Жыл жыйынтыгын чыгарар мезгил келип, «Супер-Инфо» гезитинин кезектеги мыктыларды тандоосу жүрүп жатат. Буга чейин гезит бетине жыл ичинде ийгиликтүү иштеп, жыйынтык көрсөтө алган шоу, маданият, спорт өкүлдөрүнүн тизмеси жарыяланган. Талапкерлердин тизмеси super.kg порталына жүктөлүп, добуш берүү эки апта бою жүргүзүлүп, алдыңкы үчилтиктерди аныктоо менен 1-тур жыйынтыкталды. Алдын ала айтылган шарт боюнча, наамдарга талапкер катары ат салышкандардын эң көп добуш чогулткан үчөөсү 2-турга өтмөк. 2-турда ар бир наам боюнча жеңүүчү SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын добушу менен аныкталат. Добуш берүү 18-декабрь күнү саат 10:00дө токтотулуп, эң көп упай топтогон талапкерлер «Жылдын супери» аталышат. Добуш берүү учурда super.kg порталында жүргүзүлүүдө. Сиз да өз добушуңузду бериңиз, окурман. Жылдын мыктыларын чогуу аныктайлы!
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg