Кыргызстанда тыӊчылыкка байланыштуу дагы 2 киши тууралуу маалымат тарады. Айрым маалымат агенттиктери өз булактарына таянып жарыялашканы менен, расмий мекемелер мындай маалыматтын чындыгын бышыкташа элек. Тыӊчы катары шектелип жаткан адамдардын экөө теӊ дипломаттар, тактап айтканда, элчиликтин өкүлдөрү экени айтылды.
Маалыматтарга караганда, биринчи кармалган жаран Азия өлкөлөрүнүн биринин Кыргызстандагы элчилигинде элчинин кеӊешчиси болуп иштеп жүргөн. Анын биздин өлкөдө тыӊчылык менен алектенип жүргөнү аныкталган соӊ Кыргызстандын аймагынан чыгарылгандыгы маалымдалды.
Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери жашыруун документтерди биздин мамлекеттен алып чыгып кетмекчи болгон мезгилде кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Жол” чек ара бекетинен кармалган. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев: “Кармалган адам – Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкери Таир Матмусаев. Учурда тиешелүү органдар бул боюнча иштеп жатышат. Эгер анын айыбы далилденсе, мыйзам алдында жооп берет”,- деп билдирди.
Буга чейин “кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде Өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, экс-премьер Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев кармалган эле.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg