“Кумтөр” маселеси боюнча өкмөт 15-декабрга чейин Жогорку Кеӊешке маалымат берүүсү керек. Парламент 2015-жылдын январь-февраль айларында аталган маселеге чекит коюуга ниеттенип жатат.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин талкуусуна алып чыкты. Эл өкүлү "Кумтөр" улутташтырылбай калса, бардык соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин "Кыргызалтын" ААКсынын "Центеррадагы" акциялары арестке алынарын эскертет.
9-декабрь күнү вице-премьер Валерий Диль Жогорку Кеӊештин эки комитетине жабык эшик артында “Кумтөр” боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, “Центерра” жана кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Депутат Райкан Төлөгөнов Жогорку Кеӊештин “Кумтөр” боюнча чыгарган токтомунун дээрлик бардык шарттарына “Центерра” макул болбой жатканын айтты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg