Кезектеги "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси “Миӊ кыял” радиосунун кызматкерлери Назгүл Жамгырчиева жана Акылбек Жеӊишбек уулуна ыйгарылды. "Назгүл эже экөөбүзгө 8-декабрда министрликтен өкүлдөр келип, төш белгини тапшырышты. Бул сыйлык чыгармачыл адамдарга чоӊ стимул болот экен. "Эл эмгегин жер жебейт" демекчи, менин радиодо иштеп жатканыма 6 жыл болду. Буюрса, мындан ары да иштеп, элиме кызмат кыла берем",- дейт толкунданган ди-джей.