Бул жолу баары башкача болду. Жамгыр төгүп турган кез болчу. Сенин күлкүӊ, сөздөрүӊ адаттагыдан башкача, шаӊдуу сезилди. Жайнаган көздөрүӊдү көрүп “балким, бул ирет мага жаныӊда калууга мүмкүнчүлүк береттирсиӊ?” деген үмүт кылт этип турду. Сени көргөн сайын каным кызып, ичим өрттөнөт. Үнсүз басып бара жаттык...
– Кел, отуруп сүйлөшөбүз,- дедиӊ.
– Эмнеге мени жолугушууга чакырдыӊ? Сени көрбөгөнүм экөөбүзгө теӊ жакшы болорун билесиӊ го.
– Сен деле мени көргүӊ келип турбайбы, бирок моюнуӊа алгыӊ келбейт.
– Жок, андай эмес.
– Сен актрисасыӊ, мен адамдын психологиясын 5 жылдан бери бекеринен окуп жүрөмүнбү?
Сөздөрүӊ жүрөгүмдү тилип кетти. Мени кандай гана азаптарга салганды жакшы көрөсүӊ. Кааласаӊ шылдыӊдайсыӊ, күлөсүӊ. Менин колумдан эч нерсе келбейт. Анткенге акыӊ бар. Бир убакта мен да сенин жүрөгүӊдү оорутуп кеткем. Алчу өчүӊдү эч алып бүтпөй койдуӊ. 4 жылдан бери экөөбүз ары же бери боло албай койдук. Ушинтип жолугабыз, ортобузда эмне бар, аны такыр түшүнбөйм. Сен мага кимсиӊ? Мен сен үчүн маанилүүмүнбү?
– Айтчы, менден эмнени күтүп жатасыӊ? Канча ирет айтам, менин сүйлөшкөн кызым бар. Ага болгон мамилем олуттуу.
– Билем...
Башымды шылкыйтып гана жерди тиктеп турдум.
– Билсеӊ эмнеге мени кыйнай бересиӊ?! Бир убакта башканы тандап кеткен сен эмес белеӊ?!
– Анда мен жаш элем. Курбуларым сени башка менен жүрөт дешти...
– Анан сен мага эмес, аларга ишендиӊби?
– Ооба.
Шарт мени өзүӊө тартып алып, катуу кучактадыӊ. Демейде учурашканда колумду кармабаган сенин мындай кылыгыӊды кандай түшүнөрүмдү билбейм. Акырын жүзүмдөн сылап:
– Көзүмө карап туруп айтчы. Мен министрдин уулу болбосом же ашкан сулуу жигит болбосом, мени эмне кыласыӊ?- дедиӊ.
– Өзүм да билбейм, түшүндүрө албайм. Сага тартылам да турам. Болгону мага бир мүмкүнчүлүк берчи,- деп ыйлап жибердим.
– Кинодо роль аткаргандай болбой, чындап сүйлөшө аласыӊбы?
Көзүмө тиктеп туруп алдыӊ.
– Сенсиз жашай албайм, кантем? Сенин үй-бүлөӊө бүлө болгум келет. Кандай кыйынчылык болбосун жаныӊда колдоп тургум келет,-дедим ызалана.
– Сен кызсыӊбы?
Үстүмдөн бирөө муздак сууну куюп жибергендей селдейип туруп калдым.
– Түшүнбөдүм,- бозоруп кеткенимди караӊгы түндө байкаган да жоксуӊ.
– Айтам да, экөөбүз сүйлөшсөк көп болсо эки жолу алсыздыкка алдырып сени менен түн өткөрүшүм мүмкүн, анан болду.
– Мен кызмын, турмушка кыз бойдон чыгам, уктуӊбу?!
Шарт ордумдан тура бергенде кайрадан өзүӊө тартып алып бекем кучактадыӊ. Менде мынчалык эмне өчүӊ бар? Алсырап соолуп баратканым көздөрүмдөн көрүнбөй жатабы? Же мени ушинтип сынап жатасыӊбы, эч нерсеге түшүнбөйм.
– Чынын айтайынбы? Менин сүйлөшкөн кызым жок. Болгону сени кыйналбасын дейм. Сыягы, сен баары бир мени тынч койбойт окшойсуӊ...
Мага бул сөз майдай жакты. “Эми баары бир мендик болосуӊ” дедим ичимден.
– Мен кетейин, үшүп кеттим, суу да болуп калдым,- дедим.
– Жок, Айдай, сени мен мындай маанайда жибербейм,- деп жүзүмдү өзүӊө карай көтөргөнүӊдө өөп жиберчүдөй сезилдиӊ. Коркконумдан тыбырчылап:
– Макул, сени тынч коёюн. Жазсам жооп бербе. Чалсам да телефонуӊду алба, номериӊди алмаштырып жиберчи, суранам,- деп жибердим.
– Жо-ок, сени билем го, мага тынчтык бербейсиӊ,- деп жай гана жылмаясыӊ.
– Карачы, кандай гана татына кызсыӊ. Бир убакта ушул көздөр, ушул эриндер мага уйку берчү эмес. Ойлосом оюмду, уктасам түшүмдү ээлеп алган элеӊ.
Сөзүӊдү телефонуӊа келген коӊгуроо бузду. Бирөө менен жыргап эле сүйлөшүп жаттыӊ. “Макул, жарым саатта барып калам” дегениӊде жүрөгүм зырп эте, мына, жарым сааттан соӊ жашоомдун жарыгы дагы белгисиз убакытка өчөт дедим.
Сен мени ой-боюма койбой үйүмө жеткирдиӊ, кучагыӊа катуу кысып бараттыӊ. Үйүмө жакындаган сайын убакытты токтотуп, жаныӊда калгым келди. Жүрөгүм “кетпечи” деп эзилип жатты.
А сен эч нерсени сезген жоксуӊ.
Жаным, мен сени такыр түшүнбөйм. "Жолугалы" десем аралыкка карабай кыш болобу, жай болобу жетип келесиӊ. Ар жолуккан сайын “бул биздин акыркы
жолугуубуз” дейсиӊ. Бирок кайрадан эле жолугалы десем келе бересиӊ, ошол эле учурда “сенин мага керегиӊ жок” дейсиӊ.
Бул ирет дагы коштоштук. Билбейм, канча убакытка. Бирок ачуу сөздөрүӊ дагы үмүтүмдү өчүрө албады. Бардык социалдык тармактарда мен сенин «кара тизмеӊде» турам. Бул нерсеге көнүп деле бүткөм. Жарыгым, мен сени эч нерсеге карабай күтөм. Көрөсүӊ, биз бактылуу болобуз, ошондо мен кайра ушул гезитке бактылуумун деп кат жөнөтөм.
Айдай