НЕБЕРЕ ЖЫТЫНА МАС ЖЫЛДЫЗДАР

«Чолпондой жапжаш кыз элем, чоӊ эне болуп өзгөрдүм» деген ыр сабында айтылгандай, бир кезде сахна көркү болгон белгилүү инсандарыбыз чоӊ эне, чоӊ ата, таята, таене болуп отурат. «Баладан да небере ширин» деген сөздүн калп-чынын атактуулар айтып беришсин.

Алина Жетигенова: «ДҮЙНӨДӨ МЕНИН ГАНА НЕБЕРЕМ СУЛУУ»
– И-ий жаным десе, неберем Кудайым мага берген чо-оӊ белек да. Жан төрөлгөндө мен Москвада болчумун. Кудагыйым Түркияга кетиптир, өкүл апасы Кытайда экен. Анан кызым Азелди төрөт үйүнө жалаӊ эркектер – атасы, кайнатасы, өкүл атасы, күйөө балам алып барышыптыр. Анан менин Жаным төрөлүптүр. Эртеси эртеӊ менен саат 7де кудам сүйүнчүлөп чалып жатпайбы. Бөлмөдө жалгыз болчумун, сүйүнгөнүмдөн бир жерде отура албай, ары-бери басам десеӊ. Ошентип эртеси учуп келип түз эле небереме бардым. Эринбей күнүгө барам. «Дүйнөдө меникинен өткөн сулуу небере жок» десем, «ой да» деп сиӊдим Назира чычалап калат. Бийчилердин үй-бүлөсүндө төрөлгөндүктөнбү, укмуш бийлейт. Сахнага алып чыксаӊ бир номерди толугу менен аткарып бере алат. Азел андан кийин кыз төрөдү, ал кызы супсулуу, бирок Жанга жетпейт. Сүйүктүү неберемди «Зоник» деп эркелетип коём. Үйгө келсе атайын эт кайнатып, гүлчөтай, беш бармак, шорпо жасап берем. Көзүбүзгө кадимкидей толуп калгандай көрүнөт. Үйүнө кетсе эле арыктап кетет, кудагыйларым таарынбасын, мага чын эле ошондой сезилет. Алар көп кабаттуу үйдө тургандыктан «үйүбүз кенен» деп алып келип алабыз да, азыр күн суук болуп көп келбей калды. Неберемди алып сейил бактарга, эс алуучу жайларга барып жашарып, жыргап келем. Балдарымдын мынчалык таттуулугун билбептирмин. Өзүм жиптен кийимдерди токучумун. Неберем төрөлгөндөн бери байпагынан баштап топусуна чейин токуп берем. Тиши чыгып келе жатканда эки тиши бар мамалактын сүрөтүн түшүрүп чыптама токуп бергем. Жаӊы жылда берем деп Жан деген жазуусу бар комбинезон токуп койдум. Кудагыйларым «Азиздин баласы төрөлсө Жанды карабай деле каласыӊ, өзүӊдүн небереӊ жээн небереден да ширин болот» дешет.


Бек Борбиев: «НЕБЕРЕМЕ АТ, САМОЛЁТ БОЛУП БЕРЕМ»
– Алгач таята болгонумда башкача сезимдер болуп толкундангам. Бирок кызым Айдай менен күйөө балам Францияда болчу. Бул жакта эле кудаларым менен небере жууганбыз. Анан «бардык эле неберелерибиз Францияда төрөлө бербейт да» деп ал жактагы эӊ белгилүү Жозефина деген ысым ыйгардык. Андан кийинки небереме да кудалар менен кеӊешип, Хадижа деп койдук. Жози неберем Франциядан келгенде 2 жашта болчу. Француз, орус тилинде сүйлөчү. Жакшы көрүп барып кучактайын десем, «стоп» деп колу менен тосуп койчу. Азыр көнүп калды, экөөбүз көп ойнойбуз. Моюнума асылат, ага ат болуп үстүмө мингизип алам. Кээде бутума отургузуп, самолёт болуп ойнойбуз. Кыскасы, неберем келсе үй толуп, өзүнчө эле майрам болуп калат. Мүнөзү апасынын эле өзү, күбө болдуӊар го, сүрөткө да араӊ түшүрдүк. Кызым да кичинесинде ушундай болчу. Конокко барсак үйгө кирбей койчу. Апасы «нельзя» деген сөздү көп айтат окшойт, бетинен өбөйүн десем эле «нельзя» деп калат. Улуу балдарым да кызганып, «Жозини жакшы көрөсүз, ал эмне десе ошону сатып бересиз, көп эркелетесиз. Бизге да ушундай көӊүл бөлчү белеӊиз?» деп калышат. Буюрса, Жаӊы жылда небереме өзү каалаган оюнчук белек кылсамбы деп турам.

Рахман Разыков: «НЕБЕРЕЛЕРИМДИ КАРАП КАРТАЙГАНЫМДЫ СЕЗЕМ»
– Менин 10 неберем бар. Арасынан чоӊ уулумдун баласы Шамшарбек мага жакын.Ооба, небере деген ушунчалык ширин болот экен. Анын кылык-жоругун жакшылап карасаӊ, өзүӊдү көрөсүӊ. "Бала уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат" деген чын экен. Неберелерим моюнума асылса жытына мас болуп, жыргап кетем. Бирок ошол небере сенин картайганыӊды сездирип турат. Өткөндө айылга барып маараке кылып небереме «аксакалдарды чакырып кел» десем, айылда аксакалдар жок экен. Көрсө, аксакал биз экенбиз да. 60ка чыгып алып өзүмдү жаш сезип, неберелериме аксакал издетип жүрүптүрмүн да. Ошондон улам бир ыр жаралды эле, төрт сабын айтып берейин.
Жашым турат алтымышка таянып,
Тиштер түшүп, кара чачым агарып.
Мен өзүмдү чоӊ атамын дей албай,
Күндө жүрөм күзгүгө бир каранып.
Үйгө көп токтобогондуктан неберелеримдин чоӊойгонун деле байкабай калам. Төрөлгөндө бир көрсөм, экинчи барганымда "чоӊ ата" деп калышат. Ошондуктан Жаӊы жылда неберелериме барып моокумум канганча жыттап ойногонум эле аларга чоӊ белек деп ойлойм.


Жамиля Муратова: «НЕБЕРЕМДИ МАГА ОКШОШ ДЕСЕ, КУБАНГАНЫМДАН ЭСИМДИ ЖЫЯ АЛБАЙ КАЛАМ»
– Чындыгында эле небере абдан таттуу болот экен. Албетте, өз уулум Адилетке болгон энелик мамилем өзгөчө. «Ушул ширин наристе менин уулумдуку» деп андан эки эсе жакшы көрүү болот тура. Мага чыгармачылык карьерама көбүрөөк убакытты бөлүп, Адилетимдин кантип тез чоӊоюп калганын байкабай калгандай сезилет. Ошондуктан эми неберем Алимхандын ар бир жаӊылыктарына эзилип, эч нерсесин байкабай көрбөй калбай, аманчылыгын тилеп отурам. Алимхан кичине экендигине карабай абдан зээндүү, акылдуу бала, музыкага абдан жакын. Бир карасам мага да окшошуп кетет. Өзүмдүн апам чөбөрөсүн карап отуруп айтып калат. «Кылыктары дал эле Жамкеникиндей» дегенинде мен кубанганымдан ого бетер эсимди жыя албай калам. Жаӊы жылга небереме кийим, оюнчук белек кылам.


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Небере жытына мас жылдыздар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
SweetLady
2014-12-22 11:54:24
Алина Жетигенованын небереси менен тушкон суроту жок бекен?
+2
Aksy-13
2014-12-23 18:56:06
Уйундо эмес экенда.
0
Positive
2014-12-23 23:27:02
Алина Жетигенованын озунун суроту кантет ай? Кичине жабыгыраак кийсе болмок
+1
adiletik
2014-12-24 14:31:23
Салам Бек байке мен сизди аябай сыйлачу элем Бакиевдин тойунда ырдап келди дегенде жаман болдум. Ал сиздин жеке жашоонуз болгону менен биз Кыргызбызда. Кыргыздын канчалаган балдарын атып ооо дуйного узатты. Ошонун баарын коруп билип туруп,барып ырдаптырсыз. Сизде кымындайда намыс жокпу же баары бирби?Ошол балдардын арбагын сыйласаныз барбайт болчусуз,ошол эл колдогон учун Эл ырчысы болуп журосузда,аны унутпаныз!
0
mira1960
2014-12-25 02:10:46
Алина Жетигенованын небереси менен тушкон суроту кантип жок болсун,,,,,просто супер инфо табалбаса керкек.Ал эми койногу эн сонун булар жылдыздар да.Россияда жылдыздар кандай кийинбесин колдоп турушат.Ал эми биздечи сындап кана турат "коралбастык".Динара,Алина,Бек,Сыймык мага аябай жагат-супер!
0
Samara.ASMO
2014-12-25 15:16:34
Бардыныздарга чыгармачылык ийгилик жана уй булоолук бакыт каалайм. Небере жытын жыттап журобериниздер.
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан