Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 2-8-декабрь күндөрүнүн аралыгында араб өлкөлөрүнө расмий иш сапары менен барып кайтты. Иш сапардын алкагында ажо Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар өлкөлөрүнүн жетекчилери менен жолугушууга жетишти. Өлкө жетекчилиги тарабынан бул мамлекеттерге расмий сапар Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп отурат.
Араб өлкөлөрү менен байланыш 22 жылдан кийин жанданды
Президенттин айтымында, иш сапардын максаты араб өлкөлөрүнө Кыргызстанга жол ачуу болгон. Өлкө башчы: “Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы алгачкы байланыш 1992-жылы болгон. Кандайдыр бир себептер менен мамиле бузулуп кеткен. Мындан ары кырдаалды оңдоо үчүн бардык күчтү жумшап, араб өлкөлөрүнөн инвестиция тартуу аракетин көрүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө араб өлкөлөрү дүйнөлүк каржы уюмдарынын бири болуп саналат» -деп билдирди.
Ажонун иш сапары боюнча кыргыз элитасы да ар түрдүү пикирлери менен бөлүштү. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу интернеттеги баракчасына “1993-жылы Аскар Акаев жетектеген расмий делегация Израилге барышкан. Барганда да эң чоң саясий ката кетирип, чоң жаңжалга учураган. Негедир Аскар Акаев “биз Иерусалим деген ыйык шаарды Израилдин гана борбору катары тааныйбыз” деп айтып жиберген. Ошондон бери "араб өлкөлөрдөн кечирим сурагыла" деп сайрап келип жаттым! Мына эми Алмазбек Атамбаев ошол саясий жаңжалды жумшартты... Баракелде!” деп жазды.
Дубайда жүргөн кылмышкерлердин күнү бүттүбү?
Иш сапарда Сауд Арабиясы менен 4, Бириккен Араб Эмираттары менен 8 жана Катар менен 7 макулдашууларга кол коюлду. Макулдашуулар соода-экономикалык тармакта иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошондой эле Кыргызстан Сауд Арабиясында жана БАЭде инвестициялык өнүктүрүү фонддорун түздү.
Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлушу тез эле натыйжа берип, 11-декабрда “Дубайда жүрөт” деп сөз болуп келе жаткан Алмамбет Анапияевдин кармалгандыгы тууралуу маалымат пайда болду. “Эми издөөгө салынгандарга Дубайда жашырынууга мүмкүн болбойт, кылмышкерлер Кыргызстанга өткөрүлүп берилет”,- деди Атамбаев. Ал эми Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Ахмад Мохаммед Али Аль Мадани менен болгон жолугушуудан кийин мамлекет башчы банк жакынкы аралыкта Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго 1,2 миллиард доллар жумшоого даяр экенин айтты. Макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Бириккен Араб Эмираттары жана Катарда биздин өлкөнүн элчиликтери ачыла тургандыгы маалым болду.
Дагы бир белгилеп кетчү нерсе, президент уулу жана расмий делегациянын мүчөлөрү менен иш сапарынын алкагында кичи ажылык зыяратын Мекке шаарындагы мечитте аткарды.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg