Министрдин кызынын махабаты” тасмасында жеӊил ойлуу Зинанын ролун жараткан актриса Роза Азимбаева Рустам Аташовдун “Аялдык бакыт” аттуу сериалында башкы каармандын ролун ойноодо. Роза кинодо ырчы Замир Мырзанын жубайынын образын жаратып жатканын кабарлады. Тасма учурда Ош, Бишкек шаарларында тартылууда. "Роза кесиби боюнча актриса, образды да жакшы ачып берет. Ал эми Замирден кантип ойнойт болду экен деп чочулап жаттым эле, бирок жыйынтыгы жакшы",- деп билдирди тасманын режиссёру.