Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданын кайра курууда 11 миллион 60 миӊ сом кайда жумшалганынын дайыны жок болууда. Мунун негизинде Башкы прокуратура тарабынан “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Маалыматтарга караганда, Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоодо Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен “Темир-Канат” ишканасынын ортосунда 51 миллион 900 миӊ сомдук келишим түзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө келишимдер өзгөртүлүп, курулуштун жалпы баасы 72 миллион 500 миӊ сомдон ашып кеткени аныкталган. Жоголгон миллиондорду ким кымырып алганын сурай келгенде баары сүттөн ак болуп чыгууда. Алгач “Темир-Канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаев “Коргоо кеӊешинин мүчөсү, Президенттик аппаратта иштеген аты белгилүү эле адам мени акча уурдаган деп күнөөлөп, түрмөгө отургузуу менен опузалап жатат” деп чыкты. Ал эми Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борборунун мурунку башчысы Алмаз Касенов Эркинбек Мергенбаев айткан адам Президенттик аппараттын эл аралык иштери боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков экендигин жар салды.
Эл аралык деӊгээлдеги иш-чара үчүн олчойгон акча бөлүнсө, анын 11 миллиондон ашуун бөлүгү дайынсыз жоголуп кеткен болсо, ошол кыӊыр ишке көӊүл бөлүп, мамлекеттин акчасы кайда кеткенин териштирип жаткан адамды “опузалоочу” катары караш керекпи? Мергенбаев менен Касенов мындай сөздөрү менен көпчүлүктү таӊ калтырып турган чагы.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg