НАСЫЯ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

Карапайым калк арасында банктардан насыя алуу тууралуу көптөгөн суроолор жаралып келет. Бул ирет окурмандардын «Насыяны кантип алсам болот? Эмне документ даярдашым керек? Кимдерге алууга болбойт?» деген суроолоруна «Аманбанктын» кардарларды тейлөө боюнча менеджери Гулира Эдилбаева жооп берет.

«КИМДЕРГЕ НАСЫЯ БЕРИЛБЕЙТ?»
– Жакындарымдын банктан насыя алып, бирди эки кылып байып жатышканын көрүп, мен дагы насыя алсамбы деп ойлонуп жаткам. Эки ирет соттолгом. Насыя ала аламбы? Негизи, кимдерге насыя берилбейт? Кайсы учурда насыя алууга мүмкүн эмес?

Улук, Бишкек шаары

Эгерде сиз соттолгон болсоӊуз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболоруна ылайык, сизге банктар насыя беришпейт. Андан сырткары иши кумар оюндарына байланышкан адамга, аскер техникасын өндүрүүгө жана тыюу салынган химиялык заттарды өндүрүүгө насыя берилбейт. Туруктуу айлык акысы жок, туруктуу жашаган жери жок, бизнести жаӊыдан гана баштаган, ошондой эле иштеген жумушун юридикалык тастыктаган документи жок адамдар банктан насыя ала алышпайт.

«КҮРӨӨСҮЗ НАСЫЯ БЕРЕБИ?»
– Банкка күрөөгө койгонго кыймылсыз мүлкүм да, кепил болчу адамым да жок. Күрөөгө койбостон, кепил болчу адамы жок насыя алса болобу? Канча суммага чейин берилет?

Султан, Токмок шаары

Эгерде сиздин күрөөгө койчу мүлкүӊүз жок болсо, кепил болчу эки адамыӊыз болуш керек. Ошондо сиз 50 000 сомго чейин насыя алсаӊыз болот. Күрөөсүз жана кепил болчу адам жок болсо, банктар насыя беришпейт.

«АВТОНАСЫЯ ТУУРАЛУУ БИЛГИМ КЕЛЕТ»
– Машина алууну кыялданып, бирок жетпей келем. Айлыгымды топтоюн десем тыйын чөнтөккө жукпай жатат. Банктардагы автонасыя жөнүндө түшүнүк алайын дегем. Кантип алсам болот?

Гүлжан, Бишкек шаары

Автонасыя алуу үчүн сиздин кирешеӊизди тастыктаган акыркы 12 айга аныктама талап кылынат. Эгерде бизнес жаатында эмгектенсеӊиз, анда жеке ишкердин 12 айлык патенти керек. Насыя боюнча айына төлөгөн төлөмүӊүздүн суммасы сиздин таза кирешеӊиздин 70 пайызынан ашпашы керек. Сатып ала турган мүлктү өз алдынча издештириӊиз. Сиз ала турчу автоунаанын 30 пайыз акчасы өзүӊүздө болуш керек. Калган сумманы банк бере алат. Күрөөгө болсо алынып жаткан автоунаа коюлат.

«Банктар аркылуу алган буюмдардын сапатына ким кепилдик берет?»
– Банктардын биринен үйгө эмеректерди насыяга алгам. Сапаты начар экен, колдонгонума бир ай болбой жатып сынып калды. Банкка барып, башка эмерекке алмаштырып берүүсүн талап кылсам болобу? Насыяга берген буюмдардын сапатына карашабы?

Кымызай, Ош облусу

Банк менен эмеректерди берген ишкердин ортосунда эмеректин сапаты боюнча келишим түзүлөт. Эгерде сизде кепилдик талону болсо, эмеректи алмаштырып берүүсүн талап кылсаӊыз болот.

«НАСЫЯМДЫ ТӨЛӨЙ АЛБАЙ ЖАТАМ»
– Күрөөгө үйүмдү коюп, банктан насыя алгам. Чамам келбей, төлөй албай жатам. Банк үйүмдү алып сатса, мен алган акчанын өлчөмүндө эле сатабы же кымбатка сатып, мага калганын береби?

Ишенбек, Чүй облусу

Мындай учурга кабылып жатсаӊыз, насыя алган банк менен макулдашууга кол коюӊуз. Келишим түзүлгөндөн кийин базар баасында сатып, банкка карызыӊызды төлөп, калган сумманы алсаӊыз болот. Эгерде насыя такыр төлөнбөй, бул иш сотко өтүп кеткен болсо, иш соттун чечими менен каралат.

«БИРӨӨГӨ КЕПИЛ БОЛГОМ, ЭМИ НАСЫЯ АЛСАМ БОЛОБУ?»
– Досум банктан насыя алганда кепил болуп берген элем. Ал алган насыясын төлөп бүтө элек. Эми өзүм насыя алышым керек болуп жатат. Алсам болобу?

Белек, Талас облусу

Эгерде досуӊуздун насыясы көп өлчөмдө болбосо жана ал убагында төлөп жатса, алсаӊыз болот. Досуӊуз алган сумма көп болуп, төлөө учурунда кыйынчылыктар болсо, сизге насыя берилбейт.

«БИР УЧУРДА ЭКИ БАНКТАН НАСЫЯ АЛУУГА МҮМКҮНБҮ?»
– Өткөн жылы банктардын биринен эки жылдык мөөнөт менен насыя алгам. Керектөөмө жумшалып кетти. Күрөөгө койгон үйүмдөн айрылганы турам. Бул учурда банк тарабынан кандай жеӊилдиктер берилет? Башка банктан насыя алып, биринчи банктагы карызымды төлөп турууну ойлонуп жатам. Бир учурда эки банктан насыя ала аламбы?

Көлбек, Ысык-Көл облусу

Мындай учурда насыя алган адамдын төлөө мүмкүнчүлүгүн текшерип туруп, банк тарабынан кредиттик комитеттин чечими менен төмөнкүдөй жеӊилдиктер берилиши мүмкүн:
– Төлөм тартибин жылдыруу;
– Кандайдыр бир мөөнөткө төлөмдү токтотуп, тыныгуу берүү;
– Насыяны реструктуризация кылуу, башкача айтканда, пайыздык ченин карап берүү;
– Насыянын мөөнөтүн өзгөртүү.
Ал эми бир учурда эки банктан бир адам, бир мүлктү күрөөгө коюп насыя алууга болбойт.

Cултан Төрөбеков
kenesh@super.kg

«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеӊештерге муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.

 Кыстарылган видео 
Насыя алуунун жол-жоболору
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
yasmina_kg
2014-12-15 09:35:13
Эмне коп,банк коп.Анкени шылуундар учун эн оной акча табыш бул насыяга очойгон процент менен берип коюп жата беришет.Кандай толойсун озун бил,толой албайсын процентентин устуно процент кошуп,аны да толой албасан бала чакан менен кочого кууп чыгып жалгыз уйун тартып алат.Насыя алып жатканда уйунду ушундай арзан баага баалайт 10 эсеге,толой албасан ошол бааны берип коеот да кийин озлору кымбат сатышат.Кредиттен 100 процентен 10 процент байыбаса калганы куурап толой албай журушот.Албай эле койгула.
+1
rozka
2014-12-15 11:01:48
Ээх азыр ар бир адамдын карызы .кредити бар ансыз эч болбогондой ыйлап сыктап толомой
0
Ariet7
2014-12-16 02:41:00
албай эле эптеш керек проценти да асмандын башы канчалаган адамдар уйун алдырып кочодо калып атышат
0
sumaya
2014-12-16 06:31:31
Исламда да айтылат го процент харам деп.Мен кесибим боюнча экономистмин.Банкта 4 жыл иштедим даже айлыгымдын берекеси жок болчу.Колдон келсе кредит албай эле койгон он.Азыр Кыргызстанда микро кредиттик компаниялар аябагандай коп,банктарга салыштырмалуу аябай чон процент менен кредит беришет, аны карапайым калк куроосуз женил дешип ала беришет да тологону келгенде ломбарддан алып жабышат (толом учурунда таппай калганда айласыздан).Ошентип карызды карыз менен жаап долговая ямага кантип тушконун
0
sumaya
2014-12-16 06:35:09
Оздору да билбей калышат.Кредиттин айынан канчалаган адамдар Россияда журушот.
+1
sumaya
2014-12-16 06:37:43
Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан акыр замандын адамдары жалан процент менен кун коруп жашап калышат деп...
0
ArgenMers
2014-12-16 13:01:47
Кыргызстанда 95% процент Элдердин Кридити бар Азыркы учурда доллар которулуп рубль тушуп абдан Кыйынчылык жаратууда Биз дагы Кридит толойбуз 3 айда бирден 2000$ доллардан кварталный кечекинде 114000 рубль салдык оной акча эмес экен Кудайга Шугур иштеген ишибиз бар экен Андыктан баарыныздарга Сабырдуулук жаны жылдан Кийин Кандай закон чыгат экен дагы!
0
suiuktuujar
2014-12-19 12:25:51
Насыяга акча алгандан кудай сактасын.
0
apsamat
2015-02-10 17:51:49
салам супер инфо мен кредит алайын деп жаттым эле кайсыл банттын кредиттери аз процент менен берилип жатат ошол боюнча маалымат берип коюнуздарчы, мал чарбачылыгына аз проценттен берилет деп жатышты эле жанылыктарда?
0
admin_superstan
2015-02-10 18:00:31
apsamat, саламатсызбы!
Ал тууралуу маалымат:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=76826&view=findpost&p=2165919
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан