Роза Шакирова: «3 БӨЛМӨЛҮҮ ҮЙҮМ МЕН ҮЧҮН ХАН САРАЙ»

Ырчылардын коӊур үнү менен аыйрмаланган, 2007-жылы «Супер-Инфонун»«Алтын үн» наамына татыган Роза Шакированын ак өргөсүнө конокко бардык «3 бөлмөлүү үйүм мен үчүн хан сарай» деген ырчы айым бизди кучак жая тосуп алды.


– “Канчалык көп бут кирсе, ошончолук кут кирет” демекчи, мейман тоскондон ырахат алам. Бул менин чакан конок бөлмөм.

– Ашканам тар, бирок өзүмө ыңгайлуу. Жолдошум манты менен оромомду мактап жесе да, гүлчөтайымды мактай элек.

– Укмуш чебер болбосом да үйгө керектүү төшөнчүлөрүмдү апам экөөбүз эле тигип коёбуз.

– Бул кооз сандыкты түрмөгө концерт коюп барганда белекке беришкен.

– Биздин уктоочу бөлмөбүз. Кийим илүүчү гардеробумду батыруу үчүн боёнуучу столумду – трюмону төргө жайгаштыргам.

– Сыйлыктарымдын баарын тизсем текче көтөрө албай калчудай. Айрымдарын ушинтип коюп алгам.

– Уулум Руслан мага караганда компьютерде көп отурат. Жалгыз болгондуктан үйдүн эркеси. Көптөн бери терезени ачып, “оо, Кудай, апама көп ляля бере көр” деп тилек кылып жүрөт. "Жаштын тилегин берет" дегендей, наристелүү болуп калсам ажеп эмес.

– Гардеробумда жолдошум, Гүлнур Сатылганова, Замира Молдошевалар белек кылган кийимдерим бар. Мурда эски формаларымды сиңдилериме берчүмүн. Жакындан бери эч кимге бербей, чогулта баштадым.

– Туулган күнүмдө жолдошум белек кылган мандарин дарагы. Артындагы менин 2 жаштагы сүрөтүм. Баткакта ойноп жаткан жеримден апам сүйрөп келип, сүрөткө түшүргөн экен.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Роза Шакирова: "Абактагылар сандык белек кылышкан"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Aysuluuwa
2014-12-16 00:12:45
Сыйыналы бир келген бактыбызга.....керемет создор
+2
belka
2014-12-16 02:20:24
Үнү укмуш,жагымдуу.
+1
Aikoo2014
2014-12-16 02:26:59
Уйунузго береке толсун!
+1
Bolo
2014-12-16 12:48:28
Чыныгы "Алтын ун" десек болот. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
+2
Janylai2012
2014-12-16 14:45:57
азаматсыз Роза эже баарын ачык айтат экенсиз бирок кичине болсо дагы жашырып коюу керек
0
Uulkan2288
2014-12-17 02:32:13
Менин устатым.
0
Boldukan86
2014-12-17 03:13:43
оа уну жакшы. обонго жетет. уйуно келсек озуно ток жетиштуу экен б.а. эл катары жашайт экен. болотда эмне болуптур.
0
amanatym
2014-12-18 17:46:06
чыйылдап ырдайт го, ырдайт десе ле
-2
gogi55
2014-12-19 01:08:45
Сандыгы укмушко жакты
0
shagzada111
2014-12-19 11:31:51
соонунго, жонокойлугу жагат
0
IRA
2014-12-19 11:53:30
жакшы, Гулнур сатылановага караганда ушул Розанын уну жагат мага. Ал эми уйуно келсек эн сонун, чем квартиралап жашагандан коро. бактылуу болунуз. мейманга барганды мен да жакшы кором экообуз окшош экенбиз бул жагынан))))))))))))
0
sawa9090
2014-12-20 02:02:09
Роза эже ачык мунозунуздон жазбаныз. Уйбулолук бакыт каалайм!
0
Leili
2015-01-11 21:27:38
ачыктыгы жагат кридитке алганы жакшы экен ачык айтыптыр бирок аябай толкунданыптыр мен бир жолу уйуно баргам жалга сонун болчу
0
orhidea83
2015-01-11 22:03:39
Уй булолук бакыт ден соолук каалайм ийгилик!!!
0
tin-tina
2015-12-27 23:47:39
Чыгармачылык жана уй булолук бакыт каалаймын.журоко жеткирип ырдайсыз жакшы бизге жаккан ырларды жаратын
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан