ЖЫЛКЫ СОЮУ ЖАНА УСТУКАНДОО

Жылкынын казы-карта майын чайнап, чүйгүн этинен тиле кесип жеген кимге жакпасын? Беш бармагы жөнүндө айтпасак да белгилүү эмеспи. Бирок жылкы кантип союлат, жиликтери канчага бөлүнөт, устукандар кандай тартыларын баарыбыз биле бербейбиз. Кызыгып жатсаӊыз, баарын төмөнкү макаладан окуп алыӊыз.

ЖЫЛКЫ СОЮУ
Жылкыны адалдаардын алдында кыбыланы каратып Жараткандан жакшылык тилеп бата кылынат. Андан кийин алдыӊкы буттарын аркан менен тушайбыз. Аркандын калганын теӊ экиге ажыратып, арткы буттарынан кайчылаштырып илип, жерге жыгабыз. Алдыӊкы жаагын аркан менен байлап жогору тартып, кокого бычак уруп, күрөө тамырды жана кекиртекти кулактын түбүнө чейин кесебиз. Жылкынын жаны чыккандан кийин буттарын чечип, терисин сыйрууга киришебиз.

ТЕРИСИН СЫЙРУУ ЫКМАСЫ
Чү дегенде эле төрт шыйрагын кесип алабыз. Андан кийин алдыӊкы бутунун терисин ичинен төштү карай түз жирейбиз. Экинчи бут да ушул ыкмада ишке ашат. Андан кийин төштөн башка карай түз жирейбиз. Жылкынын арткы буттары да алдыӊкы буттардай эле кесилип, табарсык тарапты көздөй кесилет. Андан кийин курсактын терисин теӊ экиге бөлүп алабыз. Териге жол салып алгандан кийин жылкынын бир жак капталын таяп, чалкасынан түшүрүп алуу зарыл. Бул анын терисин бир убакта эки тарабын теӊ чыгарууга ыӊгайлуу (кара малды экиден көп киши сойгондуктан, бири алдынан, бири артынан терини сыйрыйт). Терини кабыргага чейин кесип алган соӊ калганын муштум менен жиреӊиз. Териге эт, май жабышпай чыгыш үчүн малды соёрдон мурун 1 күнгө чейин жем-чөп бербей таӊ ашырып коюу керек. Муну менен малдын ичиндеги бок-жини тазаланат, экинчиден, тери оӊой чыгат. Мындан сырткары тери эттен оӊой ажырашы үчүн союлчу малга бат-бат туз берип туруу абзел.
Терини эттен ажыратып болгон соӊ кылдаттык менен ичин төштөн бир карыш ылдый жеринен киндик тарапка чейин кесебиз. Ич этти алардан мурда ичеги оодара турчу тарапка клеёнка салып алыӊыз.

ИЧ ЭТ
Жылкыны бир капталга оодарганда ич эт жеӊил эле жайылган клеёнкага сыдырылып түшөт. Карынды, ичегини, картаны ажыратып алып, өзүнчө идишке салып, тазалайбыз. Карын менен карта кат-кат болгондуктан, ар биринин ортосун тазалап жууш зарыл. Антпесе картага боктун жыты сиӊип калат да, шорпонун жана эттин даамын бузат. Эми боорду кесип алабыз. Өпкө-жүрөктү кекиртек менен сууруп алып, жүрөктү тилип, канын тазалайбыз.

КАЗЫ-КАРТА, ЖАЛ
Жылкынын эӊ чүйгүн жери болуп казы-картасы, жалы эсептелет. Жылкы – бат семирүүчү жаныбар. Жем-чөбү келишсе 40 күндө согумга даяр болот. Семиргенин жалынан жана киндигинен билсе болот. Касаптар жылкынын ичинде канча эли казы бар экенин киндигин же жалын кармап эле билип алышат. Жылкынын казысын булут, бир эли, эки эли, үч эли, төрт эли, анан таман казы деп бөлүшөт. Таман казы чыкканда жылкынын ичегиси чучук жасаганга жетпей калат.

ЧУЧУК ЖАСООНУН ЫКМАСЫ
Ичегини таза жууп алган соӊ ыӊгайына карата бөлүп алабыз. Казыны узатасынан тилип, атайын идишке салып, татымына жараша туз, кара мурч, табитке жараша зире кошуп аралаштырып, 5-6 саатка тыныктырып коёбуз. Аралашып болгон соӊ кесилген ичегинин бир жагын жип менен байлап, ачык жагынан казыны салабыз. Кесилген ичеги толгон соӊ жип менен байлайбыз.

ЖЫЛКЫНЫ ЖИЛИКТӨӨ
Алдыӊкы колдон кар жиликти күӊ жиликтен ажыратып алабыз. Андан кийин күӊ жиликти далыдан ажыратабыз. Далыны моюн эттен жана кабырга этинен кылдаттык менен кесебиз. Экинчи кол дагы ушундай жол менен ишке ашат.
Арткы саны болсо жото жиликти кашка жиликтен ажыратуудан башталат. Андан кийин кашка жилик жамбаштан бөлүнөт. Жамбашты учадан ажыратууда этин көп чыгарып албаш үчүн уча менен жамбаш ажырачу жикти бычак менен айлантып кесип алыӊыз. Муну менен учанын эки тарабындагы эти теӊ чыгат. Экинчи сан дагы ушул жол менен бөлүнөт.

ЖИЛИКТЕРДИ БӨЛҮҮ
Негизи жылкынын жилигин кыргыздар сыйлуу конокко бүтүн тартышкан. Азыр замандын шартына ылайык жиликтер бөлүнүп тартылууда.
Кар жилик – эӊ улуу устукан катары эсептелет. Бул жилик аял кишилерге тартылбайт. Илгери ата-баба салтында аялдар бул жиликти укурук жилик деп тергеп айтышкан. Кар жилик бөлүнбөйт (майда жандыктардыкы). Жылкыныкы көлөмүнө жараша 4 бөлүккө чейин бөлүнүп, сыйлуу конокторго тартылат.
Күӊ жилик, далы, жото жилик жана кашка жилик төрткө бөлүнөт.
Жамбашты, негизинен, экиге бөлүш керек. Бирок төрт бөлүккө бөлүнүп, булар сыйлуу устукан катары тартылат.
Мындан тышкары бел-аркалар 8 бөлүккө ажыратылып, жамбаштан кийинки эле сыйлуу устукандын эсебине кирет.
Ар бир кабырга төрткө бөлүнөт.
Моюн, төш, омурткалар ыӊгайына жараша бөлүнө берет жана сыйлуу устукан катары эсептелбейт.

БЕШ БАРМАК ЖАСАЙБЫЗ
Жылкынын этин таза бышырып алабыз. Этти сууга салып жатканда суу ысык болбош керек. Суу ысык болсо эт кызарып катып кетет да, жакшы бышпай калат. Этти жай кайнатып бышырган соӊ майдалап туурайбыз. Шорпосундагы майын албайбыз, канчалык майлуу болсо ошончолук жакшы. Анткени шорпого салынып бышкан камырлар бири-бирине жабышпайт. Ошондуктан жылкынын шорпосунун майын (зардап) чогултуп коюп, камыр саларда шорпого кошуп жиберебиз. Беш бармактын камыры колго жуурулуп, тууралат.
Беш бармактын даамын чык чыгарат. Чыкты жасоодо майлуу шорпого пияз туурап, татымына жараша туз, калемпир, мурч кошуп коюӊуз.
Учанын мааниси тууралуу этнограф, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Бердигул Темирбаевге кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Уча – эӊ барктуу конок үчүн (куда-сөөк, аксакал адамдарга) тартылат. Белгилүү этнограф С.М.Абрамзондун иликтөөсүндө “өткөн кылымдарда той-аштарда Кыргызстандын түндүк тарабында – Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө коноктун эӊ абройлуусуна берилген” деп жазылган. Бул каада азыр дагы аткарылып келе жатат. Учадан кийин жиликтер улуусуна карата тартылат. Ал эми бул каада өлкөбүздүн түштүгүндө аткарылбайт. Ал жакта сыйлуу устукан катары жамбаш тартылып, андан кийин башка жиликтер тартылат.

БАШ ЖАНА ШЫЙРАК
Баштын терисин сыйрып алабыз да, аны да өз жигине карата бөлүп чыгабыз. Алдыӊкы жаакты үстүнкү жаактан тил менен кошо ажыратып алабыз. Тиштерин кагып, тазалап чыгабыз. Кааласаңыз шыйрактарынан даамдуу килкилдек жасап жесеӊиз болот.

ЖЫЛКЫНЫН ЭТИН КИМДЕРГЕ ЖЕГЕНГЕ БОЛБОЙТ?
Жылкынын этин күчтүү жана ысык оокат деп коюшат. Аны кан басымы жогору адамдар, сарык болуп ооругандар, кант диабетине чалдыккандар жегенге болбойт.


Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
uran001
2014-12-16 11:24:19
Ошто деле уча сыйлуу конокторго тартылат суйлойт десе суйлой береби
+1
mbk
2014-12-18 20:17:51
Менин билишимче жылкынын шыйрагынан килкилдек жасалбайт, ушул маалыматты жакшылап текшерип корсонуздор урматтуу автор. Мындан сырткары Кыргызстандын баардык эле жеринде уча улук жилик болуп саналат, учаны тартуунун да озунчо шаан-шокоту болот.
+1
admin_superstan
2014-12-19 10:08:37
mbk, саламатсызбы!
Тактоого аракет кылабыз. Рахмат!
0
nazi0807
2015-01-06 10:45:00
admin_superstan,
килкилдек жасоого болбойт
0
SayKal020101
2014-12-18 20:31:48
Ошто жылкы коп союлбайт,Алай , Каракулжада союлат, ал эми ноокат,Карасууда такыр эле союлбайт. Баркын деле билишпейт.
-2
Baktiyar731
2021-09-11 14:01:12
SayKal020101, сен асмандан түштүңбү, же ар бир Ноокаттык,Кара-Суулуктун той-мааракесине катышып чыктыңбы???!!!
0
nerrazuri
2014-12-21 02:28:51

ЖЫЛКЫНЫН ЭТИН КИМДЕРГЕ ЖЕГЕНГЕ БОЛБОЙТ?
Жылкынын этин европалыктарга жана турк озбек тажик жб болбойт. Алар учун эшшекти союп жеген менен бирдейт.
0
Tasma2014
2015-03-03 16:04:05
Жылкынын шыйрагын жебейт иттерге берет
0
aslan_akjol89
2015-06-04 10:08:02
Жылкынын шыйрагы муун ооруларынан айыгуу учун 1000дин бири.Каалоочулар купуядан кайрылсаныздар билген жардамымды аябайм.Практика жузундо колдонуп жакшы жыйынтыгын коргом.
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан