Жакында Ош облусунун Өзгөн районунда жүрөктүн үшүн алган окуя катталды. Аталган райондун 65 жаштагы тургуну 36 жана 22 жаштагы балдары менен секелек кызды 2 жыл бою коркутуп, зордуктап жүрүшкөнү белгилүү болду.
ЖАБЫРЛАНУУЧУ АСЫЛЫП ӨЛҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя төмөндөгүчө болгон: Көр тириликтин айынан 10 жаштагы Самаранын (белгилүү себептерден улам каармандын аты өзгөртүлдү) атасы менен апасы ажырашып кетет. 2009-жылдын аягында Самараны апасы өзүнүн тууганы Раимжан аттуу адамга «карап тургула» деп таштап, Казакстанга жумуш издеп жөнөйт. Раимжандын кошуналарынын айтуусунда, Самара бул үй-бүлөдөн көп таяк жечү.
2011-жылы Самара теӊдүүлөр 6-класста окуп жатканда ал болгону 2-класста окуган. Сабакты көп калтыргандыктан айыл башчысы жана социалдык кызматкерлер кызды издеп, кошуна жайгашкан үйдүн чатырында жаткан жеринен табышкан. Кыз ошондо комиссия мүчөлөрүнө «асылып өлөм» деп айткан. Себебин ал Раимжандын үйүнөн дайыма токмоктолуп жатканы менен түшүндүргөн. Айыл өкмөт кызды интернатка өткөрүп берүү чечимин чыгарганда Самараны апасы "өзүм тарбиялап алам" деп экинчи үй-бүлөсүнө алып кеткен. Бирок өгөй атасы кабыл албай койгондуктан, кыз өзүнүн чоӊ апасынын колуна барган. Самаранын атасы Өзгөн базарында араба түртүп иштейт. Кызы атасына зордукталгандыгы туурасында жакында гана айткан. Аны уккан атасы ушул жылдын 8-декабрында Өзгөн РИИБине арыз менен кайрылган.
«ДАГЫ АЙТСАӉ КӨРӨСҮӉ»
Самаранын укук коргоо кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө үй ээсинин жубайына «жолдошуӊуз, балдарыӊыз мени зордуктады» деп айтканын, ал жардам бергендин ордуна кайра депкирди отко кызытып, жыныстык мүчөсүнө басып, «дагы айтчу болсоӊ, ушуну көрөсүӊ» дегенин билдирген. «Раимжандын жубайынын бул кылмышы иликтенип жатат, аныгына чыксак, ага да кылмыш иши козголот» дешет укук коргоочулар. Ал эми Самара өзү төмөнкүлөрдү айтып берген:
– 2010-жылдын жаз айларында элдер жайлоого көчүп кетип жаткан мезгилде Усу (Раимжандын кичүү уулу) мас абалында келип, кыйнап зордуктап салды. Өзүмдү билбей калыптырмын, ойгонсом төшөктөр кан болуп калган экен. Эки күн ордумдан тура албай жаттым. Бир апта өтпөй Раимжан таяке өзү мас болуп келди. Үйдө эч ким жок эле. Мен уктап жаткан жерге кирип, качып-кыйкырганыма карабай сабап кирди. Эсимди жоготуп коюптурмун. Эртеси ойгонсом жылаӊач жаткан экем. Эмне болгонун түшүнбөйм, корктум, бирөөгө айтуудан да уялдым. Кийин улуу баласы Мики байке жайлоодон келди. Ал да мас экен. Үйдө жалгыз болчумун. Эшикти кулпулап, мага жакындай баштады. Көз алдыма мурунку окуялар элестеп, коркконумдан кыйкырып, бөлмөнүн ичинде качып жүрдүм. Белиндеги курун чечип, анын темир тарабы менен уруп кирди. Ал да зордуктап туруп жайлоого кетип калды. Эки күндөн кийин келип, «эч кимге айтпагын, айтсаӊ таяк жейсиӊ» деп дагы сабады.
КЫЛМЫШТАРЫН МОЮНДАРЫНА АЛЫШКАН
Тергөө учурунда кылмышка шектүү Усу кайсы жерде зордуктаганын, кандай жагдайда болгонун толук көрсөтүп, андан бир апта өткөндөн кийин дагы жыныстык катнаш жасагандыгын айтса, ал эми Мики «мас болчумун, кандайча болуп кеткенин билбей калдым» деген көрсөтмө берген. Ал эми булардын атасы Раимжан «Шайтан азгырып ушундай болуп калды. Мен болгону кыздын чурайына эле тийгем» деп билдирген.
Мындай кылмышка барган үй-бүлөнүн жашоо абалы кызыктырбай койбойт. Иликтөөдө кичүү уулу Усу такыр билим албай, айылда жумушсуз жүргөн, ал эми Мики 9-класска чейин гана окуган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Бардык үй-бүлө 2 бөлмөлүү, пол кагылбаган үйдө жашашат. Элдин малын багышат. Ал эми жабырлануучу Самара учурда чоӊ апасынын колунда тарбияланып, Өзгөн районунун мектептеринин биринде 9-класста билим алууда.
«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН ЗОРДУКТАЛГАНЫ АНЫКТАЛДЫ»
Ош облустук ИИБинин басма сөз кызматкери Жеӊишбек Аширбаев буларга токтолду:
– 2014-жылдын 8-декабрь күнү Өзгөн районунун жашоочусу, 47 жаштагы Т.К. аттуу жаран Өзгөн
РИИБине арыз менен кайрылган. Ал 2010-жылдын жаз айларында 2000-жылы төрөлгөн, ошол убакта 10 жашта болгон кызын таякеси Раимжан, анын Усу жана Мики аттуу балдары менен зордуктап, жыныстык катнаш жасагандыгы тууралуу билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129 (зордуктоо), 111 (кыйноо) жана 161-беренелеринин (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголуп, 1949-жылы туулган А.Раимжан, уулдары 1978-жылы туулган Р.А. 1992-жылы туулган М.А. кылмышка шектүү катары кармалышып, Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабыр тарткан кыздын зордукталганы аныкталган. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg