Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жаркын-Айым мечитинде Мала хан Шатман кожо, Кадырбек датка, Кудайназар амин, Маргалаң беги, молла Алымкул болуп намаздан соң сүйлөшүштү. Булар – ордонун төрт тарабынан көтөрүп турган алтын түркүк, буларсыз азирет хан кирер башпаанеги, жатар оруну жок бир селсаяк. Кубаттуу, дымактуу Алымбек даткага ушулар аркылуу гана туруштук кыла алат.
– Кана, не кылгайбыз,- деп өзү кеп баштады Мала хан, – ай­ты­ңарчы, бу бейнысап даткага карата не аракет, не мамиле кылгайбыз?
– Ынтымак!- дешти бектер бир ооздон.
– Ынтымак?! Ыйык сөз, ак сөз. Бирак ачык айтышалы, ким бузуп жатат аны? Өлкөнү четинен кесип, ким базарга салып, сатып жатат? Же мен өзүм бузуп жатамбы ордомдун ыркын, ыя?!
Мала хан көбүрө-жабыра кейип, Алымбек датканын айыптарын санап кирди.
Бир жактан амир Музаффар, бир жактан орус кысып келе жатканда Алымбек датканы колдон чыгарып алуу өлкөнү жакшылык күнгө алып келбесин айткан бектер датка менен ыркка келүү керектигин айтышты бир ооздон.
Ошко, андан ары Алайга жо­болоңдуу жортуул кылууну акылдашмакчы болуп отурган Мала хан нестейе түштү.
Көп өтпөй анын кырк элчиси Тогуз-Торо аркылуу Кара-Көөдөн ашып, Куртка чебине келишти.
Ордодон келген элчилерди Алымбек датка орго салдырып койду. Алардын ичинен бир адам «моюнумда даткага айтар аманат кебим бар» деп кыйкырып, жалбара бергенинен зындандан чыгартып алып сүйлөшсө, молла Алымкулдан тымызын келген адам экен.
«Эстүү жансыз, датка, ойлонуп багың. Битке өчөшүп жалгыз тонун ким отко салмакчы?! Бул өлкө баарыбыздын жонубуздагы жалгыз тонубуз. Битке өчөшүп тондун жакасын айрып, итке ыргытам дебей, датка, ыркка келиң. Сизди ыркка өлкөңүздүн эртеңки тагдыры чакырып отурат...» деп айттырыптыр.
«Абалкы да, азыркы да койгон талабым мейли, ошол туз урган Маланы ордодон кетиришсин» деп молла Алымкулдун адамына киши кошуп узаттырып, ошол эле күнү зындандагы элчилерди бүт кырдырып, Нарын дайрага таштаттырып жиберди.
Элчилердин кырылганын угуп, кайгыруунун ордуна чакчырыла кубанган Мала хан ошол эле күнү диван чогултту.
– Мына! Ал бейнысап Жангарач менен Жантайга кошу­луп, ыманын оруска сатып койгон десем болушпайт!..- деп буркан-шаркан түштү.
Эмне кылуу керек? Бул суроо кайрадан бектердин алдына коюлду.
Жыл ооп, 1862-жылдын 24-февралынын түнүндө Шатман кожо, Кыдырбек датка, Кудайна­зар түрк чала уйкуда толгонуп жаткан ханын ойгонгуча басышып, өз ордосунда, өз төшөгүндө думуктуруп өлтүрүп коюшат.
Койгон шарты аткарылган соң датканын аброю аркалык туугандарынын көзүнчө абдан көтөрүлдү. Эл дүрбөп, бири отун камына өтүп, жер оюп кемеге даярдап, бата тилээр өңдөнүп, көпчүлүк өргөө эшигине тирелип калышты.
Мурда эле дымагы аз болбогон Алымбек ансайын дөөлөтү артыкча, көзү тик. Ал эшикке акырын басып чыкты. Элди бир чаргып өткөн көзү ак боз бээге, тээ нарыда кар үстүнө жайылып ташталган ак кийизге түштү.
Эл кызыгып, зарыгып тургансыйт. Ошо кысталаң убакта керээт айымы келди көз алдына: «...Абайлаң, даткам... Бияктагы билермандарың эмне дейт?.. Мындай иште шашылуу – чала басуу, чалынуу...» «Зирегим ай...» деди өз дили. Тиги бээ кармап турганга карай ошол эле эрдин ачпаган калыбында акырын баш чайкап койду.
Түйшөлө түштү турган эл. «Йе... бол дегенде болуп албайбы?! Башына конуп турган бактысын өзү силкип ыргытканы эмеспи бу?!», «Сен экөөбүз эле ак кийизге салып көтөрүп койсок кан болуп калабы? Уюктуу журт бар тиякта!» деген күбүр-шыбыр уюлгуп-уюлгуп, тез басылып, ара дым боло түштү.
Ошол эле күнү эли-жерин сагынган Алымбек жолго чыкты.
Керээт айымы Алайдын бир көмүскө жеринде экен.
Алымбек датканын кебинен «өзүм хан болом» деген маанини туюп, Курманжан ойлоно түштү:
– Терекке чыгыш кыйын, түшүү андан кыйын, опурталдуу. Буга ордодо да бир ооз боло алышпайт го...
Бул максатынын арты жакшы болоруна да, жаман болоруна да кайыл болуп алган Алымбек:
– Ким көлдөлөң келмекчи?!- деди шар. – Бүрүшкөн Шатман кожобу? Ал кожонун биздин үй тиричилигибизге кийлигишишке не акысы болмокчу?! Ошол алдына тартылган биртке табакка топук кылып, жөн жүрсүн! Кудайназар аминби? Миң-Төбөдөгү төрт кыштак түрк тууганын баштап чыгып, кайсы кырды ашмакчы?! Койчу даткабы? Ал өзүмдүн карабагыш тууганым! Молла Алымкулбу?
Курманжан башын ийкеди:
– Бул жакта сиз барыңызда эле барктуу болуп алган эмес беле, азыр сиздин жогуңузда көп элге туу башы, экинин бири болуп калды. Ордодо анын алдыртан өкүмү болмоюнча колго аларлык түзүк иш бүтпөй калган Маланын көзү барында эле. Сизди караламан эл «качкын» дейт, ордо ичинде «саткын» дейт, а молла Алымкул «кайрымсыз ханды жыккан киши» болуп турган чагы.
Алымбек датка мекчейип ойлонуп отуруп калды. Ушул экен го ордо талашчу адам?! Он уул ичкилик, хан тагасы Кедейбай датка кошулуп демекчи, бүт сол бириккени калганбы?!
Кокон сепилинин кырынан күр­сүлдөтө замбирек аттырып, өзү Риштан дарбазасына чыгып, молла Алымкул Алымбек датканы салтанат менен тосуп алды.
Учурашуу шааниси бүтүп, экөө жалгыз калып, көзмө-көз сүй­лө­шүү башталганда кайра эле Миң тукумунан хан көтөрүүгө Алымбек датка каршы чыкты:
– Не кереги, не касиети бар, булардын?! Не отуруктан, не тоолуктан, не чөлдүктөн – үч тайпа журтубуздан көтөрүп алсак, ким кой демекчи?! Ээ-э, Нүзүп аталык болуп, не көйдү көрдү?! Мусулманкул миң башы болуп не тапты?! Өз тууганын өзү жыгып берип, ыя, Өтөмбай менен Нармамбет не болду?! Ушул Маланы көтөрмөлөйбүз деп акырында сиз экөөбүз не мүшкүлдү көрбөдүк, бек?!
Молла Алымкул көзүн үлү­рөй­түп, жүйөгө макул, каршы айтар кеби жок өңдөнүп, башын ийкегилеп тим отурду. Бирак арты өзүнө жамандыкка айланып кетиши ыктымал болгон өтө кооптуу окуяга кара башын сайып кирип, шарият да, салт да колдоп турган так эгесинин өзүн тындым кылып отуруп, акыры аягында «баркы бар» деп ушул көйрөң Алымбекке ийлеп-ийлеп итке салгандай кармата берип, өзү баягы эски бек тону менен шалпайып кала берер киши бекен?!

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Afina
2014-12-19 23:50:17
Откон сандарын таба албай жатам го
0
№ 632, 12-декабрь-18-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан