Азыр эки адамдын башы бириксе бизнес ачып, олчойгон пайда табуу жөнүндө кеп салышат. Айрымдары ишкерликти жаӊылыш нерседен баштап, максатына жетпей, ара жолдо мүдүрүлүп кала беришет. Ишкерликти кайсы тармактан баштоону ойлонуп жатсаӊыз, сиздин сурооӊузга Башкаруу боюнча кеӊешчилер институтунун аткаруучу директору Азамат Аттокуров жооп берет.
«КАНДАЙ БИЗНЕС АЧСАМ ПАЙДАЛУУ?»
– Шаар, айылдарда ишкерлердин баарынын иши окшош. Дегеним, бардыгы соода. Атаандаштык күч алган. Суроо-талап аз. Азыр мындан башка жаӊы кандай бизнестерди баштоого болот?
Айгерим, Жалал-Абад облусу
– Эӊ башкысы, «кайсы базарда иштесем болот?» деп ойлонушубуз зарыл. Экспорттобу же импорттобу? Тейлөө-сатуудабы же өндүрүштөбү? Өндүрүштө таза пайда көбүрөөк болгону менен тобокелчилик дагы жогору. Азыркы учурда Орусияга каршы санкциялардын күчөшүн көрүп жатабыз. Польшадан жана Украинадан ташылуучу алмалар Орусиянын базарына кирбей калды. Ошон үчүн ал жактын базарына алма жана башка мөмө-жемиштерди экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мисал келтирсек, кээ бир ишкерлер алманы эрте күздө чогултуп, Бишкектин четиндеги Александровка айылындагы муздаткычтарда сактап, жаз алды менен Орусияга, Казакстанга экспортко чыгарышат.
«БИЗНЕС БАШТОО ҮЧҮН ЮРИДИКАЛЫК КАТТООДОН ӨТҮШҮМ КЕРЕКПИ?»
– Ишкерликти баштоо үчүн эмне кылуу керек? Юридикалык каттоодон өтүшүм керекпи же чакан бизнес үчүн каттоонун мааниси жокпу?
Ырыс, Ош шаары
– Юридикалык жактан туура бизнес баштайм десеӊиз, жеке ишкер катары катталып же болбосо патент алып ишти башташ эӊ эле оӊой. Патенттин ээси ай сайын чектелүү салык төлөйт, ал эми катталган ишкер бир айлык кирешесинин орто эсеп менен 6 пайызын төлөйт. Чакан ишканага жоопкерчилиги чектелген коом ачуу зарыл эмес. Эӊ башкысы, жакшы бизнес баштоо үчүн идея жана алдыга максат коё билүү керек.
«КАЙСЫ ЖАШЫЛЧА, ЖЕР-ЖЕМИШТЕРДИ ӨСТҮРСӨМ ПАЙДАЛУУ БОЛОТ?»
– Кыргызстан агрардык өлкө. Бирок дыйканчылык менен мал өстүрүү жеткиликтүү деӊгээлде эмес. Мен ушул жаатта ишкерлик кылууну ойлонуп жатам. Бирок кайсы жашылча, жер-жемиштерди өстүрүп, кайсы малды көбөйтсөм суроо-талап жогору болорун билбейм, кеӊеш берип коёсузбу?
Жаныбек, Чүй облусу
– Мал багуу – бул эӊ жакшы бизнес, Бажы биримдиги жакындаган сайын бодо мал өстүрүү кирешелүү болот. Бирок ошол эле маалда малга керектүү болгон чөптү унутпаш керек. Ал дагы кымбаттайт. Жылдан жылга суу маселеси кыйын болуп жатпайбы, ошол себептен бедени жана эспарцет чөбүн өстүрүп, мал үчүн тоют катары сатуу кирешелүү бизнес болот.
«ИШКЕРЛИГИМДИ КЕӉЕЙТЕ АЛБАЙ КЕЛЕМ...»
– Чакан чарбам бар. Аны өнүктүрө албай убарамын. Бизнести улап, чоӊойтуп кетүү үчүн эмне керек?
Кайым, Талас облусу
– Сиздин чарбаӊыз кандай экенин билүү зарыл. Базардагы болгон суроо-талапты жакшылап аныктоо менен элге эмне керек, эмне жетишпейт жана алар эмнеге акча жумшоого даяр экенин билүү абзел. Базардын көлөмүн эсептөө керектелет. Сиз чарбаӊызда өндүрүп чыккан товарга кардар жокко эсе болушу мүмкүн.
«БИШКЕКТЕ КАЙСЫ БИЗНЕСТИ АЧУУ НАТЫЙЖАЛУУ?»
– Бишкек шаарында 100 000 миӊ сом менен бизнес баштап кетүү мүмкүнбү? Эгер болсо кайсы бизнестен башташым керек?
Жылдыз, Бишкек шаары
– Бул суроого так жооп берүү кыйын, себеби адамдын кесиптик чеберлиги, жан дили кайсы бизнеске төп келсе, ошол бизнести башташ керек.
Мисал катары айта кетсем, Бишкектин кичи райондорунда эт дүкөндөрү жетишпейт. Ошондой эле Бишкектин чеке белинен жерди ижарага алып, күнөсканаларды (теплица) курса болот. Эмне өстүрсөк деген суроо туулат. Изилдеп көрсөк, шаарда жашылча чөптөрдүн кымбат түрлөрү жетишпейт экен. Мисалы, ромэн, айсберг (салат жалбырагы), райкан, жалбыз, руккола деген сыяктуу чөптөрдү биздин кафе, ресторан, тойканалар Алматы шаарынан алып келишет. Алматыга аталган чөптөр Израиль мамлекетинен алынып келинет экен. Бул чөптөрдүн орточо баасы жайында 1 килограмм үчүн 1000 сом, кышында 1500 сомдон ашык болот. Чөптөрдү жерге эмес, челектерге суу түтүктөрүн туташтырып, суунун ичинде күрүч өстүргөндөй өстүрүшөт. Ошондой эле козу карындын шампиньон деген түрү, андан сырткары малина дагы жетишсиз.
«ИШКЕРЛИККЕ БАЙЛАНЫШТУУ КУРСТАР БАРБЫ?»
– Ишкерликке байланыштуу курстар жокко эсе. Ишкерлик боюнча кеп-кеӊешти кайдан алсак болот? Мисалы, Бажы биримдигине киргенден кийин кандай продукцияга суроо-талап жогору болот? Ушул сыяктуу кеӊештерди алдын ала айтып бере аласызбы?
Жаркын, Бишкек шаары
– Бизнеске үйрөтүү боюнча атайын институттар бар. Бажы биримдигине кирсек, анда, эӊ биринчиден, биздин айыл чарба азыктарына болгон суроо-талап жогорулайт. Төмөнкү товарларга болгон талаптын жогорулашы күтүлөт:
1. Эӊ негизгиси, алма, кактын түрлөрү, жаӊгак жана башка мөмөлөр
2. Эт, балык жана сүт азыктары
3. Тоют чөп
4. Жашылча чөптүн түрлөрү
5. Дагы деле болсо жеӊил өнөр жайдын продукциясы. Бирок сапатты жогорулатышыбыз керек.
«АЙЫЛДА АЗ АКЧА МЕНЕН КАНДАЙ БИЗНЕС БАШТАСАМ БОЛОТ?»
– Айыл жергесинде жашайм. Бирди эки кыла албай убарамын. Айылда аз акча менен кандай бизнес кылса болот?
Нурмат, Аксы району
– Жогоруда айтып кеткендей, азыр күнөскана (теплица) куруу абдан эле кирешелүү, бирок мээнети да ошончолук. Аксыда суу жетишсиз болгондуктан суу чыгаруучу машинаны сатып алып же жалдап, элге ичкенге суу чыгарып берүү кирешелүү деп ойлойм. Ошондой эле элдин багына тамчылатып сугаруу системин орнотуп берүү пайдалуу болот. Мындан сырткары өзүӊүз билгендей, Аксыда кара өрүктү кургатып сатуу кирешелүү.
Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg