"Бириккен Араб Эмираттарынын Ажман шаарында Алманбет Анапияев кармалды" деген маалыматты орус басылмасы "Коммерсант.ру" жазып чыкты. Уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп саналган Алманбет Анапияев Интерполдун Кыргызстандагы бюросунун өтүнүчүнөн кийин колго түшүрүлгөн. Учурда ал камакта экени айтылууда. "Кыргызстандын ИИМине анын кармалгандыгы тууралуу расмий маалымат 11-декабрда келип түштү" деп жазат басылма. Ал “адам уурдоо”, “тоноочулук”, “адамды мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу” беренелери боюнча айыпталып, 2011-жылдан тарта ага издөө жарыяланган.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүнө болгон иш сапарында Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлду. Документ эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин күчүнө кирет. Ошондон кийин гана Анапияевдин жана башка издөөдө жүргөн жарандардын Кыргызстанга экстрадицияланышы карала баштайт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg