Ырчы жана жакын курбулар Райхан Абдувалиева менен Алина Жетигеновалар ырчы Роза Табериковага алданып калышканын редакцияга кабарлашты. Алардын айтымында, Роза айым үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында "2 миӊ доллардан төлөп берем" деп ырчыларды Москвага чакырган.
“Биз айтканына ишенип Москвага жетип барыптырбыз. Концертке катышып, кайтарыбызда эле 2 миӊ доллардан кабар жок. "Силер кете бергиле, артыӊардан акчаӊарды салып жиберем" деген ырчыны 2 айдан бери күтүп жүрөбүз. Башында "айлыгымды алсам салам" деп алдап жүрдү, эми чалсак телефонун да албай жатат. Чоӊ эле аялдын алдаганы уят да. Бизге чейин деле ал ырчыларды Москвага чакырып, концерт коюп акчасын бербей койчу экен. Элдин баары анын аферист экенин билчү тура, биз укпаптырбыз. Ага жакшылык кылып, аз эле акчага барган элек. Ошол акча менен ал да, биз да жарыбайбыз дечи. Бирок бизден кийинки ырчыларга сабак болсун деген ниетте айтып жатабыз”,- дейт күйгөн Райхан Абдувалиева.
Эске салсак, Роза Таберикова "Бир көрүп сүйүп калганга, сен, жигит, анча таӊ калба..." деген ыр саптары бар "Бир сүйүү" ырын аткарып аты таанылган.