Cупер-Инфонун” тандоосу боюнча 2012-жылдын дебютуна талапкер болгон, “Кайдасыӊ?” ыры менен таанылган ырчы Каныкей Акын турмушка чыкты. "Түркияга атамдын жанына барып чыгармачылыгымды өзгөчө нукта өзгөртөм" деген ырчы минтип 18 жашында Исхак аттуу мырзага баш байлап отурат.
"Чынында, ырчылык өнөрүмдү өркүндөтөйүн деген ниетим бар болчу, буйрук экен, турмушка чыгып кеттим. Жолдошум менен караоке клубдан таанышканбыз. Аты Исхак, 23 жашта. Өзү Нарындан болгону менен Бишкекте өскөн. Экөөбүз 6 ай сүйлөштүк. Быйыл экономист адистигине ээ болгону турат. Менин чыгармачылыгымды колдойт, туура түшүнөт. Буюрса, мурдагыдай эле ырдай берем",- дейт Каныкей.