Жогорку Кеӊештин депутаты Урмат Аманбаевага карата “коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинде чогуу айыпталып жаткан Кургак учукка каршы күрөшүүчү облустук борбордун мурунку башчысы Акылбек Байсалов 11-декабрь күнү өз үйүндө асылган абалда табылды. Бул тууралуу маалымат Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө 11-декабрь күнү саат 16:45те келип түшкөн. Аталган милиция бөлүмүнүн оперативдүү иликтөө тобу Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 20-көчөсүндө жайгашкан үйгө барганда 66 жаштагы Акылбек Байсаловдун сөөгүн көрүшкөн. Моюнунда сыйыртмактын изи болгон. Учурда оперативдүү тергөө тобу сөөктү кароо иштерин жүргүзүп жатышат.
Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаты Урмат Аманбаева ооруканадан чыгып үйүндө дарыланууда. Анын жактоочусу Нургазы Сыдыков эл өкүлү учурда төшөктө жаткандыгын маалымдап: “Урмат Аманбаевага ноябрь айында операция жасалган. Учурда ал үйүндө, бирок операциядан кийин жакшы боло албай жатат. Ага 29-декабрга чейин айыбы угузулат”,- деп билдирди.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептей турганын жарыялоого жетишкен.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg