2014-жылы Кыргызстан тарыхында биринчи жолу ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН классификациясы боюнча эӊ төмөн кирешелүү өлкөлөрдүн тобунан чыгып, ортодон төмөн кирешелүү мамлекеттердин катарына кошулду. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Т.Султанов билдирди.
Жогорку Кеӊештин депутаты Надира Нарматованын айтымында, парламенттеги 120 эл өкүлүнүн 30-40 пайызы гана МИЛЛИАРДЕР, калганы өзүн жана үй-бүлөсүн камсыздай ала турган өлчөмдө акча табышат.
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп Жоошбек Коёналиев дайындалды. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси ТУРУСПЕК КОЁНАЛИЕВДИН бир тууганы.
Кыргызстандагы эӊ коррупциялашкан тармак – билим берүү жана медицина тармагы экендигин Коргоо кеӊешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров билдирди .
Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, Бишкек шаарындагы 600 чакырым жолдун 300 чакырымына гана асфальт төшөлгөн.
Бишкек ШИИББинин 5-башкармалыгы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында мугалимдер студенттерге дипломду 800 долларга чейинки баада сатышарын маалым кылды.
Жогорку Кеӊештин депутаты Мамытбай Салымбеков: “Ат-Башынын эли жер иштетүүгө жетише албай жатат. Жалпы жердин 5 гана пайызын иштетишүүдө. Ошон үчүн мен Оштун элине ошол жакка барып, дыйканчылык кылып жашашын сунуштайм”,- деди.
Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча агенттиктин маалыматына ылайык, электр энергиянын эсеп дүмүрчөк кагаздары 11-декабрдан тартып жаӊы тариф боюнча келет. Электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор 70 тыйындан, 700 киловатт-сааттан көп колдонгондор 2 сом 5 тыйындан төлөшөт.
11-декабрга карата Кыргызстан боюнча биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны 1 миллион 31 миӊ кишиден ашты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.