕВРО АЛГАН БИЛАН
Учурдагы Орусиянын эң популярдуу ырчысы Дима Билан акча табуу үчүн ири компаниялардын азыктарын жарнамалоодон баш тартпайт. Өзү жарнамалап жаткан азык ден соолукка зыянбы же жокпу, ырчынын башы оорубаса деле керек. Анткени картошка калдыркандары (чипсы) ден соолукка зыян келтирүүчү азыктарга кирет. Мына ошол картошка калдыркандарын жарнамалап чыкканы үчүн Билан 2009-жылы 1 миллион евро тапкан.

ПЕПСИДЕН КИРЕШЕ ТАПКАН ШАРАПОВА
Газдалган суусундук ден соолукка зыян экени баарыбызга белгилүү. Ошондой суусундукту жарнама кылгандардын бири – спорт жылдызы Мария Шарапова. Ал “PepsiCo” компаниясы менен келишим түзүп, иштешип келет. “Бул үчүн канча аласыз?” деген суроого Шарапова: “Бул коммерциялык сыр, аны айткым келбейт”,- деп жооп берет.

ТАМЕКИНИ ЖАРНАМАЛАГАН КРЕЙГ ДЭВИД
“Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Тамеки тартуу – ден соолукка зыян” деп ар бир тамекинин кутусуна жазылат эмеспи. Антсе да чоң сумма үчүн атактуу ырчы Крейг Дэвид бир кезде тамекини жарнамалап чыккан. “Salem” тамекисин жарнамалоого Дэвид чыгармачылыгын өркүндөтүүдө акчага муктаж болгону үчүн макул болгон дешет. Учурда ырчы “эми менин ысымым бир дагы тамеки чыгаруучу компанияларда жарыяланбайт” деп сөз берип келет. Крейг ошондогу жарнамасы үчүн канча каражат тапканын жашырат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан