Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин ички иштер министрине берген тапшырмасынан кийин эле Мелис Турганбаев тиешелүү буйрукка кол койду. Ага ылайык, милиция кызматкерлерине мындан ары ишкердүүлүк субъектилерин, бизнес жана соода өкүлдөрүн текшерүүгө тыюу салынды.
Тактап айтканда, “кызыл шапкечендер” буга чейин базарда соода кылгандардын патент жана башка документтерин текшерип келген болсо, эми ишкер, соодагерлерден уруксат кагазы, патент, акча каражаты тууралуу дүмүрчөктөрдү сурап, талап кыла алышпайт. Албетте, бул буйруктун чыгышы менен базарда отурган соодагерлерди текшерүүгө алып, мунун артынан туруктуу “жем” жей турган орун таап алган кээ бир милиция кызматкерлеринин дагы бир киреше булагы жабылары анык болду. Кымгуут текшерүүлөрдүн азайышы соодагерлердин жүгүн аз да болсо жеӊилдетери бышык.
Мирлан Өмүралиев